(Башы өткөн сандарыбызда)
– Эмне бирок?
– Арстанды дарылап жаткан врач катуу тынчсызданууда. “Жеңил жаракат болушу мүмкүн эмес. Башын томографиядан дагы бир ирет өткөрүү керек” дейт.
– Баш сөөккө жаракат келген дейби?
– Жок, маселе сөөктө эмес, мээде окшойт. Кырсыктан үч күн өтпөй басып кеткенине тынчсызданып жатат.
– Шок абалы болушу мүмкүн бекен?
– “Баш мээни жакшы текшерүүдөн өткөргүчө эч нерсе айта албайм. Балким, мен ашыкча эле тынчсызданып жаткандырмын. Адамдар кээде авиакырсыктан деле аман калып жатышпайбы” деди.
– Башка эч нерсе деген жокпу?
– Айдай, жаным, баары жакшы болот. Көп тынчсыздана бербе. Аялымдын мындай абалы мага жакпайт.
– Мага эмне болуптур?
– Мейли, бир тууган болсун, баары бир кызганычтан жүрөгүм тызылдап кетип жатат. Мен кырсыктасам да ушинтип тынчсызданасыңбы?
– Оозуңа таш. Кайдагыны айтпачы!
Элестетип алып денем дүркүрөп кетти. Элдарды сүйбөсөм да ушунча жылдан бери анын мээримине, мага көргөн камкордугуна аябай көнүп алыптырмын. Менин маселелеримди чечип, дайыма мага кам көргөндүктөн, анын бир кыйынчылыкка туш болгонун, анын маселелерин чечип жүргөнүмдү элестете албадым.
Кечинде тамакка табитим тарткан жок. АКШга биринчи келишим. Башка маал болгондо түнү уктабай, Элдардын кыйылганына койбой ээрчитип алып көчөгө чыгып кетмек белем. Азыр болсо Бишкектин айдарым жели жетишпей, балкондо буулугуп турдум. Мегаполистерде жашагандарга боорум ачыды. Түнү көчөдөгү түркүн түстүү жарыктардан асман, жылдыз, ай дегенди көрүшпөсө. Бак-даракты көрүш үчүн сөзсүз сейил бактарга барууга туура келсе, кайда карабагын бийик үйлөр менен көрнөк-жарнактар... Мага жакпады. Бишкек, Жалдагы дүпүйгөн бакка оронгон үйүбүз көз алдыма тартылып, ыйлагым келди. Үйдөн чыкканыма канча... болгону эки күн болдубу? Тобо, эки күндө үйдү кадимкидей сагына түшүптүрмүн.
– Түнкү Бостонго суктанып турасызбы, сулуу?
Элдардын да ичи бышты окшойт, балконго вино эки бокалы менен көтөрүп чыкты.
– Суктанбай эле, үйдү сагынып турам.
– Койчу, эки күндө элеби? Келчи мага.
Балкондо жумшак кресло, стол бар экен. Бош турган креслого отурайын десем ал мени өзүнө тартып, тизесине кондуруп алды. Ушинтип отурганды абдан жакшы көрөт. Колдорум эрксизден моюнуна оролуп, алкымынан шуу жыттадым.
– Кудай алсыздыгымды, жашоого тың эместигимди билип, мага сени жөнөтсө керек.
– Айдай...
– Оу.
– Мм-мм, эч нерсе. Чарчадыңбы, вино ичесиңби?
– Эмне айтайын дедиң?
– Жок, жөн эле бир сандырак ой келип кетти.
– Айтсаң эми ичти бышырбай.
– Кел, жакшысы, вино ичебиз!
Көпкө мага тигилип, жүзүмдү, эриндеримди сылап, жыттап отурду.
– Сени бир ойлор кыйнап жатат да, туурабы? Айтсаң, балким, менин деле жардамым тиер, чечкенге.
– Жаны, мага убада бере аласыңбы?
– Эмне деп?
Денем дүрүлдөй түштү.
– Кандай кыйынчылык болбосун, мөгдөп отуруп калбайм, дайыма кайраттуу болуп, күлүп-жайнап, жаркылдап жүрөм. Өзүмдү жакшы карайм, депрессияга түшпөйм деп.
Буларга эмне болгон деги?! Арстан да “ыйлабайм деп убада бер” дейт. Эми мунусу.
– Элдар, мага бул нерсе жакпай турат. Менден бир нерсени жашырып жатасыңбы?
– Убада бересиңби?
– Берем. Дайыма күлүп-жайнап жүргөнгө убада берем. Бизде баары жакшы болот.
– Жаным менин, кичинекейим, алтыным... Албетте, баары жакшы болот.
Элдардын кең көкүрөгү абдан жагымдуу. Кучагында жатсаң кадимкидей жагымсыз ойлордон алаксытып, тынчтандырат. Азыр да көкүрөгүнө башым сүйөп, уйкунун ааламына чөгүп бараттым. “Баары жакшы болот, баары жакшы болот...” Ким, Элдар кулагыма шыбырап жатабы же өзүм сүйлөп жатамбы? Ээ, айырмасы канча, баары жакшы болот...
Таң эрте түшүмдөн чочуп ойгондум. Көл-шал болуп тердеп, ыйлап алыптырмын. Бирок эмне көргөнүмдү, неге мынча өксүп ыйлаганымды эстей албай койдум. Кээде гана эстебесем, түштөрүм ойгонор замат эсимден чыгып кетет да, күнү кечке эмнени көрдүм эле деп убара боло бермей жайым бар. Азыр да жагымсыз бир нерсени көргөнүмдү сезип турам, бирок эмнени?
Элдар жай гана дем тартып, кызуу уйкунун кучагында экен. Ансыз деле абдан чарчады, дагы уктай түшсүн. Акырын буттун учу менен басып балконго чыктым. Таң кылайып келатыптыр. Өзүмө өзүм батпай буулугуп турганымда телефон шыңгырады. Отелдин кабылдамасынан экен.
– Силерге ооруканадан чалып жатышат. Азыр байланыштырам, трубканы койбой туруңуз.
Ооруканадан? Тынччылык болгой эле.
– Саламатсызбы, мага Элдар мырза керек эле.
Салмактуу сүйлөгөн бул адам Арстанды карап жаткан врач экенин дароо эле тааныдым.
– Элдар уктап жатат. Мен анын жубайымын, айта бериңиз.
– Ооруканага тезинен жетип келишиңер керек. Арстандын абалы начарлап кетти.
– К-кандайча, кечээ жакшынакай эле басып жүрбөдү беле?
– Эртерээк келип калышыңыздарды өтүнөм. Кечиресиз, иштешим керек.
Эки сөздүн башын курап, оюмду топтогуча трубканы таштап койду.
– Эмне болду?
Элдар чала уйкулуу көздөрүн ушалай конок бөлмөгө кирип келди.
– «Абалы кескин начарлап кетти» дейт.
Трубка колумдан жылмышып, дубалды сүйөнө отуруп калдым.
– Жүрү, кийин.
Мени тартып тургузуп, колуна илинген кийимди алдыма ыргытты. Алдастап жетип барсак, палатадан врач шылкыйып чыгып келе жатыптыр. Бизди көрүп саамга тиктеп турду да, күнөөлүүдөй башы шылк дей түштү. Көзүн ала качты.
– Жок, жок. Болушу мүмкүн эмес!
Бутум андан ары шилтенбей, турган жеримде катып калдым.
– Кечиресиздер, биз колдон келген аракетти жасадык...
Эмне дейт бул акмак?! Эмнелерди былжырап жатат?! Башым тегеренип барып маңдайымда турган врач кичинекей кара такка айлана түштү...
– Айдай!!!
Кимдир-бирөө ачуу кыйкырып, дагы бирөөнүн карылуу колу билегиме батып кетти. Башым айланып, кандайдыр бир туңгуюк дүйнөгө каалгып бараттым. “Ай-да-ай!!!” Бул үндөр кулагыма кайдан жаңырып жатат?..
ххх
Мен Кудайга жакпаган адам окшоймун. Ал менин эң жакшы көргөн адамдарымды тартып алды. Алгач апамды, анан атамды, эми...
– Абалы кандай, ооруканага алпардыңбы?
Үйгө келген Элдардын достору мен тарапка ээк шилтей сурап жатышты.
– Азырынча тынчтык керек дешүүдө.
– Тамак жеп калдыбы?
– Жок. Ошо ошол бойдон. Төрт күндөн бери наар сыза элек. Сүйлөбөйт, ыйлабайт, бир чекиттен көз албай, эки тизесин кучактап коюп отурат. Не айла кыларды билбей калдым.
Элдардын үнү абдан кооптуу чыгып жатты. Чын эле, төрт күн өтүп кеттиби? Дагы деле жашап жатамбы, кызык?
Улам бирөө келет, баары эле ошол суроону берет “абалы кандай?” деген. Арстанды ойлогон киши жок.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жазгүл Калыева