“Калп тапкычтын сыноосуна түшөсүң” деген сунушубузга башында тайсалдап жатып араң макул болгон Айпери эмнеден коркту? Ырчынын кайсы суроолорго кан басымы көтөрүлгөнүн чогуу байкайлы.
Өзүңдү жылдызмын деп эсептейсиңби
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи: – “Төбөң көккө жетсе да, бутуң жерде болсун” деген принципте тарбиялангам. Канчалык жылдыз болбо, бардык адамдардын катарындасың. Ошону биле жүрүшүбүз керек.
Атаңдын жардамысыз ушул деңгээлге жетет белең?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Эгер атамдын аты-жөнү кыргыз элине сиңбесе, балким, менин ырчылык талантым ачылмак эмес.
Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыз болууга аракет кыласыңбы?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Калп тапкыч калп айтып жатат! Өзүмдүн элиме эле татыктуу ырчы болуп алайынчы. Балким, жан дүйнөм ошону самап жаткандыр.
Көпчүлүк сенин мүнөзүңдү жактырышпайт экен, чыргоо деп, бул чынбы?
Айпери: Ооба
Кал тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Чынында, мүнөзүм начар. Ушунун айынан үйдө жаңжал көп чыгат. Бир сөз менен айтканда, көк бетмин. Кылам дегенимди көгөрүп отуруп кылам. Мына кечээ эле апам менен ушул кыялымдын айынан чарт-чурт этише кеттик. Бир туугандарыма да кыялымды көрсөтө берем.
Сени шоу-бизнес бузду деп ойлойсуңбу?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Биринчиден, сабак калтыра берип окуумдан начарлап кеттим. Мектепте жалаң бешке окучумун. Экинчиден, эч кимге ишенбей калдым. Куулукту, ар кимге өзүнө жараша мамиле жасаганды үйрөндүм. Чынын айтсам, бул чөйрөдө карышкыр болуп калат экенсиң.
Сүйүктүү адамыңды таптыңбы?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Апей, мен ал жигитти сүйөм деп ойлоп жүрбөймүнбү.
Эркектерге жагынуу максатында сексуалдуу кийимдерди кийдиң беле?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Фигурам келишип турганда кийчүмүн.
Эгерде сүйгөн жигитиң жарандык никеге турууну сунуштаса,
макул болот белең?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Бул биздин менталитетке жат нерсе. Жок жана дагы бир ирет жок демекмин.
Өзүңдүн күнөөңдү бирөөгө шылтай салган адатың барбы?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Бир нерсеге күнөөлүү болсом, мобул башым менен эле жооп тартууга даярмын.
Сени жигиттер таштап кеткен учурлар болду беле?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Эми сүйлөшүп жүрүп ажырашып кеткен учурлар болгон. Мен бир адамга байланып калсам, алсыз болуп калам. Анан катуу ойлоно берем. Балким, ушундан улам жан дүйнөм ооба деп жаткандыр.
Акча үчүн атаң менен урушкан учурлар болду беле?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Болбой эле койсунчу.
Ушакташууга кызыгасыңбы?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Сени көп сөгүнөт дешет, чынбы?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Чынында, көп сөгүнөм. Айрыкча машина айдап баратканда, оуу...
Келбетиңе канааттанасыңбы?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Операция болгондон кийин арыктап кеттим. Көйнөк кийсем жарашпай, бир аз толсом деп аракет кылып жатам.
Кримчөйрөдө досторуң барбы?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Ооба, байкелер бар. Алар чалып ден соолугумду, иштеримди сурап турушат.
Эгер ушул чөйрөдөгү адам колуңду сураса макул болот белең?
Айпери: Жок
Калп тапкыч: Жок
Айперинин комментарийи:
– Бул чөйрөнүн адамдары үй-бүлө тууралуу ойлонбойт деле окшойт. Менин ошол тааныш байкем жашы өтүп баратса да, үй-бүлө тууралуу кеп козгобойт.
Популярдуулук үчүн чачыңды кырдырып салышың мүмкүнбү?
Айпери: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Айперинин комментарийи:
– Киного тартыл деген сунуш түшүп, образым ошондой болуп калса, кырдырмакмын, “запросто”.
Суроолорубуздун кээ бирлери Айпериге оор болдубу же сессия тапшырып жаткандыктан чарчаганбы, айтор, жыйынтыктоо сөзү “ох-хх!” деген үшкүрүк болду.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg