ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Иран

УСАМА БЕН ЛАДЕН ОКТОН ЭМЕС, ООРУДАН КӨЗ ЖУМГАНБЫ?
Мындай билдирүүнү Иран президенти Махмуд Ахмадинежад таратты. Анын айтымында, бен Ладен америкалыктардын туткунунда болгон жана кыйноолордон улам анын ден соолугу начарлап кеткен. Бирок буга карабастан, аны өлтүрүштү. Бул иш алдыда боло турган президенттик шайлоого катышарын билдирген учурунда АКШ президенти Барак Обаманын кадыр-баркын көтөрүү үчүн жасалган.
Мындан мурда ушундай эле пикирин Ирандын Чалгындоо иштери боюнча министри Гейдар Мослехи да айткан. Ал: “Усама бен Ладенди өлтүрүү боюнча атайын аскердик операция болуп жатканда №1-террорчунун денеси жансыз болгон. Ал буга чейин эле оорунун кесепетинен көз жумган”,- деген эле.
Расмий түрдөгү маалыматка таянсак, Усама бен Ладен Пакистандын Абботтабад шаарында 1-май түнү АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, анын денеси деңизге чөктүрүлгөн.

Гватемала

27 КИШИНИ МУУЗДАП КЕТИШТИ
Гватемаланын түндүгүндө Мексиканын чек арасына жакын жайгашкан Сан-Андрестеги фермага белгисиз бирөөлөр кол салып, окуя орун алган жерден полиция кызматкерлери мууздалган 27 кишинин денесин табышты. Полиция кызматы бул кылмышты ушул аймакта баңгизаттарын сатуу менен алектенген Арольдо Леон өч алуу максатында жасашы толук мүмкүн экенин айтууда. Анткени өткөн аптанын ишемби күнү Арольдонун көзүн тазалоо боюнча аскердик операция уюштурулуп, коюлган максат ишке ашпай калган.
Арольдо Гватемаладагы баңгизатта­рын башкарган Хуан Хосе Леондун бир тууганы болчу. Хуан 2008-жылы баңгизаттары менен алектенген мексикалык “Зетас” кылмыштуу тобу менен кармашууда өлгөн.
Гватемалада орто эсеп менен алганда бир күндө 18 киши өлтүрүү катталат. Ал эми Мексика бийлиги 2006-жылы декабрда баңгизаттарын сатуу менен алектенген кылмышкерлерге согуш жарыялап, анын кесепетинен ушул күнгө чейин бейкүнөө курман болгондордун саны 37 миңден ашып кетти.

Пакистан

ТАЛИБДЕР ӨЧ АЛА БАШТАШТЫ
Пакистандын түн­дүк-баты­шын­дагы Чарсадда районунда жайгашкан аскердик окуу жайдын жанында кош жардыруудан 80дей киши набыт болуп, 100дөн ашууну жаракат алды. Набыт болгондордун дээрлик көпчүлүгүн чек ара кызматынын курсанттары түзөт.
Эки жан кечти жүзөгө ашырган бул кол салуунун жоопкерчилигин пакистандык талибдер өздөрүнө алышты жана бул террордук чабуулду АКШ коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн Усама бен Ладен үчүн жасап, өч алып жатышканын маалымдашты. Ошондой эле талибдердин басма сөз өкүлү Ахсанулла Ахсан: “Бул чабуул АКШга гана каршы эмес, Усама бен Ладенди өлтүрүүгө жардамдашкан Пакистандын бийлигине да жаза”,- дейт.
Пакистандын түндүк-батышында “Аль-Каиданы” жана талибдерди колдогон тургундар арбын болгондуктан, расмий Вашингтон бул аймакты “Аль-Каиданын” башкы кеңсесинин жайы катары атап келет.

Кытай

ЭКИ БАШТУУ ЫМЫРКАЙ ЖАРЫК ДҮЙНӨГӨ КЕЛДИ
Кытайдын Сычуань провинциясындагы төрөтканалардын биринде өзгөчө ымыркай жарыкка келди. Анын денесинде кадимки баштын жанында дагы бир баш бар. Ымыркайдын салмагы – 4 килограмм.
Анын эки баштуу экенин дарыгерлер төрөткө эки күн калганда гана билишкен. Наристени көзөмөлгө алган дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, анын ички органында бири жакшы жана бири начар жетилген кызыл өңгөч, жүрөк жана омуртка бар экенин айтышууда. Мындан ары ымыркай жашап кетеби же жокпу, жооп берүү кыйын. Учурда анын ден соолугу жакшы.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
dobrajelatel
2011-05-23 13:33:41
Все равно жарык коргон маалматтарга гарантия жок Кыргызстанда эле эмес дуйнодо.
0
adiiiiiiiiiii
2011-05-23 17:34:35
pakistanga ras boluptur any biro amerikaga jardam ber deppi
0
Nurtotash
2011-05-24 16:51:10
Menin oyumcha, Barak Obamany da talibder olturushot
0
nissan
2011-05-26 15:25:08
ooba Barak obamanin shailoogo bolgon daiardigi.Andai adamdar ozynyn kizikchikigi ychyn dyino adamdarini aldaganga da daiar.
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан