Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, парламенттин спикери жана Каржы министринин милдеттерин аркалаган Марат Султанов быйыл өтүүчү президенттик шайлоодо ат салышууга даярданууда. «Күчтүү атаандаш болот» деп чочулагандар бар өңдүү, эмитеден коркутуп-үркүтүүлөр башталып, үйүнө граната ыргыткандардын изи табылбай жатат.
Султанов Марат Абдыразакович
Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясы.
1960-жылы 5-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган.
1994-1998-жылдарда Улуттук банктын төрагасы, 1998-2000-жылдары Каржы министри, 2000-2005-жылдарда ЖКнын депутаты, 2006-2007-жылдары парламенттин спикери, 2009-2010-жылдар ичинде кайрадан Каржы министри болуп иштеген.
Үй-бүлөлүү. 3 кыз, 1 уулдун атасы.
“КАРА-КУМДА ЗЕКТЕР МЕНЕН ТЕМИР ЖОЛ КУРГАМ”
Биздин каармандын атасы Алайдан болсо, апасы чүйлүк. Өзү Фрунзе шаарында төрөлгөнүнө карабастан, бала чагы жана башталгыч мектептин доору Алай районунун Сопу-Коргон айылында өткөн. Буга атасынын бир тууган агасынын баласы жоктугу себеп болгон. Андыктан бир канча жыл алардын колунда жүрөт. “6-классымда абам атамдар менен сүйлөшүп, мени Ош шаарына жөнөтмөк болду”,- дейт Марат мырза. Билимге басым жасашкан жакындары биринчи Ош шаарына алып келишип, эки жылдан соң Бишкек шаарындагы №5-гимназияга которушат. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Болот жана аралашмалар институтуна тапшырып, жакшы окугандыгы үчүн аны 5-курстан кийин аспирантурага алып калышкан.
“СССР кезинде окуучулук жана студенттик куракта да түрдүү иштерге алып барышчу эмес беле. Мектеп пахта терүү менен эсте калса, институтта окуп жүргөндө Кара-Кум чөлүндө зектер менен темир жол курганыбызды унутпайм. Ошондо баштан 50 градус ысык өтсө, экинчиден, суунун жоктугу кыйнаган эле. Эң чоң акчаны ошентип иштеп жүрүп тапканмын. Атам чоң кызматтагы адам болсо да, көп эле жумушту аткаруудан баш тарткан жокмун. Курулуш отряддарына барып жүрүп, кийин үйүмдүн ремонтун өзүм эле жасап алчумун”,- дейт Марат Султанов.
“АПАМ 72 ЖАШТА. АЛ УНАА АЙДАП, БИЗНЕСТИ БАШКАРАТ”
– Эң оболу, чоң атамдан кеп баштайын. Ал Социалисттик Эмгектин Баатыры сыйлыгын алып, өз чөйрөсүндө кадырлуу киши болгон.Ал эми атамды жогоруда чоң деп калбадымбы, ал Борбордук комитетте бөлүм башчы болчу. Атам Абдыразак Султанов мекенине өмүр бою кызмат кылды. 1985-1986-жылдары “Кыргызстанда улутчулдук күчөп жатат” деген шылтоо менен Москвадан десанттар келгени белгилүү. Алар көптөгөн кишилерди кызматтан алып жиберишкен. Мына ошондо десанттарга атам биринчилерден каршы чыгып, мунун кесепетинен инфаркт болгон. Көп өтпөй каза болуп калды. Көбү атамды “Ала-Арча” көрүстөнүнө коёлу деп чыкты, бирок кичи мекеним менен байланышты үзбөө үчүн сөөгүн Алай жерине бердик.
Апам 72 жашта. Ушул жашында да унаа айдап, азыркыга чейин иштеп келет. Отузга чыга электе май жана сүт заводдорунан турган чоң бирикменин башкы директору болгон. Апамдын 40 жылдан ашуун жетекчилик тажрыйбасы бар.
2 бир тууганбыз. Иним Омар Москвадагы Мамлекеттик университетти аяктап, өзүнүн карьерасын Тышкы иштер министрлигинен баштаган. Кезегинде Германия жана Швейцарияда элчи болуп турган. Мындан улам биздин үй-бүлөдө жаш кезинде эле бийлик бутактарына келип, кандайдыр бир тармакты башкарып кетүү атадан балага өтүп келе жатат десе болот.
“ЭМНЕ ҮЧҮН “БРИГАДА?”
– Ооба, калың эл мени министр же “Бригада” тобундагы депутат катары көбүрөөк таанышы ыктымал. Бирок өзүм Улуттук банктагы иш тажрыйбамды эң жемиштүү деп атайм.
«Бригаданын» пайда болуусуна токтолсом, 2006-жылы Конституцияга кезектеги өзгөртүүнү киргизмей болуп калышты. Ошондо бул реформага байланыштуу Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана менин пикирлерим төп келип калган. Биздин көз карашыбызга каршы болгон саясатчылар төртөөбүздү “Бригада” деп аташкан. Буга биз таарынган деле эмеспиз.
Ахматты мурун эле таанычумун, анткени жердешпиз. Камчыбек, Садыр менен 2005-жылы депутат болгондон кийин таанышып калдым. Пикир алмашып жүрүп, жакшы жоро-жолдош болуп кеттик.
“БИР ДАГЫ ПАРТИЯНЫН МҮЧӨСҮ ЭМЕСМИН”
– Ошол эле “Ак жолдун” же бүгүнкү “Ата Журттун” да мүчөсү эмесмин. Бир мезгилде “Адилет” партиясынын тең төрагасы болгонум үчүн мүчө болууга туура келген. Ага Чыңгыз Айтматов өзү чакыргандыктан, барган элем. 2002-жылы айрым түшүнбөстүктөрдүн айынан бул партиядан кеткенмин.
Баса, Айтматовго байланыштуу кызыктуу окуя өткөн. 1992-1993-жылдары Чыңгыз Айтматовго өздөрүн граф деп тааныштырган кишилер келип, эгерде Улуттук банк кепилдик берсе, Кыргызстанга 4 миллиард доллар инвестиция карматабыз дешет. Эми ал киши жазуучу да, анын үстүнө мекенине жардам берүү ниети чоң болгондуктан, аларга ишенип калат. Бул кабар тез эле Кыргызстанда жайылып, баары эле банктын кепилдигин күтүшөт. Анда Улуттук банкта иштечүмүн. Биз кепилдикти берүүгө макул болбой койгондо, мени Бельгияга сүйлөшүүгө жөнөтүштү. Керектүү маалыматтарды сураштырсам, алар бербей коюшту. Мындан улам Айтматов мага таарынып калды. Бир жыл өтпөй ошол адамдар эл аралык аферисттер экени ачыкка чыгып, үчөө-төртөө колго түштү. Ошентип, залкар жазуучу менен болгон мамилем жакшы болуп кеткен. Чет жерден келип калганда мага коңгуроо кылып, “Марат, үйгө келип, чай ичип кетчи” деп калар эле.
“ФОРМАМДЫ ЖОГОТУП АЛДЫМ”
Каарманыбыз бала чагы, өмүр таржымалы жана иш тажрыйбасын баяндап берген соң, кыска суроолорубузга жооп берди.
– Президенттик шайлоого катышасызбы?
– Катышам деген оюм бар. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өз моделимди ишке ашыруу үчүн бүт аракетимди жасайм.
– Сизди сырттан колдогондор барбы?
– Ооба. Алардын көбү Орусия менен Казакстандан. Колдоочулар – саясатчылар, коомдук ишмерлер, бизнесмендер.
– Үй-бүлөңүз жөнүндө учкай кеп...
– Жубайым Таластан, муну айтпай деле койсом болмок. Ажобуз да ошол жактан эмеспи (күлүп). 3 кыз, 1 уулум бар. Улуу кызым Америкада, быйыл окуусун аяктады. Стипендия алып, өзү иштеп, акчадан кыйналбайт. Экинчиси Малайзияда, ал 1-курста. Андан кенжелери кичинекей. Үчүнчү кызым 5те, ал эми уулум 2 жашта.
– Айлыктан тышкары кошумча булагыңыз барбы?
– Ооба, аны декларацияда көрсөтүп келем. Ижарага берүү жана капиталды туура бөлүштүрүү тармагында чакан иштерим бар.
– Сизге акыркы учурда кайсы маселе тынчтык бербей жатат?
– Көбү гранатага байланыштуу окуяны пиар дешпедиби. Ошолорго “башы жок киши эле ошентип пиар жасайт” деп айтар элем. Себеби граната ыргытылган жакта эки кичинекей балам жатат. Кантип ошолорду тобокелге салмакмын?
– Шек санаган адамыңыз барбы?
– Эч кандай душманым жок деп эсептейм. Бирок менде эки версия бар. Биринчиси, бул – провокация. Бийликтеги адамдар менен уруштурууну каалашууда, анткени мен коалицияга да кирген эмесмин. Экинчиден, президенттикке талапкер болушумду жактырбаган бийликтеги адамдар. Анткени жардыруудан кийин жардамчым мени коштоп жүрө баштады. Анын унаасына бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү “KG” номурун тагып берсек, чечип кетишиптир. Анын баары видеого жазылып калган. Кийин апамдын айдоочусу дал ошол номурду чечип кеткен машина артынан жүргөндүгүн айтып калды. Колубузда болгон маалыматты укук коргоо органдарына өткөрүп берип жатабыз.
– Бир учурда чачыңызды кичине өстүрүп алганыңыз үчүн ырымчыл киши деп укканмын. Бул чынбы?
– Жок. Мен тышкы көрүнүшүмө көп көңүл бура бербегеним үчүн чыкса керек. Качан гана чачым аябай өсүп, жубайым же апам “чачтарачка барбайсыңбы?..” демейинче байкабайм. Кийимде деле ушул абал. Көбү “белгилүү бир фирманын кийимдерин кием” деп калышат го. Костюм-шымдарым атайын тигилген эмес, катардагы дүкөндөрдөн алынган. Модалуу саатым деле жок.
– Кантип эс аласыз?
– Өткөндө Феликс Кулов мага “сен мурун булчуңдуу жигит элең, азыр курсагыңдан булчуңдар чыга баштаптыр” деп күлүп калды. Мен да тамаша аралаш “Феликс Шаршенбаевич, сиз да мендей болуп калыпсыз. Буюрса, жакында оңдойм” дедим. Ачыгын айтуу керек, формамды жоготуп алганыма бир жарым жылдай болуп калды. Убакыт болсо, тоодон лыжа тебем, теннис ойноп же сууда сүзүп калам. Андан сырткары тамеки чегүү, арак ичүү деген адаттарым жок.
Эльвира Караева
koom@super.kg