«Ата-Журт», соцдемократтар жана «республикачылардан» турган коалициянын кыйладан бери бычактын мизинде кылтылдап турганы, үчтүктөр союзунун жакын күндөрү тарап кетиши мүмкүн экендиги жөнүндөгү кептер ишке ашпай таш капкан сыяктанат.
КОРКУНУЧ АРТТА КАЛГАНДАЙ
Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин «Ар-намыс» партиясынын 10 депутаты колдоо көргөзүп чыкканга дейре өкмөт оор кыйынчылыктарды көрдү. Ар кандай коррупциялык жана криминалдык топтордун ачык, тымызын чагымын баштан кечирүүгө туура келди. Криминалдын өкүлдөрү парламентте бар экени жашыруун эмес» деген билдирүүсүнөн кийин башкаруучу альянстын ыдырап тарап кетүү коркунучу артта калгандай сезилет.
Атамбаевдин пикирине караганда, «Ар-намыс» фракциясынын көпчүлүктүн коалициясына кошулуу жөнүндөгү Феликс Куловдун сунушуна каршы эместиги, тескерисинче, кубаттоо менен кабылдаары ачык болду. Мындан сырткары парламенттик шайлоодо биринчи орунга татыган «Ата Журт» фракциясынын 11-апрелдеги жабык эшик артында өткөн жыйынында узакка созулган талаш-тартыштан кийин партия көпчүлүктүн коалициясынын курамында калуу чечимине келгени кабарланды. Айткандай эле Камчыбек Ташиев баштаган «Ата Журттун» тобунун альянсты таштап чыгып кетүү опузалары кан буугандай токтогонуна караганда, коалициянын тарап кетүү коркунучуна чекит коюлганын көрүүгө болот.
“АТА МЕКЕНДИН” ЗОБОЛОСУ АРТАБЫ?
Эгер «Ар-намыс» фракциясы үчтүктөр союзуна кошулса, анда парламенттик коалиция абсолюттук көпчүлүккө ээ болуп, төрттүктүн кебелбес биримдиги түзүлөт. Ошону менен өлкөдө өкмөт эбактан эңсеп келген саясий стабилдүүлүк орнойт. Тилекке каршы, туруктуу коалиция орнойт деп айтууга эч кандай негиз жок. Себеп дегенде бийликтин башындагы каолиция саясий жактан бекемделгени менен, экономикадагы кырдаал кыйла кыйын экендигин эстен чыгарбоо лазым. Саясат экономиканын платформасында жайгашып, экономиканын ал-жайына көз каранды экендиги анык. Өлкөнүн экономикасы терең кризиске дуушар болгону жашыруун деле болбой калбадыбы. Калктын калың катмары жакыр, массалык жумушсуздук белден басып, чиновниктердин арасындагы коррупциянын коолап-чайлап өскөнү, чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын соолушу, тамак-аш таңсыктыгы, бийликтин моюнунда турган социалдык кепилдиктери аткарылбай жатышы сыяктуу толгон-токой маселелердин чети оюлбай, башы ачылбай жатышы коалиция түзгөн аткаруу бийлигине карата ишенимдин төмөндөшүн шарттады.
Ошондуктан коалицияны козголбос болуп бекемделди деп айтуу эртелик кылар эле. Мындай шартта көпчүлүктүн альянсына караганда парламенттик азчылыкты түзүп оппозицияда жалгыз калган (келечекте жалгыз кала турган) «Ата Мекен» фракциясынын позициясы кыйла бекем, кыйла артык болуп чыгары талашсыз. Өлкөнүн Конституциясы боюнча парламенттик оппозициянын колунда бийликтин таасирдүү рычагы бар. Атап айтсак, вице-спикердин бирин дайындоо, парламенттик тартип жана бюджет комитетин көзөмөлдөө, эсеп палатасынын, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана сотторду тандоо кеңешин түзүүдөгү ролу ченемсиз. Оппозиция конституциялык укугун саясий атаандаштык күрөштө бийликтин кемчиликтерин көргөзүп, сынга алуу үчүн пайдаланары турган кеп. Эгер мезгил өткөн сайын көпчүлүк коалициясына караганда оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын эл ичинде зоболосу өсүп, рейтинги жогорулай турган болсо, ага таң калуунун деле кажети жок.
Үсөн Касыбеков
politika@super.kg