Роза Шакирова: «АТАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ ДАРЫГЕРЛЕРДИ КҮНӨӨЛӨЙМ»

Роза Шакирова менен бир жолу саламдашкан адам аны абдан шайыр, жүзүнөн күлкү кетпеген айым деп кабыл алат. Бирок негедир бул айымдын репертуарындагы ырлардын көбү муңдуу. Ырчынын ички сезиминдеги уйгу-туйгусу “Чын сырым” рубрикасында.

Куш келипсиз. Акыркы убакта такыр эле көрүнбөй кеттиңиз...
– Учурда элдин эсинде кала тургандай кылып концерт берсемби деп даярданып жүрөм. Анан да бала чакта таттуунун атасын таанытсам керек, ошонун азабынан тиштеримди оңдотуп жатам. Жакында курбуларым “бизнес кылалы” дешкенинен эмне иш экенин толук түшүнбөй эле макул болуп коюптурмун. Кыязы, товар ташымай окшойт. Ишкердик менен алек болсомбу деген оюм бар.
Ушул жашка чейин эмнеге жетиштим деп ойлойсуз?
– Эң биринчи жетишкеним – балам Руслан. Анан той-топурларга чакыруулардан куру кол эмесмин. Демек, эл анча-мынча болсо да ырларымды угуп, чыгармачылыгымды баалайт.
Үй-бүлө түркүгү болгон жолдошу­ңуз тууралуу сөз кылып берсеңиз. Анын кримчөйрөгө байланышы бар экендиги тууралуу сөздөр айтылып жүрөт...
– Тойго барганда таанышуулар болбой койбойт. Ошондой тааныштардын бири менин жүрөгүмдөн орун алды. Негедир таанышкандан кийин тим эле эски тааныштардай жылуу сүйлөшүп жүрдүк. Ал мени көргүсү келип, күн сайын тамактанууга чакыра берчү. Чөнтөктө шамал ойноп калган учурларда курбум Айгүл Чалова экөөбүз тамашалап “байке, тамактанып койбойлубу” деп чалып калчубуз. Кийин менде андан уялуу сезими пайда болду. Көрсө, сүйүп калып наздана баштаптырмын да. Чынын айтсам, жолдошумдун ишине таптакыр кийлигишпейм. Болгону, ишемби, жекшемби күндөрү дайыма Алматыга кетерин так билем. Мага чейин ал кандай адам болгонун деле көп сурап башын ооруткум келбейт. Өзү да бул тууралуу айтканды жактырбайт. Мен аны кайсы учурда сүйдүм, мына ошол күндөн тартып мага тиешелүү деп эсептейм. Жолдошумдун мүнөзү түнт. Ушул убакка чейин жарылып бир сырын айтканын көрө элекмин. Бир нерсе көңүлүн бушайман кылып турса да, ичинен сызып жүрө берет. Ал эми менин ичиме эч нерсе батпайт. Жакшы көрөбү, жаман көрөбү, бетке айтып салмайым бар. “Казан-аяк кагышат, эрди-катын чабышат, эртеси эле табышат” дегендей, экөөбүз урушуп кеткенде ал тултуюп жүрө берет. А мен бир саатка араң чыдайм. Анан эле сүйлөй баштайм. Ал үйдө жок учурда “зарыл жумуш чыгып калды” деп кечке телефон чала бермей адатым бар.
Эгер сүйгөнүңүз көзүңүз­гө чөп салсачы...
– Тфү-тфү... Андай болбой эле койсун. Эгерде жолдошум ошондой жолго барса, жолуң ачык демекмин. Экөөнү бирдей сүйгөн адамды кечире албайм.
Жашоодо өкүнүчсүз адам­ды кездештире ал­байсың да. Сиздин өкү­нүчүңүз...
– Өкүнгөнүм – атамдын бул жарык дүйнөдөн эрте узап кеткени. Кээде атамдын өлүмүнө хайдаркендик дарыгерлерди да күнөөлөп кетем. Канчалаган адамдардын өтү жарылып кетип, убагында туура дарылап аман калып жатышпайбы. Атамды деле жакшы карашса аман калмак. Кээде баламдын ойноп жатканын көрүп, “атам небересинин алдыда боло турган канчалаган жакшылыктарын көрбөй кетти” деп көзүмдөн жаш тегеренет. Дагы бир өкүнүчүм – кеч турмушка чыкканым. Эртерээк өз ордумду тапсам, балким, азыр беш-алты балалуу болуп калмакмын. Улам жаш өткөн сайын төрөт дагы кыйын болуп калат экен. Муну башымдан өткөрбөдүмбү. Ошондуктан жашым өтө электе дагы төрөп алууну максат кылып жатам. Азырынча Жараткан тилегимди ишке ашыра элек. Жолдошум дарыгерлерге да алпарып жатат.
Эмнеден коркосуз?
– Албетте, картаюудан, анан жалгыздыктан корком. Чынын айтсам, 2005-жылга чейин менде коркуу сезими деген жок болчу. Ошол жылы шайлоонун шарапаты менен Таласка барып калганбыз. Эмне болгонун өзүм да түшүнбөй калдым. Сахнага чыгып ырдап жатсам эле жүрөгүм сайгылашып, демим кысылып чыкты. Ырымды аягына эптеп чыгардым. “Жүрөгүң өз ордунан ылдыйлап кетиптир” деген тыянак менен 7 күн молдого барып жатып араң өзүмө келдим. Ошондон бери эле негедир жалгыздыктан коркуп калдым. Кээде жалгыз калганда “эгер өлүп калсам, эч кимдин бул тууралуу кабары жок болсо эмне болот?” деп, андан да баламдын ыйлап жатканын элестетип алып кадимкидей жаман болуп кетем.
Жогоруда молдого барганыңызды айттыңыз. Ысытма, суутма деген нерселерге барып көрдүңүз беле?
– Андайдан алысмын. Мен бир нерсеге таң калам. Кээде концерттен келгенде бут кийимимдин ичинен түйүлгөн жиптер, үй жыйнап жатканда бурчтардан топурактар чыгат. Көрө албастар таштап кетишет окшойт. Бирок мен ошол түйүлгөн жипти таштагандын иши ошентип түйүлүп калсын деп коём.
Күзгү алдында нааразы болгон учурлар болду беле?
– Кээ бир күйөрмандарым муну укканда таң калышат го. Бирок мен үйдө жүргөндө чачымды тарагандан эринем. Жоолукту салынам да, биринчи курсакты тойгузам. Бир жакка чыгарда гана сөзсүз башымды жууйм. Эгер чачтарачканага жетишпей калсам, өзүм эле ары-бери жасап алам. Негизи, күзгүнүн алдына көп турбайм. Адам күзгүгө канчалык көп каранса, кемчиликтери ошончо көп чыга берет. Кемчилик демекчи, күзгүдөн колумдун булчуңдары чыгып турганын көрүп уялып кетем. Колума ийне алганга жарап калгандан тартып килем согом деп жүрүп, булчуңдарымды бышырып алыптырмын. Анча-мынча эркектерден кем калбайм, ха-ха... Табитим жакшы болгондуктанбы, толукмун. Кайсы убакта сумкамды ачпайын, колума момпосуй, банан деген нерселер илинет. Бирок толуктугумду жектебей, 12 мүчөмдүн амандыгына шүгүр кылам. “Нан болсо ыр болот” дегендей, курсагым ач кезде ырдай албайм.
Ичкиликке кандайсыз?
– Ачыгын айтыш керек, убагында агынан сеп этип койчумун. Анан кээде сыра ичип калчумун. Азыр анын баарын жыйыштыргам. Акыркы күндөрү каным азайып кеткендиктен, шарап ичүүгө кеңеш беришкен эле, иче албай койдум. Кичине чагыбызда атам шарапты челектеп алып койчу. Биз каалашыбызча иччүбүз. Ошондон көңүлүм калса керек. Ии, баса, бир жаман сапатым – үй жумуштарын көңүлүм келсе кылып, жалкоолонсом ырдап жата бергеним.
Кайгы-муңдун “рыцары” Асылбек Өзүбеков деп жүрсөк, сиз да андан кем калышпай баратасыз...
– Мунун себеби көбүнчө ошол кишинин ырларын ырдап жаткандыктан болуш керек. Анын үстүнө мен Улуттук консерваториянын опера бөлүмүндө окугам. Ошондуктан үнүм муңдуу ырларга жакшы келишет. Экзамен бербей калып, диплом албай калгам. Муну апам да билчү эмес эле, укса жаман болот го.
Эмнеге таштап койдуңуз эле?
– 5-курс кезимде “Туңгуч” театрына кирип алып акча таба баштагам. Анан акча табат деген ушул экен деп акыркы экзамендерди бербей калгам. Ошол боюнча дипломду көрбөй, “консерваторияны желкемдин чуңкуру көрсүн” дегендей мамиле кылдым окшойт.
Үй салдырып жатканыңызды уктук эле...
– Үй бүтө элек. Бирок мен жер үйдө жашагым келбейт. Ошондуктан тамыбыз бүтөрү менен сатып, жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн квартира алууну пландап жатабыз.
– Маегиңизге рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Роза Шакирова: "Атамдын өлүмүнө дарыгерди күнөөлөйм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
arlekino
2011-05-23 12:30:33
Жакшы экен ачык ...бактылуу болсун! уну абдан сонун...
0
jankakg
2011-05-23 17:38:22
Кээде концерттен келгенде бут кийимимдин ичинен түйүлгөн жиптер, үй жыйнап жатканда бурчтардан топурактар чыгат. Көрө албастар таштап кетишет окшойт. Бирок мен ошол түйүлгөн жипти таштагандын иши ошентип түйүлүп калсын деп коём.degeni emne dagy ysytma suutmaga ishenbeym deyt?bir sozu bir sozun tutpayt,chyndygy ushunday munozdor jakpayt...
0
asira
2011-05-24 11:18:32
Баласы жакшынакай быйтык бала экен. Аман болсун ар дайымю
0
mirsa
2011-05-24 16:36:27
дили таза жакшы аял экен жакты мага
0
Tokmok
2011-05-25 01:16:09
oho takyr bashkachaken, yrlarynan karap takyr bashka munozdomo bermekmin ..... Iyigilik sizge!!!
0
mirsa
2011-05-25 15:17:21
аябай душевный жакшы аял экен э
0
ikitaidesu
2011-05-26 10:26:31
уну абдан сонун, озу айтмакчы жалан гана армандуу ырлардын образын жакшы жаратат, бирок жашоодо эч кимде андай арман болбосунчу. Жоктон коро жогору бироо болсо дагы баланар бар АЛЛАХ насип кылса дагы коп балалуу болосунар!!!!
0
junus
2011-05-26 14:42:46
мага да аябай жагат кана эле мен да сиздей бир эле балалуу болсом
0
Lollipop
2011-05-27 11:41:13
чачы жакшы жарашат экен,мурункусу жарашчу эмес.
0
kolduk-kyz
2011-05-28 08:48:43
Achyk airym, jonokoi sonun adam eken. Keebir oosu murdun choiup aksent mn suilogondorgo salyshtyrsan.Ishinizge iigilik !!!
0
Chopulya
2011-05-29 00:07:56
Розанын мунозу ачык экен, жалгыздыктан корккону чын эле куйоом дегенинин башка уй-булосу бардай окшойт. Сен ага коп ишенбе, оз бактынды табасын дегим келет.
0
AIZAJANKA
2011-06-01 12:56:46
чынын айтканда ушундай интервьюну биринчи жолу окуп жатам. Ачык суйлогон айым экен. Молодец эже ийгилик сизге
0
altynkamikola
2011-06-14 09:56:55
aiabai achyk airym ege eken.birok kuioosunun emne ish kylganyn bilbese,myndaicha aitkanda kim ekenin bilbese..sizdi baktyluu aialzaty bolushunuzdu kaalap kuiormanynyz.
0
2011-07-26 11:56:28
Rosa,omyryn yshyn,ishterinde uigilik jana balandin sui yrmattin koro jur.
Ciler aitkandai abdan jonokoi,oiynda emne bolco jaap jashibagan tak aitkan,ech jacalmaci jok aium eken.
0
2011-07-26 11:57:37
Yshyndai irchilaribisdi kim ele cuilabait.
Mindan ari irlarin ysboi ygyyga araket kilam.
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан