МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ-3: РЕЖИССЁРДУН ТЕККЕ КЕТКЕН УБАРАСЫБЫ?

Урматтуу киносүйүүчүлөр, сиздерге эки жаңылыгыбыз бар. Анын кайсынысы жагымсыз, кайсынысы жагымдуу экенин өзүңөр чечип алгыла. Биринчиси, «Министрдин кызынын махабатынын» 3-бөлүгү жарыкка чыкты. Экинчиси, бул тасманын 4-бөлүгү тартылбайт.

БЕТ АЧАРДАГЫ НААРАЗЫЧЫЛЫКТАР

Алгач эл алдына режиссёр Рустам Аташов чыгып, тасма тууралуу эки ооз сөзүн айтты да, техникалык катачылыктар болсо кечирип коюуну өтүндү. Көрсө, кечирим сураганчалык эле бар экен.
“Экинчи бөлүктү көрүп чыккандар мага келип: “Жанагы жигитти ошол бойдон таштап салбай шаарга алпарып окуткула! А тигил кыз өз сүйүү­сүнө сөзсүз жетсин!”- деп сунуштарын айтышты эле. Ушул сөздөрдөн кийин тасманын дагы бир бөлүгүн тартууну чечтим”,- деди ал.
“Россиянын” суук имаратында ансыз деле кечки сеанска белгиленген тасманын убакытынан кечигип жатканы отурган көрүүчүлөрдү кубанткан жок. Улам алакан чаап, башталышын талап кылып жаткан көрүүчүлөр жарык жалп өчкөндө тынчый калышты. Тасма башталат экен десе, DVDнин керектүү басмасын таппай калган жигиттин “жеңе, светти күйгүз!” деген сөзү залды жарды окшойт. Проекторду экранга чактап-тескеп жатканча дагы бир топ мезгил өттү. Аягында отургандардын эң сабырсыздары: “Оңго! Солго! Эми кичине ылдыйраак!”- деп кийлигише кетишти.
Мейли, кечиримдүү. Бирок, тасманын өңү аябай күңүрт болуп, кээ бир деталдар айырмаланбай, жакшы көрүнбөй калган. Ал эми фильмдеги дабыштардын, интершумдардын жоктугу тасманы белгилүү режиссёр эмес эле үйрөнчүк бирөө тарткандай сезим туудурду. Кыскасы, режиссёр Рустам Аташов тасманы зордоп эле өткөрүп салгандай сезилди. Же “Кайып булактын” бет ачарынан калган шариктердин жели чыгып кеткенче шаштыбы? Эмнеси болсо да, тасма залдын дүркүрөгөн кол чабуусу менен аяктады. Артта отургандардан бирөө: “Акыры бүткөнүнө кол чаап жатышат”,- деп күл­дүрдү.

МАЗМУНУ ЖАНА СЦЕНАРИЙ

”Министрдин кызынын махабатынын үчүнчү бөлүгүндө 10 (!) сюжеттик линия сүрөттөлөт: криминалист Тарастын колго түшүшү, баңгизат сатуучулардын кармалышы, сыйкырдуу рецепттин уурдалышы, министрдин аялы менен ойношунун разборкалары, Азаматтын Канымды алакачышы, Жоробектин агайы менен машыгуусу, айылдагы дедовщина, студенттик жатаканадагы окуялар, министрдин кызы Мадинанын айылга келиши жана анын Жоробек менен мамилелери. Эң күлкү­лүүсү, бул окуяларды бири-бирине оңой менен байланыштыра албайсың. Мисалы, дары чөптөрдөн сыйкырдуу рецепт даярдаган сырдуу абышка менен министрдин боюнда бар ойношу бир эле тасмада тартылышы эч түшүнүксүз.
Көптөгөн ашыкча сөздөр, орунсуз тамашалар, түшүнүк­сүз диалогдор чогулуп келип, жалпы сюжетти толуктабастан, тескерисинче, чаржайыт мазмун жараткан. Мында тажрыйбасыз сценаристтин эмгеги билинип турат. Алакачуу эпизодундагы Канымдын ыйлап-ыйлап барып, акыры терең ойго түшүүсү “Боз салкынды” туурагандай сезилсе, жигиттердин мушташы “Башаламан” фильмин эске салат.
Бир нече эпизод “келгиле, кошуп коёлу” деген принцип менен тартылгандай. Мисалга алсак, студенттердин эт уурдап жегени студенттик күндөрдөн эске түшө калган окуя болсо, мас кишини бөтөлкө менен башка урган эпизод жөн гана ошол адамдын талантын көрсөтүп койгондой туюлат.

ИДЕЯ

Чынында эле бул тасмадан бир толук ойду бөлүп чыгара албайсың. Кумарга, аракка берилип бараткан айыл жаштарын динге чакыруубу десең, алар акырында намазга жыгылбай эле машыкканы тоого чыгып кетишти. Анда чыныгы сүйүүнү даңктап чыгаары күтүлсө, сүйгөн кызы Канымды алдырып ийген Жоробек эч кайгырбастан Мадинага үйлө­нүп алды. Ошентип, негизги идея баңгичиликтин терс таасирин көрсөтүү экен деп чечтик. Себеби, логикалык жактан мазмунга төп келишкен жалгыз эпизод ушул эле. Анда эмне үчүн тасма “Министрдин кызынын махабаты” деп аталат болду экен?

ДУБЛЯЖ, МОНТАЖ

Тасманын үчүнчү бөлүгүн монтаждоодо кеткен каталарды кичинекей бала деле байкап коёт эле. Кээ бир интершумдардын жоктугу тасманы көрүүгө тоскоолдук кылып жатты. Үндөрдүн да айрым жерлерде толук коштолбогону түшүнүксүз. Балким, тасмага тартылаарын тартылып коюп, дубляжга келе албай калышкан чыгаар кээ бир актёрлор. Ал эми Жоробектин машыктыруучусунун үнүн режиссёр өзү дубляждагандай сезилди. Чындык ачуу, бирок, мындай сапаты начар “Министрдин кызынын махабатынын” уландысын пираттар деле көчүрүп сатууга чыгынышпайт го...

Даярдаган Бегайым Мусакеева.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:02:42
Жакшы кино
0
№ 257, 5-11-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан