АКЫЙКАТТЫН ЖЕҢИШИ

Алкы бузулган алдым-жуттум бул заманда дале кесибине берилген, абийир, адамдыгын жоготпогон адамдар бар экендигине ыраазы болгон эненин шоролуу көздөрүнөн жаш сызылып барып токтоду. Бул күйүт-кайгысы аралаш кубанычтын жашы эле. Соттун өкүмүнөн соң колдоруна кишен салынган зөөкүрдү эки жагынан жулкулдата алып кетишкенин көрүп көксөөсү сууй түштү.

“ЭМИ ӨЛСӨМ КАПАЧЫЛЫК ЖОК”
Сот залынан чууруй чыккан адамдардын арасында бүжүрөй баскан Зейнеп апаны тергөөчү бала колтуктан аяр алып жөнөдү.
– Сага рахмат, балам. Жакшы эне-атанын баласы экенсиң. Ылайым өркүнүң өссүн. Сен болбосоң бул зөөкүрдүн сайрандап жүргөнүн көрүп, көрүмдө жатып оодарылып кетмекмин. Эми өлсөм капачылыгым жок.
– Койсоңузчу, Зейнеп апа, сиз али көп жашайсыз.
– Ээ, балам, апаңдын эчкиникиндей өмүрү калды окшойт. Андан көрө айтчы, тигил зөөкүрдү кантип тузакка илдиң? Тимеле чакчарылып, “алжыган кемпир, сенин колуңдан эмне келет экен?” деп басып кеткенинде ызага буулугуп сүйлөй албай калган элем.
Эми эле 15 жылга соттолгон Асанды ойлогондо тергөөчү жигит жыйрыла түштү. Бул жеңиш тергөөчүгө оңойго турган жок. Күрсүйө өзүн ааламдын тирегиндей сезген Асанды тузакка илүү үчүн жарым жылдык убактысы кетти.

“КАРЫНЫН КАЙГЫСЫНАН АКЧА ТАПКАН УЯТ!”
Бир жыл мурун кабинетинде отурса, ушул Зейнеп апа ыйлап келген. Бечара тимеле өпкө-өпкөсүнө батпай солуктаса жанына адам чыдап тура албастай эле. Зейнеп апанын жалгыз небересинин өлүмүнө байланыштуу ишти шериги Майрамбек карап жаткан. 14 жашар Бакытты айылдын алма багына асынып алган жеринен табышканын, бул өзүн-өзү өлтүрүү эмес, кимдир-бирөөлөрдүн колунан келген иш экендиги жөнүндө күмөн бар экендигин угуп жүргөн. Андыктан, солуктай ыйлаган кемпирге эмне жардам көрсөтөөрүн биле албай калдастап шашып, суу берип, эмне үчүн ыйлап жаткандыгын сураштырып кирген.
– Шеригиңе айт, балам. Акыйкатты жашырып болбойт. Акча тапсаңар башкалардан таба бергиле. Бирок, мендей эчкидей жашы калган карынын кайгысынан акча тапканыңар уят эмеспи?
– Сиз эмне деп жатасыз, апа? Түшүнгөн жокмун.
– Тигил шеригиңди айтам. Бечара Бакытым каза тапканда милийсаданмын деп барып сүрөткө тартып: “Өзүн-өзү аспай эле бирөөлөр кылган окшойт. Сиз ыйлабаңыз, апа, күнөөлүү адамды табабыз”,- деп кеткенде “ии, түзүк бала экен” деп ичим жылыган эле. Тигил Асан зөөкүр жөнүндө айтып бергенимден кийин эле өзгөрдү да калды. Бүгүн пенсиямды алганы келип, милийсага тие кетейин, бир жаңылык бардыр деп келсем: “Сиздин небереңизди эч ким өлтүрбөптүр. Өзүн асып алыптыр. Ошол кезде мас абалда болгон экен. Жыйынтык чыкты”,- дейт оозу-мурду кыйшайбай. Кудайды караса болбойбу?! Бакытым эч качан ичкен эмес. Жаш, тарбиялуу, ыймандуу бала ичмек беле?! Түз эле сурадым: “Ачыгын айт, балам. Тигил Асан сага уурдаган койлорунан берем деген окшойт. Ошон үчүн ушундай кеп сүйлөп жатасыңбы?”- десем тимеле кызаңдап, кабинетинен кууп чыкпадыбы.
Ошол күнү Бекжан ыза болгон энени көпкө чейин тынчтандырып, сүйлөшүп отурган. Өзүнүн жумушу чачтан көп болсо да, карынын көңүлүн кыя албай, анын кебин угуп отурууга аргасыз болуп, Зейнеп апанын катаал өмүр-таржымалынан кабардар болгон. Күйөөсү жылкычы болгон экен. Азоо атты үйрөтөм деп жатып учуп түшүп, каза тааптыр. Андан жалгыз уул калган экен. Тагдырдын катаалдыгын караңызчы, уулу да бир балалуу болгондо жол кырсыгынан каза таап, келини чиедей баласын кайненесинин колуна карматып салып кете берген тура. Эми кашайып, ошол жалгыздан калган туягы, небереси Бакытты да өлтүрүп кетишиптир. Ооба, душманыңа да каалагыс тагдыр экен.

“КОЛУҢДАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ!”
Зейнеп апаны алдап-соолап жатып жөнөтүп, анан бул ишти тергеп жаткан шеригине кирди. Анын мынчалык кары адамга олдоксон мамиле кылаарын билбеген эле. Бир чети анын мындай жоругуна кыжыры да келип, кичине уяткарып коймокчу болгон. Бирок, шериги аны ооз ачтырбай койду.
– Ой, сен качан бей-бечаранын таламын талашып Робин Гуд болуп кеттиң эле? Эмне, же “сүттөй акмын, эч кимден эчтеке албайм” дегиң барбы?
– Сүттөй акмын деген ким бар экен? Бирок, бечара карыган кемпирди пайдаланып акча таппасаң деле болот эле го!
– Кемпирби, чалбы, карыбы, жашпы... Эмне айырмасы бар? Асанды менден жакшы билесиң. Мага сунуш кылган акчасы кандай сумма экенин билесиңби? Мээм айныптырбы ошондой суммадан баш тартып? Мен албай койсом эртең эле прокуратурадан же соттон бирөөсү илип кетет. Же эмне, “ушул иш, ушул шабашка мага тийбей калды” деп ичиң күйүп жатабы?
– Койсоңчу, кайдагыны айтпай. Экөөбүз качан эле бири-бирибизге көз артчу элек?
– Во, эми өзүңө окшоштуң.
Чын эле «сүттөй акмын» дей албайт. Бул шериги экөө ыңгайы келе калганда пара алып, ишти камырдан кыл суургандай жымсалдап жаап салган учурлары болгон. Анан эмнесине адалсынат десең?! Ичинен сөгүнүп алып, бул ишке кайра мурдун тыкпаска өзүнө сөз берип басып кеткен. Ошентсе да мөгдөп ыйлаган эненин көз жашы эсинен кетпей айласын кетирип жүргөндө Зейнеп апа кайра келди.
– Балам, айтсам ишенбей жаттың эле. Ошол Асан эле өлтүргөн баламды. Айтпадымбы, каргаша болоордун мурунку күнү Бакыт үйгө кеч келген деп. Кабагы бүркөлүп кирип келгенинен тамагын ысытып берип, эмне болгонун сурай албай буйдалып турдум. Өзү айтабы десем, жок, унчукпайт. Менден эч нерсе жашырчу эмес чунак бала. Чыдабадым, түйшөлүп уктай албай жатканынан улам сурадым.
– Ээ, Бакытай, эмне эле кабагыңа кар жаап калган?
– Апа, тигил Кубат абамдын эки жылкысын, 10 коюн уурдап кетишти.
– Ок, эмне дейт?! Сен аны кайдан билесиң?
– Мен өз көзүм менен көрдүм. Жана жаан жаап киргенде алма бакта жүргөм. Үйгө качып кетүүгө жетишпей бактын астына корголодум. Башында мени байкашкан жок. Үстү чүмкөлгөн машинаны айдап келишип, ачык эле эки жылкыны, ондон ашуун койду жүктөп алып кетишти. Ичинде тигил Асан да бар экен. Коркуп кетип качып жөнөсөм, мени ошол байкап калды окшойт. Артымдан кууп жөнөдү эле, бир шериги “койчу, кубалашып мышык-чычкан ойноп отурууга убакыт жок” деп кыйкырып, аны чакырып алды. Жүрөгүм түшүп калайын деди.
– Жүрөгүңдөн сенин. Кой, балам, күнөө кылса, Алла өзү жазалайт. Сен аны унутуп сал. Уктай гой, балам,- деп аны жооткотуп койгом. Ошондон эки күндөн кийин эле баламды “асынып алыптыр” деп алма бактан алып келишпедиби.
Кечээ кайраттанып алып Асандын үйүнө бардым. Келинчеги бар экен. “Угуп кой, келин. Күйөөң уурулук кылып, арам оокат менен күн көрүп жатканы аз келгенсип, жалгыздан калган жалгызымды өлтүрүп тынды. Айтып кой, мен аны тынч койбойм!”- дедим. Аялы да ажаан неме экен, тимеле бакырып коё берди. “Мейли, бакырсаң бакыр, бирок, күйөөң экөөңдүн арам оокатыңар силерге аш болуп жарытпайт”,- деп жатсам Асан өзү келип калып жатпайбы. Кебимди угуп: “Колуңдан эмне келет? Карыганда алжыбай тынч эле отурбайсыңбы! Бар, билгениңди кылып ал!”- деп дегдеңдете колумдан жетелеп чыгарып койду.
Тигил тергөөчү балага келсем, кабинети жабык экен. Карыганда милийсанын эшигин жыртып, Кудайга эмне жазганым бар эле?

“ДАЛИЛДЕЙ АЛБАСАҢ КӨЗҮҢДҮ ЧУКУЙМ!”
Кемпирдин ыйлаганындай эле бар экен. Бир айдан соң соттук-медициналык экспертизадан “Камчыбек уулу Бакыт өзүн-өзү асып алып каза тапкан” деген жыйынтык чыгарылып, ишти жаап салышканын укту. Бул ишти ушул бойдон калтырып коё албасын, Зейнеп апанын жаш жууган бырыштуу жүзү тынчтык бербесин түшүндү. Ортодо шериги Майрамбектин кылыгынын бетин ачып, Асандын парасынын чет-жакасынан ооз тийип калган жетекчиликтин каарына чыдап, Асандын түрдүү тоскоолдуктарын жеңип өтүп, маркумдун сөөгүн эксгумация кылып кайра каздырып текшертүүнү максат кылып ишке киришти.
Шериги Майрамбек эле эмес, бир нече тергөөчүлөр, опер достору: “Өзүңчө эле эмне болуп жатасың ак карга болуп? Эртең эле бири-бирибизге ишибиз түшөт. Топтон бөлүнбөй жөн жүрбөйсүңбү”,- деп шылдыңдашып, бир чети демитип жатышты. Майрамбек экөө тирешип жатып мушташып да кетишти. Начальниги болсо чакырып алып, жетээр жерине жеткизе сөгүп: “Эми баштаарын баштап алдың. Бул ишти аягына чейин жеткиз. Эгер айтканыңды далилдей албасаң көзүңдү чукуйм!”- деди ачык эле. Ошонун баарына чыдап, иликтөө жүргүздү.
“Адам баласынан өтө кеткен мыкаачы жок” деп бекеринен айтылбаса керек. Айылындагы Зейнеп апаны, анын катаал тагдырын, баарынан айрылып отуруп, эми карыганда эрбейген небересин караан тутуп жашап калганын Асан кантип билбесин? Бирок, пенделик көркоолугу, мыкаачылыгы жеңип кеткен сыягы. Ушул мадырабаш баладан бир күнү болбосо бир күнү оозунан чыгып кетиши мүмкүн деп коркуп, кечиримсиз ишке барды. Кылмышын көрүп койгон күбөнү көзү тирүү калтыргысы келбеди. Аңдып отуруп, алма бакка уюн айдап келген баланы күрөктөй колдору менен муунтуп, тыбырчылап барып диртилдеп калганда шалак дегизе жерге таштап, “эч ким көргөн жокпу?” дегенсип айлананы шашпай кыпкызыл болуп канталап чыккан көздөрү менен аңтарып чыкты. Жок, киши көрүнбөйт. Эми муну бир нерсе кылып жоготуу керек. Ошондо оюна: “Асып таштабаймынбы?! Өзүн-өзү асып алыптыр болуп кала берет да”,- деген ой келип, өзүнүн тапкычтыгына кубанып алды.
Бечара Бакыттын өмүр жиби ушинтип, мыкаачы колдон үзүлгөн эле. Канчалык тоскоолдуктар чыкканына карабай көжөлгөн тергөөчү акыры Асандын колуна кишен салдырып, күнөөсүн далилдеп, соттотуп тынды. Уурунун колунан куйругу кучак койдон үчтү алып, кемпирдин көз жашын ойлоп да койбой кудуңдап жүргөн шериги Майрамбек да жазадан четте калган жок.

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан