– Аялдын ойношу көп болуп, төшөк оюну менен көп алектенсе, жыныс кыны терең жана кең болобу? Зияда, Жалалабат.
– Бул терең жаңылыштык. Жыныс кынынын тереңдиги аялдын табиятынан болот. Башкача айтканда, аялдар төрөлгөндө эле түрдүү тереңдиктеги жыныс кыны менен төрөлүшөт. Дүүлүкпөй турганда аялдардын жыныс кынынын узундугу орточо эсеп менен 7,5 сантиметрден 12 сантиметрге чейин жетет. Ал эми кенендиги 2-3 манжа баткандай болот. Дүүлүккөн учурда жыныс кыны дагы 5 сантиметрге чейин чоюлат. Жыныс кынынын кеңейип калышы көпчүлүк учурда төрөттөн соң кездешет. Анткени, жыныс кыны бошоң тартып калат. Мындай болгондо эркектер жыныс мүчөсүн аялдын жыныс кыны кыспай, анчалык жыргалга батпай калгандыгын айтып даттанышат. Андыктан, аял төрөттөн соң тынып алып (7-10 күндөн кийин), жыныс кыны мурунку абалына келиш үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасоосу керек. Көнүгүүлөргө жатып, эки бутту өйдө көтөрүп, велосипед тепкендей кыймылдоо (“велосипед” көнүгүүсү) жана жатып, эки бутту көтөрүп, кайчылаштырып кыймылдатуу (“кайчы” көнүгүүсү) кирет.
– Мен бир-эки айдан кийин турмушка чыкканы турам. Бирок, күйөөгө тийүүнү ойлогонумда коркуп кетем. Күйөөгө тийүүгө кантип даярданууну да билбейм. Ушул жаатында акыл кошуп коёсуздарбы? Мери, Талас. – Келин болууга даярданууну чириген тиштериңизди суурутуп дарылатуудан, өнөкөт ооруларыңыз болсо, ал жаатында дарылануудан баштаңыз. Анткени, чириген тиштерди канчалык тазаласаңыз деле жыт чыгып турат. Ал эми жаңы келиндин оозу жыттанып, анан баргандан көп өтпөй эле ооруп турганы жагымдуу эмес. Кошумчалай кетчү нерсе, болочок күйөөңүз менен дарыгер-гинекологго барып текшерилип, кыз экениңизди тастыктап алыңыз. Анткени, кээ бир кыздарда табиятынан кыздык белгиси жок же нике түнү айрылбай тургандай калың кыздык болушу мүмкүн. Андыктан, текшерилип алганыңыз өзүңүзгө жакшы. – Дүүлүккөнүмдө «алигимден» өңү тунук, коюу суюктук чыгып кетет. Бул эмне болчу? Сакы, Нарын. – 2-3 тамчы суюктуктун чыгып кетиши – эркектерде калыптагыдай көрүнүш. Бул жыныстык катнаш убагында «алигини» нымдоочу ролду аткарат жана анын курамында эч кандай сперматозоид жок. – Эмне үчүн кээ бир келин-кыздардын эмчегинин үрпүнүн тегереги жымсал, таза, кээ бирлердикинде бүдүрчөлөр толтура. Андай бүдүрчүлөрдөн кутулууга болобу? Бурул, Ош. – Эмчектин үрпүнүн чоңдугу жана үрптүн тегерегинин өңү (пигментация) ар кимде ар кандай болот. Мисалы, бирөөнүн үрпүнүн тегереги бир аз күрөң тартып турса, кээлериники каралжын тартып турат. Бул гормоналдык тең салмактуулуктун деңгээлинен (гормональный баланс) болот жана калыптагыдай көрүнүш. Ошол сыңары эле, үрптүн тегерегиндеги бүдүрчөлөр да калыптагыдай көрүнүш. Андыктан, андай бүдүрчөлөрдөн кутулууга аракет – Кыздар эркектер менен жата элек, башкача айтканда, кыздыгы алына элек учурда деле оргазмды сезиши мүмкүнбү? Гуля, Ош. – Албетте. Негизи, кээ бир келин-кыздар оргазмга жыныстык катнашка барбай деле сырткы жыныс мүчөлөрүн, анын ичинде жыныс тилчесин (клиторун) манжалары менен сүргүлөө, ушалоо аркылуу жете алышат. – Сүйүктүүм дамамат мага таарынат да турат. Анткени, жыргалдын туу чокусуна жете баштаганымдан тартып өңүм өзгөрүлө баштайт экен. А муну болсо аялым өзүн мазактап жаткандай кабыл алат тура. Өзүм болсо өңүмдүн өзгөрүлгөнүн сезбейм. Эмне кылсам болот? Шер, Бишкек. – Сизге сүйүктүүңүз таарынбай эле койсо болот. Анткени, жыныстык кошулуудагы эң таттуу мезгилге жеткенде адамдын өңүнүн өзгөрүлүшү – табигый көрүнүш. Өңдүн өзгөрүшү беттеги булчуңдардын сексуалдык чыңалуусунан келип чыгат жана адам өзү байкай бербейт. Айта кетчү нерсе, төшөктө коргошундай эригенде эркектердин эле эмес, аялдардын да өңү өзгөрүлөт. – Күйөөм экөөбүз шаарда батирде жашагандыктан, экинчи балалуу болууга шартыбыз жок болуп жатат. Андыктан, кокус боюмда болуп калса, аборт жасатсам кийинки балама зыяны тийбейби? Жибек, Бишкек. – Жок, таасири тийбейт. Аборттун залакасы башкада: кош бойлуу болуунун мүмкүнчүлүгүнүн азайышы же кош бойлуу болгон күндө да бойдон түшүп калышы мүмкүн. Аборт канчалык көп болсо, залакасы ошончолук чоң. – Мен кийинки учурларда оралдык секске тартылып баратам. Сперманы жутуу зыян эмеспи? Света, Бишкек. – Эркектин бел суусун жутуу зыян эмес. Сексте эч кандай тыюу салуу болбоо керек. Төшөктөгү шеригиңиз экөөңүз эмнени кааласаңыз, ошону жасасаңыз болот. Болгону, оралдык секс кадимки жыныс кыны аркылуу кошулуунун санынан көп болбоосу керек. Башкача айтканда, табигый жол менен кошулуудан алыстап кетпеңиз. – Аялым экөөбүз жашаган беш жылдан бери бир да жолу бир убакта жан жыргалына жете элекпиз. Ошондуктан, кумардын чокусуна бир мезгилде кантип чыкса болоорун айтып коёсуздарбы? Нурдан, Бишкек. – “Аял менен эркек бир убакта жан кумарына батат” дегендикти фантазия десек да жарашчудай. Оргазмга бирге жетсек деп аракет кылып, тынчсыздангандардын көбү жыргалдын туу чокусуна жетпей калышат. Анткени, тынчсыздануунун өзү жыргалга жетүүгө бөгөт коёт. Андыктан, бир убакта оргазмга жетүүгө аракеттенбестен, төшөк кумарына бирге даярданып, болушунча эркин болуу эркекке да, аялга да жакшы рахат тартуулайт.
КҮЙӨӨГӨ ТИЙҮҮГӨ КАНТИП ДАЯРДАНЫШ КЕРЕК?
ЭМНЕ БОЛГОН СУЮКТУК?
ЭМЧЕКТЕГИ БҮДҮРЧӨЛӨРДӨН КУТУЛУУГА БОЛОБУ?кылмак түгүл ойлонбоо да керек. Көп эркектерге ошондой бүдүрчөлөрү бар эмчек жагаарын айта кетели.
КЫЗДЫГЫ БУЗУЛА ЭЛЕКТЕР ДЕЛЕ ОРГАЗМДЫ СЕЗИШЕБИ?
ЖЫРГАГАНДА ӨҢҮМ ӨЗГӨРҮЛӨ БАШТАЙТ ЭКЕН...
АБОРТ КИЙИНКИ БАЛАГА ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗБЕЙБИ?
СПЕРМАНЫ ЖУТУУ ЗЫЯН ЭМЕСПИ?
ЖЫРГАЛГА БИР УБАКТА ЖЕТПЕЙБИЗ...
– Дүүлүккөнүмдө «алигимден» өңү тунук, коюу суюктук чыгып кетет. Бул эмне болчу? Сакы, Нарын.
– 2-3 тамчы суюктуктун чыгып кетиши – эркектерде калыптагыдай көрүнүш. Бул жыныстык катнаш убагында «алигини» нымдоочу ролду аткарат жана анын курамында эч кандай сперматозоид жок.
Бул суроого туура эмес жооп берипсиздер, дуулуккондо чыга турчу суюктукта сперматазоид болушу толук мумкун.