Алексей Чумаков: «МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ЭМЕС, КҮЧКӨ ИШЕНЕТ»

Алексей Чумаковдун аткаруусундагы ырлар радиолордон көп уктурулуп, өз күйөрмандарын таап келет. Учурдагы орус ырчыларынын катарын толуктаган ал ырчы гана эмес, композитор, продюсер, актёр катары да белгилүү. Баарынан кызыгы, ырчы Юлия Ковальчуктун жүрөгүн жаралаган “мачо”.

Толук аты-жөнү – Алексей Георгиевич Чумаков
Туулган күнү – 1981-жыл, 12-март
Туулган жери – Самарканд, учурда Орусиянын жараны
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Хоббиси – Муз үстүндө бийлөө

«ТАҢКЫ ЖЫЛДЫЗДАН» ТААНЫЛГАН
"Алексейдин мүнөзүндө азиаттарга тиешелүү көп сапаттар бар. Ал тургай анын коңур үнүндө чыгыш өлкөлөрүнө тиешелүү жылуулук бар”,- дешет аны жакындан билгендер. Бул сөздүн чындыгы бар болсо керек. Анткени ырчы Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. Апасы армян кызы болсо, атасынын улуту болгар. Бала бакчанын оюн-зоокторунда ырдап жүргөн Алексей 10 жашында Өзбекстанда өткөрүлгөн “Таңкы жылдыз” балдар сынагын жеңип алып, Москвага жолдомо алат. Бирок үй-бүлөнүн шартына байланыштуу Москвага бара албай калат. “Москвага барбай калганым, бала кездеги эң чоң трагедиям болгон. Кийин Москвага да келдим. Бирок бул шаар мени кучак жайып күтүп алган жок. Бир сезгеним, Москва көз жашка эмес, күчкө ишенет экен”,- деп эскерет ал.
Союз тарап, улуттар аралык келишпестиктерден улам Чумаковдордун үй-бүлөсү Тюмень шаарына көчүп кеткенге аргасыз болот. Тюмендеги Искусство институтуна тапшырып, бир жыл окуган соң окуусун таштап коёт. Анткени окууга кетирчү убакытты музыканы өз алдынча үйрөнүүгө, чоң сахнага жол издөөгө кетирүүнү туура көрөт. (Кийин Ташкенттен Искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн).

ДЕМӨӨРЧҮ ТАБУУ ДА ЧОҢ ШЫК
Тукум кууган өнөр Алексейде да бар. Анын чоң атасы Самарканддын мыкты архитектору болсо, атасы сүрөтчү болгон. Алексей да мыкты пейзаждарды тартат. Ал кичинесинен эле өз алдынча акча тапканды сүйчү. Бирде Самарканд шаарынын базарларында жер-жемиш сатуу менен алектенсе, бирде тойлордо ырдап акча тапчу. Алексейдин дагы бир кыялы – чоң сахнага чыгуу эле. Ийгилик аны көп күттүргөн жок. Ал “Европа плюстун” үндөрү” деген сынакта үч наам боюнча жеңип алып көзгө көрүнгөн. Сахнага чыгуу үчүн бир гана талант аздык кыларын сезген Алексей демөөрчү издей баштайт. Алексейге көмөк көрсөткөн тюмендик бизнесмен Станислав Нагаев болгон. Чындыгында, Алексейдин ырчылык жүзүн “Эл артисти” (“Народный артист”) телесынагы ачкан. Долбоордун жетекчилери: Лариса Долина, Евгений Фридлянддын жардамы менен “Сен үчүн акылымдан адашам” (“Я по тебе схожу с ума”) деген ырды ырдап чыгат. Кийин аталган ыр хитке айланып, Алексейдин күйөрмандары акыл-эсин жогото баштаган эле. Учурда Алексей ырчы катары гана эмес, Москвада композитор, аранжировкачы, алпаруучу, актёр катары таанымал. Автордук программа катары өзү продюсерлик кылган «Укмуштуудай кече» («Чумовая вечеринка») теледолбооруна артисттерди чакырып, эл алдында кылбаган иштерди кылдырып, күлкү кечесин тартуу кылат. Ошондой эле «Күн баткан маал» тасмасынын сценарийин жазып, башкы ролду өзү ойногон. Бардык нерсеге жөндөмдүү бул жигиттин жактырган айымы ким болду экен? Бул суроонун жообу төмөндө.

«ЮЛИЯНЫН ТЕМПЕРАМЕНТИ МАГА ТУУРА КЕЛДИ»
Алексей Чумаков менен “Блестящие” тобунун экс-солисти Юлия Ковальчук экөөнүн ортосундагы сүйүү романы 2-3 жылдан бери созулуп келет. Алгач чогуу жашаарын жашырышканы менен, журналисттерден кайда качып кутулушмак? Бири таштанды төгүп, экинчиси кир жайып жаткан сүрөттөр тез эле интернет булактарында пайда болгон. Ушундан улам экөө ачыкка чыкканга аргасыз болушкан. Юлиянын чыргоо кыялын билгендер Алексейге “Юлия арстан эле, аны кантип мышыктай аркаңдан ээрчитип алдың?” деп таң калышкан. Алексей: “Менин кыялым аныкынан кем эмес. Экөөбүз тең кызуу кандуу жана темпераменттүү адамбыз. Ал менден, мен андан кете албаганымдын сыры ушунда”,- деп жооп берген. Бирок эки жылдыздын мына-мына боло турган үйлөнүү тою негедир артка жылгандан жылып эле кетүүдө.
Алексей тууралуу акыркы жаңылык – анын Голливуд жылдызы Жонни Депп менен ымала түзө баштаганы. “Кариб деңизинин каракчылары-4” тасмасынын Москвада болуп өткөн бет ачарына келген белгилүү актёр менен Алексей пикир алышканга үлгүргөн. “Жонни менин эң жакшы көргөн актёрум. Анын харизмасы жана аткарган ролдору жагат. Эгерде мен аялзаты болсом, аны сүйүп калмакмын”,- деп Алексей элди күлдүргөн.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jaina
2011-05-23 13:46:54
Чумаковдун үнү сонун, өзгөчө "Тут и там" деген ыр абдан жагат мага.
0
Аида
2011-05-26 22:39:39
Алексейдин куйормандары акыл эсин жогото баштаган эле дегени кызык болду мага.
0
SOLITARY
2011-05-29 19:21:30
Лешанын таланты аябай чон..мага аябай жагат..
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан