Апта башында Бишкекте талап-тоноочулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Аталган топтун акыркы курмандыктары Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары эле. Бет капчан эргулдар бир үйгө кирип, акча талап кылуу менен үйдө жашагандарды сабап, тоноп кетишкен. Мындан тышкары үй ээсин жана анын кайненесин бычактап, 400 АКШ долларын, 400 миң сомун алып көздөн кайым болушкан.
ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Болжол менен түнкү саат бирлерде эч нерседен капары жок отурган үйгө тапанча жана бычак менен куралданган бет капчан 4 адам кирет. Үй ээлерин коркутуп-үркүтүп, 400 доллар жана 400 миң сомдон ашуун акчаны алып белгисиз тарапты көздөй качып кетишкен.
Бул маалымат Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жетип, окуя болгон жерге Бишкек ШИИБинин жана Ленин РИИБинин оперативдүү иликтөө тобу жөнөп кетет. Ал жердин айланасын кароо учурунда үйдөн алыс эмес жерден кара түстөгү бет кап жана кол кап табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делингендердин даректери такталат. Топтун лидери болгон Эрмек Эсеналиевди кармоо учурунда атышуу чыгып кетип, милиция кызматкери тапанчанын огунан жарадар болгон. Кармалгандардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү 2 тапанча табылып, тартылып алынган.
“ТОПТУН ЛИДЕРИН КАРМОО ОҢОЙ БОЛГОН ЖОК”
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын чет өлкөлүктөр арасындагы кылмыштарга жана киши сатууга каршы бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Шабралиев:
– Кармалган топтун мүчөлөрү каракчылык боюнча Чүй облусу, Ош облусу жана Бишкек шаарында катталган 12 фактыга тийиштиги бар экендигин мойнуна алышты. Мындан башка да көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар болушу мүмкүн. Бардык учурларда курал колдонушуп, ал гана эмес, көчөдө бараткан адамдарды да тоноп жүрүшкөн. Алардын арасында Сокулук районунда таксистти тапанча такап тоногондугу да бар. Булар өтө мыкаачылык менен иш алып барышкан. Мисалы, кечээ Ак-Ордодогу болгон каракчылыкта бир жарым жаштагы кыздын да оозун скотчтоп, төшөккө ороп таштап коюшкан экен, ал көпкөк болуп тумчугуп, өлүп кала жаздаптыр. Үй ээсинин кайненеси каракчыларга ыйлап, тийбөөсүн сураныптыр, ага маани да беришкен эмес.
Бизге “Жаныш Жунусов деген адамдын ушул кылмышка тийиштиги бар болушу мүмкүн” деген маалымат түшүп, аны эртең мененки саат алтыда үйүндө уктап жаткан жеринен кармадык. Анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылып, ал каракчылыкка тиешеси бар экендигин мойнуна алып, шериктерин айтып берди.
Жаныштан кийин Замирбек Ниязбеков жана Аскат Дүйшеевди кармадык. Ал эми бул топтун лидери, мурда киши өлтүрүү боюнча камалып чыккан Эрмек Эсеналиевди кармоо кыйынга турду. Шериктерине телефон чалдырып чакыртсак да келбей, качып жүрдү. Анан анын Дордой жаңы конушунда жашаган көңүлдөшүн таап, ошол үйдөн күтө баштадык. Эрмек келип, көңүлдөшүн сыртка чакырганда аны сырттан кармоого туура келди. Ал мурун панкратион менен алектенип жүргөн спортчу экен, кармоо учурунда аябай каршылык көрсөтүп, качып жөнөдү. Аны кубалап баратканда Кыяз Медетов аттуу кызматкерибиз ал аткан тапанчанын огунан тизесинен жаракат алып калды. Алган жараатына карабастан, кылмышкерди кармоо учурунда чоң эрдик жасады. Ага азыр операция жасалып, буюрса, абалы жакшы.
Манас Асанбаев, жабырлануучу:
“БАЛДАРЫМ ҮЙГӨ КИРГЕНДЕН КОРКУП КАЛЫШЫПТЫР”
– Мен ошол күнү кечинде саат он экилерден өткөндө дүкөндөгү сатуучу баланы алып үйгө келсем, келинчегим тамагын даярдап бизди күтүп отуруптур. Тамактанып отурсак, бир жарым жаштагы кызым ыйлап, аны уктоочу бөлмөгө алып кирип уктатып жаткан элем. Бир маалда эле ызы-чуу болуп калды. Анан уктоочу бөлмөгө эки бала бычак көтөрүп кирип келди. Анын бири мени көздөй бычак шилтеп калды эле, тумшук талаштыра уруп калдым. Ал жыгылып калгандан кийин экинчисин урдум, ага да дал тийип, күзгүнү баса жыгылды. Сыртка чыгайын десем, бирөөсү башыма тапанча такады. Кыймылдабай туруп калсам, экинчиси келип курсагыма жана табарсыгыма бычак сайып жиберди. Анан экөөлөп мени тепкилеп, ашканага сүйрөп барышты.
Ал жерден бою узунураак бир бала келип, “мындан эч нерсе чыкпайт, өлтүрүп салгыла” деди. Ошондо бири сан тушка 5-6 жолу бычак сайып, дагы бири башыма тепкилеп кирди. Ошол убакта кыска убакытка эсим ооп калган экен. Эсиме келип карасам, колу-бутумду, оозумду скотч менен ороп салышыптыр. Уктоочу бөлмөнүн эшиги ачык экен, бирөөсү келинчегимди сабап жатыптыр. Тура албай жатсам, бирөөсү кичүү кызымды көтөрүп келип анын тамагына бычак такаганда, келинчегим чыдабай кетип болгон акчаны көрсөтүп берди. Кызым ыйлай бергендиктен, бою узун баласы келип оозун скотчтоп, төшөккө ороп дивандын үстүнө ыргытып салды. Андан кийин акчаны, аялымдын моюнундагы чынжырчаны жана үйдө болгон телефондордун баарын алып кетишти. Кайненеме үч жолу бычак сайып, “төшөктөн турбай жат” деп коркутушуптур.
Дүкөндө иштеген сатуучу баланы тапанчанын сабы менен башына уруп эсин оодарып коюшкан. 8, 9 жаштагы эки уулум коркуп бурчка жабышып отурушуптур. Аябай эси чыгып калышкандыктан, азыр да үйгө киргенден коркуп жатышат дейт. Булар өтө эле канкор экен, тоногону келсе, атпай, бычактабай эле алып кетишпейби.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg