Балдар, силер көптөн күткөн “Жаш сүрөтчү” сынагы жыйынтыкталчу күн да келди. 27-майда Балдар күнүнө карата өткөрүлүп келаткан сынактын жыйынтыгы чыкмакчы. Бир жыл ичинде гезит бетине сүрөтү чыккан балакайлардын баары финалдык сынакка катышса болот. Алыскы аймактардан келген конокторубуз да майрамды досторунун алдында көңүлдүү жана унутулгус кылып өткөрүшүнө кам көрөбүз. Анда эмесе, эртерээк борборду карай жол тарта баштагыла!
Сынактын эрежесине ылайык, жаш таланттар асфальтка сүрөт тартышат. Сүрөттөр калыстар тобу аркылуу бааланып, жеңүүчүлөр аныкталат.
Алдыңкы 3 орунга татыктуу чоң сыйлык жана катышуучулардын баарына бекер балмуздак таратылып, эстеликке белектер берилет. Ошону менен гана тим болбостон, жаш сүрөтчүлөрдүн көңүлүн белгилүү ырчылар, жакшы көргөн мультфильм каармандары жана маскарапоздор көтөрүшөт.
Сынак сүрөт тартуу менен гана чектелбей, кызыктуу оюн-зооктор менен да коштолорун эскертебиз!
Урматтуу ата-энелер, келгиле, бөбөктөргө унутулгус майрам тартуулайлы!
27-май, Бишкек шаары, Т.Абдымомунов көчөсү
Раззаков көчөсү менен "Эркиндик" гүлбагынын ортосунда. (Эски аянт)
Байланыш телефону: (0312) 323326
Башталышы 11:00дө.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg