БЕЧЕЛГЕ КӨК ЖӨТӨЛДҮН КЕРЕГИ ЖОК

Учурда Орусияда жүрүп жаткан бензин таңсыктыгы Кыргызстанга кандай таасир тийгизет деген ойдун тегерегинде сөз кылмакчыбыз. Мындан сырткары биздин өлкөнүн тамак-ашка болгон таңсыктыгы да көңүл бурганга арзыйт.

ТАМАК-АШ ТАҢСЫКТЫГЫ
БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) тараткан маалыматка караганда, Кыргызстанда 2010-жылы тамак-ашка болгон баа 27 пайызга чейин жогорулап кетти. Бул Европа, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүч. Азык-түлүк программасынын дагы бир маалыматында Кыргызстандын 1,4 миллион калкы тамак-ашка болгон таңсыктыкты баштан кечирип жатканы, элдин 340 миңинин рациону сапаты төмөн азык-түлүктөрдөн турары жөнүндө айтылат. Ошол эле мезгилде жалпы элдин кирешеси баштапкы калыбынан жазбаганын (жашоо-тиричилик минимуму 4091 сомго туура келсе, орточо айлык 3216 сомго барабар) эске алсак, абал өтө оор экендигине көзүбүз жетет.
Үмүтсүз – шайтан демекчи, келечекте азык-түлүк кризисинен чыгып кетүүгө болот деген ишеним менен жашап келебиз. Дүйнөлүк экономиканын «локомотивдери» болгон АКШнын, Европадагы айрым өлкөлөрдүн жана Кытайдын 2008-жылы башталган дүйнөлүк каржылык кризистин туткунунан акырындап бошоно баштаган өнүгүү ыргагын, деги Кыргызстан биринчи кезекте агрардык өлкө экенин эске алсак, азык-түлүк өндүрүү тармагында түзүлгөн жайсыз абалдан чыгып кетүүгө болот деген ишеним пайда болот.
Эгер өкмөттүн улуттук экономиканы диверцификациялоо, экономиканын реалдуу секторуна чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу, ички ресурстарды мобилизациялоо, бажы саясатына өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөгө тыштан келип жаткан социалдык муктаждыгы чоң азык-түлүккө болгон салыктарды жеңилдетүү сыяктанган антикризистик иш-чараларды баштаса, ал өзүнүн акыбет-кайрымын берери анык.

КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯНЫН КӨЗҮН КАРООГО АРГАСЫЗ
Тилекке каршы, азык-түлүк кризисине байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө болот деген ишеним таш тиштей турган көздөнүп калды. Капыл-тапылынан эле экономикалык калабалар пайда болгону элди кыжалаттыкка салууда. Ал Орусиядагы апрелдин аягында пайда болгон бензин кризиси менен байланышат. Экономикалык тыгыз карым-катнашта турган Орусиянын Алтай өрөөнүндө, Томск, Новосибирск, Иркутск, Мурманск, Санкт-Петербург, Сахалин, Ярослав, Краснодар облустарында күйүүчү майдын тартыштыгы келип чыкты.
Ички рыногун тең салмактап, калыбына келтирип, байытуу үчүн Москва нефтепродуктуларын тышка экспорттоого чектөө киргизиши (күйүүчү май экспортуна бажы салыгын 44 пайызга көтөрүшү) Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтире турган фактор. Кыргызстанга ташылып келип жаткан күйүүчү майдын 80 пайызга чейинки көлөмү (кээ бир маалыматтар боюнча ал 92 пайызга чейинкиси) орусиялык экспортко тиешелүү. Демек, күйүүчү майдын экспортунун эсебинен күн көрүп жаткан Кыргызстан Орусияга күнкор. Бир сөз менен Орусияда болуп өткөн экономикалык ар бир кубулуштун жаңырыгы ошо замат бизге жетери, Кыргызстанда да кайталанбай койбостугу белгилүү.
Баарынан өкүнүчтүүсү, кара санатайлык кылгандай болуп Орусиядагы күйүүчү майдын тартыштыгы менен экспорттук чектөөлөр жазгы айдап-себүү иштери Кыргызстанда кызуу жүрүп жаткан учурга туш келип жатканында. Орусиядан келген суук кабар өлкөнү күйүүчү майлар менен камсыз кылып турган нефтетрейдерлер ассоциациясы менен өкмөттү күтүүсүз баскан экен, алактап шаштылары кетип калганы билинди. Алардын адегенде «Орусиянын экспорттук чектөө киргизгени жөнүндө тиешелүү кагазын ала элекпиз, шашылыш сүйлөшүүлөр башталды» деп чаргыткан кептер менен чектелишкени абал оор экенинен кабар берип турду. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Жумакадыр Акенеевдин «Орусиянын бажы чектөөлөрү бизге тиешеси жок экен» деген жоромолго негизденген оозу бош сөзү өзүн-өзү алдоо катары кабыл алынды. Анын жубатма сөзүн күйүүчү майга баанын тынымсыз өсүшү ырастай албай жатат.

БААЛАР ДАГЫ КӨТӨРҮЛӨБҮ?
ЖКнын депутаты Улугбек Кочкоровдун Баткенде дизель отундарынын бир литри 60 сомго чаап чыкканы жөнүндөгү билдирүүсү кырдаал күн сайын оорлоп баратканына далил. Жазгы талаа иштери үзгүлтүккө учурабаса да, депутат Азамат Араппаевдин тили менен айтканда, айыл чарбасында өндүрүлгөн товарлардын баасы алтынга тете болуп асмандап кетери турган иш.
Күйүүчү майлардын тартыштыгы азык-түлүк продуктуларын өндүрүүнүн өздүк наркын олуттуу түрдө жогорулатат. Ошону менен инфляцияга карата жаңы жол чабылары анык. Башкасын айтпаганда, транспорттук чыгымдар азык-түлүк товарларынын 25 пайызын түзүп турарын эске алсак, баа келечекте көкөлөп кетери кажетсиз. Капилеттен көтөрүлгөн бааны элдин жакыр катмары майышпай көтөрүп кете алары арсар. Эки жылдан бери азык-түлүк кризисинен башы чыгалбай келе жаткан Кыргызстанда баанын кошумча өсүшү ачкачылык толкундоолорду жаратпаса да, бийликтин беделине эңшерилте тургандай сокку болушу мүмкүн.

Үсөн Касыбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Аида
2011-05-25 15:34:43
Мумкун тансыктыгы эмес танкыстыгыдыр?
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан