Жалпысынан жаныбарлар 150гө жакын оору түрлөрү менен оорушат. Ал эми Кыргызстанда жаныбарлар табигый жана климаттык шарттарга байланыштуу 30дай оорунун түрүнөн жабыркашат. Адамдарга булардын көпчүлүгү жугат. Ал илдеттер тууралуу Республикалык карантиндик жана өтө жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Бектурдиев жана Бишкектеги жеке ветеринар Аман Сасыкулов баяндайт.
ООРУ ЖУГУШУ МҮМКҮН
Албетте, үйдө мышык, ит багуу же аквариум кармоо жан дүйнөнүн тең салмагын сактоо жана балдарды жаныбарларды сүйүүгө тарбиялоо үчүн пайдалуу.
Бирок сүйүктүү үй жандыктары кожоюнун өзүнүн оорулары менен “сыйлап” же аллергиялык оорусу бар адамдын оорусун тереңдетип жиберген учурлар кездешет. Андыктан үй жаныбарларын кармоо канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин билип алуу оң.
Ит, мышыктан: кутурма, хламидиоз, учук, аденовирустук инфекция (көздү жана ичегини ооруга чалдыктыруучу оору түрү), эхинококкоз, токсоплазмоз.
Аквариум балыктарынан: микоз (көзгө көрүнө бербеген мите козу карынчалар козгоочу оору, тери жана ичегилер жабыркайт).
Тоту куштар, көгүчкөндөрдөн: орнитоз (ичти өткөрүп, булчуңдар менен өпкөнү сезгентүүчү оору), хламидиоз, сальмонеллез (ичегини жабыркатып, ичти өткөрүп, дене табын көтөрүүчү оору), дерматомикоз (чакалай).
Таш бакалардан: грибок оорулары жана кургак учук.
Деңиз чочколору, келемиштер жана чычкандардан: сальмонеллез, псевдотуберкулёз (тамак менен ичеги-карынды сезгентип, калтыратма жана териде бүдүрчөлөрдүн чыгуусу менен коштолуучу оору), туляремия (өпкөнү, ичегини жана ички бездерди сезгентип, ооруга чалдыктыруучу оору түрү), кутурма, лептоспироз.
Малдардан: лептоспироз, сальмонеллез, күйдүргү (сибирь жарасы), кутурма, бруцеллёз, шарп жана башка оорулар.
Эми биз малдан жуга турган айрым оору түрлөрүнө кыскача токтолобуз.
ЛЕПТОСПИРОЗ
Лептоспироз (жугуштуу сарык деп да аталат) бул – үй жана жапайы жаныбарлардын жугуштуу оорусу. Ооруну козгогучтар болуп спирохет тобундагы лептоспир(микроорганизм) эсептелет.
Бул оору менен бодо мал, кой-эчки, жылкы, чочко, иттер оорушат. Адамдар дагы ооруну тез кабылдашат. Лептоспироз оорусу илимде алгач 1914-жылы изилденген. Оорунун козгогучтары ооруган малдын заарасы жана шилекейи менен бөлүнүп чыгат. Эгер микробдор сууга түшсө, ал суу оорунун булагы болуп калат. Өзгөчө жасалма көлмө, көлчүккө түшкөн микробдор коркунуч туудурат. Анткени адамдар күн ысыкта андай жерлерге киринип, ооруну кесилген, тытылган териси же кокустан сууну жутуп алуу менен жуктуруп алышат.
Ошол себептүү бул оорунун жайылуу сезону жай мезгили болуп эсептелет. Оорунун алдын алуу үчүн көлмөлөр менен көлчүктөрдө киринбөө, жуунбоо керек. Кокус сууда кирингенден соң чыйрыгып, дене табыңыз көтөрүлсө, көзүңүз чылпактаса, анда дароо врачка кайрылыңыз. Анткени булар лептоспироздун белгилери болуп эсептелет.
ТОКСОПЛАЗМОЗ
Адамга бул ооруну ит, мышык, коён жуктурат. Оору козгогучтар ооруган малдын заңы, заарасы, мурундан аккан суюктуктар (чимкириги) аркылуу бөлүнүп чыгат. Адам оору козгогучтар түшүп калган тамак-ашты колдонгондо жуктуруп алат. Организмге кирген соң оору козгогучтар кан менен жылып отуруп, мээни, көздү, көк боорду, боорду, ички бездерди жабыркатат. Оору чыйрыгып, калтыроо, баштын жана булчуңдардын ооруусу менен коштолот. Адамдын бат кыжыры келет, көзүнүн курчтугу менен эсте сактоо жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларын убагы менен ветеринарга текшертип туруу кажет. Тамак-ашты ачык жерге койбой, сүттү кайнатып ичүү зарыл.
ТУЛЯРЕМИЯ
Бул кемирүүчүлөрдүн (чычкан, келемиш ж.б.), териси баалуу жаныбарлардын (кундуз, түлкү, булгун ж.б.), адамдардын, үй жана жапайы жаныбарлардын жугуштуу оорусу. Оорунун булагы кемирүүчүлөр (чычкан, келемиш, ондатра, коён) болуп эсептелет. Ал эми ооруну таркатуучуларга кан соруучу кене, бүргө, көгөн кирет.
Оорунун козгогучтары бактериялар болуп эсептелет. Бактериялар ооруган жаныбардан жайытка, чөп үймөктөрүнө түшсө 3 ай, сууга түшсө 88 күн өлбөй жашай алат.
Ушул жерден айтып кетчү нерсе, келемиштер туляремиядан тышкары чума, энцефалит, кутурма, күйдүргү сыяктуу оорулардын оору козгогучтарын да алып жүрөт. Туляремия көз, өпкө жана тамак-аш сиңирүү органдарын жабыркатат. Буга кабылган адамдын температурасы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт, башы катуу ооруйт, булчуңдарда жана белде оору пайда болот. Лимфа бездери сезгенип, чоңоёт, дененин кайсы бир бөлүгүндө, чатта, колтукта, моюнда шишик пайда болот. Бирок адам жакшы дарыланган соң таза айыгып кетет.
ШАРП
Көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, бугу, элик, камандар оорушат. Адамдарда бул илдет чанда кездешет. Ооруга чалдыккан малдын же адамдын ооз көңдөйү, ооз көңдөйүндөгү былжыр челдер жабыркап, кийин ириңдей баштайт. Оору өтүшүп кетсе, малдын туягы менен желинине жара чыгат.
Оорунун вирусу жүндө 14, көлчүктө 103, жайытта 7 күнгө дейре өлбөй сакталат. Оору оорулуу малдан соолоруна жайыттан, мал сугарылуучу жайдан, малканадан жугат. Адам вирусту ооруган малды карап-бакканда, терисинин тилинген-кесилген жери аркылуу же андай малдын сүтүн ичкенде жуктуруп алат. Оору тереңдеп кетсе оозго, бут-колго жара чыгат.
Оорунун алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактап, малды убагында текшертип туруу зарыл.
Медициналык жаңылыктар
“РАХАТ” МОМПОСУЙЛАРЫНАН КОРКУНУЧТУУ БАКТЕРИЯЛАР ТАБЫЛДЫ
Мамсанкөзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери Казакстандын “Рахат” фабрикасынан чыгарылган кондитердик азыктарды текшергенде, ичеги таякчаларынын бактериялары табылган. Бул тууралуу маалымат булактары май айынын ортосунда жарыялашты. Эскерте кетсек, аталган бактерия ичеги оорусун жаратат.
Маалыматка таянсак, ичеги таякчаларынын бактериялары 150 килограмм момпосуйдан (“Кара кум”, “Фруктовый грильяж” аттуу түрүнөн) чыккан. Мындай колдонууга жараксыз азыктар Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан табылып, алар комиссиянын чечими менен жок кылынган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө департаментинин (МСКД) башчысы Алтынай Ураимова “кондитердик азыктарды таркатууда жана сатууда керектүү шарттар жана сактоо мөөнөтү сакталбаган. Андыктан кондитердик азыктарды өндүрүүчү ишкана өзү чыгарган азыктын сапаты үчүн 100 пайыз жоопкерчиликти алуусу кажет” деп билдирет.
Ал эми 18-майда интернет булактарында Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин жетекчиси Кенес Оспанов: «Казакстандан Кыргызстанга сатыкка жөнөтүлгөн момпосуйлардан ичеги таякчаларынын чыккандыгы далилденген жок. Ишкана эмес, бактериялардын пайда болушуна туура эмес сакталгандыгы себепкер болушу мүмкүн»,- дейт.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
МАНЖАЛАРДЫН АБАЛЫ, КӨРҮНҮШҮ БОЮНЧА ДИАГНОЗ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg