АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН «БэтМЕНТтери»

Өткөн жылдын 26-декабрында Чүй ИИБинин Өз алдынча жол-күзөт кызматы батальонунун сержанты, 22 жаштагы Руслан Сидоренко 9 кишини сактап калган. Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү автоунаа көпүрөдөн сууга кулап, ичиндеги жүргүнчүлөр өлүм коркунучунун алдында калышкан эле.

ИЧИНДЕ 9 КИШИСИ БАР АВТОУНАА СУУГА ТҮШҮП КЕТИПТИР
Руслан ошол күнү эс алууда эле. Өзү иштеген жерде штаттан сырткары кызматкер болуп иштеген досу Таалай Койлубаев экөө жеке иштери менен Дроздь айылына барып, кайра Бишкекке келе жатышкан. Жаңы эле айылдан өтө бергенде бир аял алдыларынан чуркап чыгып, ичинде кишилери бар автоунаа каналга түшүп кеткенин айтат. Автоунаа көпүрөнүн жээгиндеги темир-бетондон курулган тосмону бузуп өтүп, бир нече метр учуп барып сууга түшүп, аңтарылып калган. Мындан сырткары аны көпүрөнүн оор устуну да басып калган. Күчтүү соккунун кесепетинен алдыңкы айнеги талкаланып, салондун ичине муздай болгон суу кире баштаган. Руслан суук кабарды угар замат суу жээгине жетип барат. Ызгаардуу суукка карабастан, үстүндөгү тонун чечип, көпүрөдөн түз эле сууга секирет.

“БАЛДАРДЫ САКТАП КАЛА КӨРГҮЛӨ!”
Көпүрөнүн темир-бетон устуну аркылуу чөгүп кеткен автоунаага жетсе, айдоочу бети менен рулга катуу урунуп эсин жоготкон экен. Арткы орундукта отурган келин “биздин балдарды сактап кала көргүлө!” деп кыйкырат. Көрсө, айдоочудан сырткары автоунаанын ичинде үч аял жана беш наристе бар экен. Алардын эң кичинеси сегиз айлык болгон. Руслан арткы эшикти ачайын десе, ал катуу соккудан улам автоматтык түрдө жабылып, (блок) ачылбай калган. Эси ооп калган айдоочуну терезеден чыгарып, андан кийин айдоочу тараптагы терезе аркылуу блокко туруп калган тээкти көтөрүп, эшикти ачат. Суу ичиндеги караңгылыкта наристени кол менен издеп таап алып чыгып, жээкте турган досуна берет. Бардык балдарды суудан чыгарып, аялдарды сактоого киришет. Алар суу жутуп алышса да, тирүү калышкан жана түрдүү жаракаттар менен чектелишкен.
Окуя болгон жерге кишилер топтолуп кеткени менен, алардын бири да кишилерди сактап калганга аракет кылган эмес. Русланга досунан сырткары өтүп бараткан Жигулинин ээси гана жардам берген. Сактап калган балдарды өтүп бараткан автоунаага салып айылга жөнөтүп жиберишкен. Айдоочу ошол айылдын жашоочусу болгондуктан, балдарды үйүнө алып барып, жылуу кийимдерди кийгизип, андан кийин гана “Тез жардам” чакырышкан. Ошентип, Русландын демилгеси менен 9 адам өлүмдөн аман калат.

Руслан Сидоренко:
“КӨП КИШИНИН БИРИ ДА ЖАРДАМ БЕРБЕДИ”
– Эгер өтүп бара жаткан Жигулинин айдоочусу жардам бербегенде, Таалай экөөбүз бардыгын сактап кала алмак эмеспиз, ага рахмат. Бирок көп киши карап туруп, бирөө да жардам бербегендиги аябай өкүндүрдү. Кийинчерээк балдардын абалын билип коюу үчүн барсам, ошол аялдардын бири “ии, бизди сен сактап калган турбайсыңбы. Биз шок абалда болгондуктан, ким сактаганын билбей калыптырбыз” деп гана койду. Алардын бирөө да “бизди сактап калганың үчүн рахмат” деп айтканга жарабады.

Руслан менен Таалайдын эрдиги бааланып, ИИМдин жетекчилиги тарабынан сыйлыктар берилген. Ошондой эле президент Роза Отунбаева да кабыл алып, экөөнө Эрдик орденин тапшырды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
jaina
2011-05-23 13:47:56
Ушундай адамдар да бар экен да ээ? Чындыгында эле көчөдө бирөө кулап калса да текебер карап басып кеткен адамдарга таң каласың...
0
sputnik
2011-05-23 16:34:27
молодцы
0
veneraaalieva
2011-05-23 16:36:42
Руслан менен Таалайга чон рахмат, ушундай жигиттер кобуроок болсо! Жигит деп ушуларды айтыш керек!
0
Kaika
2011-05-23 18:27:51
ооба чындап эле молодцы!!!!!!!!!
рахмат силерге, ийгилик!!!!!!!!!
0
cosmopolit
2011-05-24 00:03:44
Азаматтар аман болушсун!!! а Руслан ынсаптуу бала экен а кыргыздар негизи кайдыгер калкпыз...ал эми омурун сактап калган адамга рахмат айтып ыраазычылыгын билдирбеген адамдардын абийири деле жок го...
0
KOrei
2011-05-24 19:01:49
azamatsynar Ruslan, Taalai jana dagy jigulinin aidoo4usu belgisiz adam. sizderge Kudaiym uzun omur bersin, iwterinizderge iigilik.
0
ZEN
2011-05-26 23:14:19
азаматсынар Руслан жана Таалай,рахмат айтпагандары жаман экен....
0
Aibusya
2011-05-27 18:37:29
алар "рахмат" айтпаса биз айтып атабыз! "Чон рахмат"
0
kalpakchan
2011-05-29 03:09:26
Азаматтсынар силердей адамдар коп болсо экен элибизде!
0
nurjigit
2011-05-30 08:33:04
Азаматсынар! силерге алкыш! алар жакшылыгынарды билип рахмат айтпаса капа болбогула,жакшылыгынар жерде калбайт.......
0
Baizakk11
2011-06-05 09:07:08
Маладес
0
Perizatka
2011-06-10 06:12:50
Azamatsinar Ruslan menen Taalai!!! Silerdei jigitter koburook bolso jakshi bolmok! Kudayim silerdi ardayim koldop tursun!!!
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан