Учурда 28-29-майда өтүүчү “Супер-Инфонун” кубогуна ар тараптан даярдык кызуу жүрүп жаткан кез. Бул санда “Ырчылар”, “Гермес-профи”, “ЭлТР” жана “Супер-Инфо” командаларынын курамдары менен тааныштырууну чечтик. Калган 4 команданын курамдарына эмки санда көз чаптыра аласыз.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
“Супер-Инфонун” кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан:
P.S. Урматтуу окурмандар, берилген тизмелердеги оюнчулардын аталган компанияга тиешеси жоктугун билсеңиздер, бизге кабарлап коюңуздарды өтүнөбүз. Байланыш телефону – (0312) 32-33-26, (0555) 11-08-85.
Оюнчулардын ою кандай?
Максат Бегалиев, «Ырчылардын» оюнчусу:
«СПОРТЧУЛАР БИР АЗ ЧОЧУЛАТАТ»
– Кубок үчүн күрөшкө даярдыгыңыздар кандай?
– Буюрса, жакшы эле. Колубуздан келишинче даярданып жатабыз.
– “Топ кууп” жүргөнүңүзгө канча болду?
– Футболго 11-класстын аяктарында кызыгып баштагам. Ошондон бери профессионалдык деңгээлде болбосо да, досторум менен үзбөй ойноп келем.
– Кайсы команданы күчтүү атаандаш деп билесиз?
– Спортчулар бар экен, ошолор бир аз чочулатат. Негизи эле күчтүү командалар чогулуптур. Бирок биз деле оңой команда эмеспиз...
Каныкей Айталиева, «Супер-Инфонун» чабуулчусу:
«УРМАТ УСЕНОВДУ БЕТКЕ ТЕПКЕМ»
– Каныкей, спорттун кайсы түрүнө кызыгасың?
– Баскетбол, волейболго кызыкчумун. «Супер-Инфодо» жамаат менен биргеликте эс алганы көп барабыз. Ошондо эле ойногонубуз – футбол. Атайын байге сайып, кесиптештер менен тер акканча топ кубалап ойноп жүрүп футболго кызыгуум артты.
– 3 жылдан бери биздин командадасың, кайсы оюн эсиңде калды?
– 2008-жылкы суперфутболдо ырчылар менен ойноп калдык. Күрөш катуу жүрүп жаткан, мен ойлогом кыздар менен кагышып кетем го деп. Баарынан кызыгы, топ талашып жүрүп ырчы жигиттердин арасына кирип кеткем. Топту катуу тебем деп ырчы Урмат Усеновду бетке тээп алгам. Бир чети күлкүм келсе, бир чети ыңгайсыз абалда калгам. Ошону кесиптештер азыркыга чейин айтышат.
Айбек Дүйшөмбиев, «Гермес-профинин» чабуулчусу:
«ЧЫНЫН АЙТСАМ, «ОБИДА» БАР»
– Айбек, футболду качантан бери ойнойсуң ?
– Футболду 6-класстан бери ойноп келем.
– Ошондо кайсы позицияда ойночусуң?
– Сол канат коргоочусу болчумун. Бул позицияны өзүм тандаган эмесмин. Машыктыруучулар жөндөмүмө жараша ушул позицияга бекитишкен.
– Мурдагы жылы “Супер-Инфодон” жеңилип калган спортчулардын курамында сен да ойногонсуң. Ошондо “обида” болгон жокпу, ачыгын айтчы?
– Чынын айтсам, “обида” бар. Спортчу болуп туруп утулуп калганбыз. Эми, буюрса, реванш алабыз.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg