(Башы өткөн сандарыбызда)
Бермет бат-баттан телефон чалып турду. Ширинбекке андан артык бул дүйнөдө бакыт жок болчу. Ошондой бактылуу күндөрдүн биринде Бермет:
– Адилет, сен айткан окууну тандадым, өтүш оңой эле экен. Документтерди тапшырып, айылга кетем. Сентябрда келсем уюлдук телефон алам, анан кенен сүйлөшүп турабыз,- деп калды.
– Беш жыл окуйсуңбу анан?
– Ооба.
– Ага чейин үйлөнөбүз да. Сырттан окуган бөлүмү бар бекен?
– Ооба, бар экен. Мен да ошону ойлондум. Мени аласыңбы өзү? Же ал жактан башканы таап алдыңбы?
– Койсоң. Сага гана үйлөнөм да. Сени аябай сагындым!
– Мен да сени менен гана турмушумду элестете алам. Сагынганымды сураба. Жанымда ар дайым сүрөтүң. Айылыбыз болсо тынч. Классташтардын көбү шаарга келе берген. Карындаштарың жакшы жүрүшөт. Үйгө Бурулай тез-тез келип турат. Баса, апаң үйүңөрдүн тушуна чоң дүкөн салдырып баштады го. Сага айттыбы?
– Жок... Мага айта элек.
– Билбейм. Чоң дүкөн болот экен.
Экөө бир топко баарлашты. Ширинбек апасынын дүкөн салдырып жатканын угуп, аябай таң калып койду. Кийинчерээк апасы телефон чалып калганда дүкөндү эмнеге салдырып жатканын сурады.
– Атаң акча салып жатат. Ошого салдырып жатам. Ар түркүн товар сатыла турган чоң дүкөн болот.
– Апа, жаңы үй алабыз да, башка жерге салдырбайт белеңиз.
– Ошол жер оң. Эл көп өтөт. Айыл өкмөтүнөн уруксат алдым,- деди апасы кубана.
Апасынын өз алдынча кылып жаткан ишине ыраазы болуп коштошту.
Күндөр өтүп, күз да келди. Күн салкындап, жаан тез-тезден жаап жатты. Ширинбек бул жерге көнүп калганын байкады. Чогуу иштегендер менен бир туугандай ымалада болуп, керек болсо акыркы акчасын да бергенге даяр. Анын мындай сапатын бул жердегилер байкап, ого бетер сыйлап калышкан эле. Айрымдар болсо “ушу кичине балача жокпузбу?” деп арданып, ич күйдүлүк кылып жиберишчү. Бир күнү смен аяктап, пилораманы тазалап жатышкан. Алардан кийинки сменде иштеген өзбек балдардын бригадасы келди. Алардын ичинен Рамис аттуу жигит келип Элмырзага кайрылып калды.
– Балдар, карагайды тербей кырккылачы. Силер чоңдорун тандап кыркып, бизге бүт майдасын калтырып жатасыңар.
– Өзүбүз билебиз, кандай кыркышты. Үйрөтпөгүлө!- деп Дима сөзгө аралашты.
– Дима, коё тур,- деди Элмырза тиги балдарга кайрылып:
– Мейли, балдар! Биз тергенди токтотобуз. Силер бизди Ахмедге жамандаганды токтоткула. Сүйлөштүкпү?
Экөө кол алышып макулдашышты. Үчөө үй тарапты көздөй жөнөштү. Элмырза Димага карай:
– Эй, булар сенин тууганың го. Сен дагы Өзбекстандан келбедиң беле.
– Ээй, кайдагы тууган? Булар адам эмес. Нечен жолу көптөп сабашты мени. Ширеткич чал кошулуп өтүгү менен бетиме тепти. Данияр менен Самат болушуп, анан тийишпей калышты. Самат мен үчүн баары менен жекеме жеке мушташып чыкканы эсимден таптакыр кетпейт.
Ушинткен Дима үйүн көздөй жөнөдү. Ширинбек акесин карап:
– Өзбектер карагай тере алышпайбы?
– Биз 6 адам болуп жыгабыз го. Алар үчөө эле да.
Үйгө келип, эс алып жатып калышты. Эртең менен саат ондор чамасында Дима үйгө кирип келди. Кирери менен:
– Балдар, пилорамада концерт болду, азыр эле. Көрбөй калдыңар да...
– Эмне болду?
– Кечээки өзбек балдар эртең менен Ахмедге киришиптир, “кыргыздар карагай терип, иштетпей жатышат” деп. Кыскасы, силерди дагы жамандап...
– Анан эмне болду? Кана концерт?- деп Самат шаштырып калды.
– Шашпасаң. Мен сарайга эшик жасап алайын деп пилорамага баргам. Өзбектер Ахмедге кирип кетишкен. Көп өтпөй баарын сүйрөп чыгып сабады. “Эркексиңерби? Ошону өзүңөр чечишип албайсыңарбы! Кайра-кайра аялдардай болуп келе бересиңерби” деп кыйкырып, өлө сабады.
Дима ушинтип айтып алып чыгып кетти. Эртеси бош убактарында токой аралап сейилдеп жүрүп, өзбек балдар жашаган үйгө келишти. Баары маанайы жок отурушкан экен. Экөөнүн көзү көгөрүп, эриндери шишип кеткен. Элмырза бир күн мурда кол алышкан рамщик балага карап:
– Кечээ эле кол алышпадык беле, эркекче. Анан кайра эмнеге бизди жамандап бардыңар? Өзүңөр келтек жепсиңер го, кайра.
– Элмырза, сүйлөшкөндөн кийин карагайларды карасак, бүт майдасы калыптыр. Силердин бул кылганыңар дуруспу?- деди өзбек жигит.
Айтор, бир сөзгө келбей экөө эки жакка кетти. Эми Элмырзалар даана өчөшүп, жалаң чоң-чоң карагайларды терип жатышты.
Ширинбектер “бир кыргыз бала ичип жүрүптүр, жардам кылып коёлу” деген Саматтын сөзү менен ал балага жөнөп калышты. Жолдон бир баштык азык-түлүк сатып алган алар Аскардын үйүнө жетип токтошту. Босогодон киргенде эле жагымсыз жыт каңырыкты жарып турду. Бөлмөгө киришсе, бүрүшүп бирөө жаткан экен. 25 жаштагы жигиттин өңү 50дөгү адамдыкындай карарып кетиптир. Калтырап зорго турган ал араң саламдашты. Даниярдын жини келип:
– Эй, сен оорубай эле бөтөлкөгө түшүп кетипсиң го. Жакшынакай бала эмес белең. Арактын түбүнө жеткен адам болгон эмес. Тескерисинче, арак сендейдин далайын жутуп койгон. Эмне иш кыласың өзү?
– Мектепте кароолчумун.
– Сендей алкашты мектепке кароолчу кылып ким алды? Жаткан жериңди карачы, таштандынын үстүндө жатасың. Эчки деле жаткан жерин тазалап жатат.
– Бул 10 күндөн бери тамак иче элек окшойт. Ширинбек, жумуртка менен колбаса кууруй койчу, ашканага чыгып,- деди Элмырза.
Ашкана деген эле аты болбосо, таштандыга толуп кеткен экен. Ширинбек эптеп таза идиш таап, тамак жасай баштады. Артынан Самат келип калды.
– Жүрсөң, сага коңшуларын көрсөтөйүн,- деп аны жетелеп жөнөдү.
Тиги бөлмөдөн да абалы жаман үйлөрдө баштарын тийиштирип отурганы, асманды тиктеп жатканы бар мас адамдарды көрүп, Ширинбектин денеси дүрүлдөй түштү. Бардыгы орус, бир гана Аскар кыргыз.
Кайтып келип, куурулган колбаса менен жумуртканы алып киришти. Аскар тамакты жемек тургай, карап да койгон жок.
– Балдар, 100 грамм таап бергилечи,- деп жалына баштады.
– Кайдагы арак, өзүңдү бир күзгүдөн карачы.
– Балдар, 100 грамм болбосо өлүп калам азыр. Кыйналып жатам. Болгула эми. Мен силерге ырдап берейин.
Баш жагындагы гитарасын алып чертип кирди. Жыгачтай болгон ичке колдору гитараны сыздатып кирди.
– Мен көлгө жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым...
Аскардын үнү бөлмөгө толуп чыкты. Баары үн дебей тамактары буулуп, көздөрүн жаш чайып отурушту. Ширинбектин кулагына сөздөр эмес, Аскардын кубулжуган үнү жаңырып жатты. Мындай муңдуу үндү биринчи угушу. “Мирбек Атабеков эмес, Аскар ырдаса, уккан адам ыйламак экен” деп ойлоп койду. Самат тура калып сыртка чыгып кетти.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Залкарбек Карабалаев