Мындан бир-эки жыл мурда Майлы-Суудагы мектептин мугалими менен окуучу баланын “согушу” коомчулукту бир дүрбөлөңгө салды эле. Эми өткөн аптада интернет сайттардын биринде орто мектептеги мугалим окуучуну күч колдонуп сабап жатканы тартылган видеотасма пайда болду.
КҮНӨӨ КИМДЕ, ОКУУЧУДАБЫ ЖЕ МУГАЛИМДЕБИ?
Видеотасманын алгачкы монтаждалбаганын көрсөңүз, күнөө эки тарапта тең бар экени ачык көрүнүп турат. Информатика сабагынан берген мугалим Айнура Кызылакова сабак учурунда класстагы окуучуну тапшырма аткарып келбегендиги үчүн “сабактан чыгып кет” десе, окуучу “мен окуймунбу, окубаймынбы, аны менен ишиңиз болбосун” деп мугалимге каяша айткан. Бул сөзгө териккен мугалим окуучуну чаап жибергенде ал мугалимин уят сөздөрдү айтып сөгүп кирген. Мындай сөзгө ого бетер ызаланган мугалим аны кайра-кайра чапкан.
ООЗ АЧАЛБАГАН ОКУУЧУЛАР, ҮН ЧЫГАРБАГАН МУГАЛИМДЕР
Окуя орун алган Бишкектеги №55-орто мектебинин директору Замира Токтогулова менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал эч кандай комментарий бере албастыгын айткан эле. Окуяны толук билүү үчүн эртеси мектептин өзүнө барганыбызда бизди терезеден көрүп калышканбы, айтор, мектептин босогосун аттай электе эле күзөт кызматкери эшикти жаап, киргизбей койду. “Мектеп директору менен сүйлөшөт элек” дегенибизде “азыр ал иш ордунда жок, билим берүү борборуна кеткен” деген жооп алдык. “Директор маек берүүдөн качып жатса, анда видеотасмадагы окуучу менен жолугалы” десек, “ал сабакка келе элек” деп күзөт кызматкери эшиктин жанынан карыш жылбай туруп алды.
Видеотасмадагы баланы тааныгандар чыгып калар деп мектептин короосунда турдук. Мектептин ичинен үч-төрт мугалим чыгып, окуучулардын баарын мектепке киргизип, бизди “бул аймактан кеткиле” деп артыбыздан сая түшүштү. Мугалимдер үн катпаган соң айлабыз кетип окуучулардан сураштыра баштадык. Алар “тааныйбыз, аты Адилет, 8-в класста окуйт...” деп айтып келатып эле токтоп калышты. Карасак, “үйүңөргө кеткиле” деп тиги мугалимдер дагы келатат. Кыскасы, аталган мектептин мугалимдери окуучуларын сүйлөтпөй коюшту.
“АЛ ЭЖЕКЕ БААРЫБЫЗДЫ САБАЙТ”
Ошентип, кененирээк сүйлөшүүгө такыр мүмкүнчүлүк болбой койгонунан бир көчө ары барып турдук. Окуучунун аты Адилет экенин билип алгандан кийин байланышууга телефон номерин сураштырып табалы деп машинаны аңдыган МАИ кызматкерлерине окшоп жолдо келаткан окуучунун баарын жөн өткөрбөй сурай бердик. Арасынан кээ бирлери “тааныйбыз, номерин билбейт экенбиз, бирок ушул эле жерде жүргөн” дешти. Чоң класстын төрт окуучусуна кайрылып Адилетти сураганыбызда “ооба, тааныйбыз. Мугалим аны сабаганын укканбыз, бирок видеотасманы көрө элекпиз. Ал эми Айнура эжей жалгыз аны эле эмес, баарыбызды кууратат. Бизге да сабак берет. Ал башынан эле ошондой, сабайт. Аны баары эле билишет”,- деген жоопторун узатышты.
ДИРЕКТОР СУРООЛОРУБУЗГА ЖООП БЕРҮҮДӨН ЭМНЕГЕ БАШ ТАРТТЫ?
Көнбөгөн мектеп директоруна кайрадан телефон аркылуу байланыштык. Ал “мен кабарчыларга ишенбей калдым, көрдүңөр го, Стан ТВнын кабарчысы келип, “баарын калыс чагылдырабыз” деп коюп, күнөөнү мугалимге үйүп коюптур” деп суроолорубузга жооп берүүдөн баш тарткандыгынын себебин ушундайча түшүндүрдү. Ошондой эле учурда бул иш боюнча Билим берүү министрлигинен информатика мугалими жана өзү сөгүш алгандыгын кошумчалады.
МУГАЛИМ – КООМДУН КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧҮ, ОКУУЧУ – КЕЛЕЧЕК ЭЭСИ
Социалдык теңсиздиктен улам сабак окубаган, мектептеги тартипти сактабаган окуучулар мугалимдерди киши көзүнө албай, “алар окуучуга кол көтөргөнгө акысы жок” деп каалаганын кылышат. Кээ бирлери ата-энесинин байлыгына чиренишип, билим берген устатына кол көтөргөнгө чейин барган учурлар да кездешет. “Ушунун баарына мугалим болгондон кийин чыдап, окуучуларга алдап-соолап тарбия бериш керек” дегендер да четтен чыгат. Бүгүнкү жашоону эске алганда арзыбаган айлыкка ыраазы болуп, өлкөнүн келечектерин тарбиялоого күчүн жумшап келген мугалимдердин да абалын түшүнөбүз. Бирок ошол эле учурда улуу педагогдун “шалтакты шалтак боюнча сүйүш керек” деген сөзүн кээ бир мугалимдер унуткансыйт. Акырында айтарыбыз, мугалим – коомдун кыймылдаткыч күчү болсо, окуучу – келечек ээси. Андыктан бул окуя башкаларга да сабак болуп, сөз кайтарып, кол көтөрмөйлөр азайса экен дейбиз.
Равшан Омошев, юрист:
– Видеотасмадан көрүнүп турат. Окуучу менен мугалим экөөндө тең күнөө бар. Мыйзам боюнча, Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн мугалим сөгүш алышы каралган. Эгерде иш каралып, күнөө мугалим тарапта болсо, анда ал эмгек тартибин сактабагандыгы үчүн жумуштан бошотулат. Ал эми мындай окуялар боюнча мыйзамда так, даана көрсөтүлгөн берене жок.
Эми буга окшогон көрүнүштөр мектептерде дайыма эле болуп келген. Мугалимдер окуучуларды билим алышсын, түз жолго түшсүн деп аракет кылышат да. Азыркы окуучулар демократия деп эч кимге баш бербей калышты. Ошондуктан жалаң эле мугалимдерди күнөөлөй бербей, окуучулардын ата-энелери, министрлик кошо киришип, тарбия иштерин жүргүзүшү керек. Антпесе, коомубуздун эртеңи кыйын күнгө кептелип калышы толук мүмкүн.
(Аталган видеотасманы бул жерден көрүүгө болот )
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg