ШАРЛИЗ ТЕРОН

Туулган күнү – 7-август, 1975-жыл
Туулган жери – Бенони, Түштүк Африка
Алгачкы тасмасы – “Жүгөрүнүн балдары” (1995)
Акыркы тасмасы – “Шайтан дөңгөлөк” (2007)
Эң чоң сыйлыгы – 2004- жылдагы “Оскар” (“Желмогуз”)
Эң баалуу ролу – “Иен Флакс” (2005). Гонорары – 10 миллион доллар

Актрисанын ата-энеси мал-чарба менен жан баккан кишилер эле. Өмүр бою уй саап өткөндөн коркуп, 6 жашында бийге бара баштаган Шарлиз балетке чындап кызыга баштайт. 16 жашында апасынын кеңеши менен жаш моделдердин сынагына катышып, жеңүүчү болуп чыгат. Аны эң сулуу моделдерге кошуп, Италияга алып кетишет. Бирок, өзүнүн жөн гана куурчак кыз эмес экенин далилдеш үчүн кайрадан балетке кайтып келет. Тилекке каршы, татаал көнүгүүнү аткаруу учурунда тизесин сындырып алып, балалык кыялы менен кош айтышууга туура келген. Өз бактысын Шарлиз Голливудка барып издемей болот.
Бир күнү актриса банкка барып, ага акча берүүдөн баш тарткан кызматкерге чоң жаңжал салган экен. Чатакташып жаткан жаш кызды жаңы таланттарды издеп жүргөн агент байкап калат. Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок Шарлиздин актёрлукка макул болуудан башка чарасы жок эле.
Африкалык акценти үчүн жаш актрисага алгач сөзү аз кичинекей ролдорду беришчү. Анын эң биринчи ролу “Жүгөрүнүн балдары” тасмасындагы бир нече секунддук эпизоддогу роль эле.
Анык атактуулукка жакындаганын Шарлиз “Азезилдин адвокаты” аттуу киного тандалганда сезе баштаган. Себеби, титрде анын аты Аль Пачино жана Киану Ривздин аттары менен катар жазылган.
Кийинки ийгиликтүү кадамы – 1999-жылдагы “Шарап жасоонун эрежелери” тасмасы. Бул фильм жылдын жети “Оскарын” алууга жетишкен.
Дайыма экинчи ролдорду аткарып жүрүп, Шарлиз атактуулуктун тепкичинен бир кыйла көтөрүлөт. “Чакырым” фильминде баңги кыздын, “Ширин ноябрда” айыккыс дарт менен ооруган кыздын образдарын мыкты жаратып, таанымал актрисалардын катарын толуктай баштайт.
Шарлиз Теронду көрө албагандар анын ийгилигинин себеби чырайлуу келбети гана экенин айтып чыгышкан. Сулуу эле эмес, таланттуу экенин өзүнө жана бүткүл дүйнөгө далилдеп, “Желмогуз” тасмасында журт алдына такыр башка кейип менен келген. (Кинонун сюжети Шарлиздин башынан өткөн окуясына окшош. Актриса 15 жашында анын апасы аракеч күйөөсүн атып өлтүргөн да, бул коргонуу деп табылып, акталып чыккан). Ошондо мурунку модель, балеринаны эч ким тааный алган жок. Эркектерди жек көргөн маньяк аял тууралуу чыныгы окуяны камтыган фильмге тартылуу үчүн Шарлиз 13 килограммга семирип, гримдин жардамы менен сүрүн болушунча бузууга чыгынган. Ички дүйнөсү таза, ак пейил актриса ташбоор желмогуздун образын жарата алгандыгы үчүн “Оскарга” ээ болгон. Бул сыйлыгы менен Түштүк Африканын президенти Шарлизди жеке куттуктаган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 257, 5-11-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан