Бул аптанын башында биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов бир айлык эмгек өргүүсүнөн кийин кызматына киришти. Ал эми аны айыптап чыккан экс-баш прокурор Кубатбек Байболовду «жалган дооматтары үчүн жоопкерчиликке тартуу керек» дегендер чыгууда.
Кыскача эске салсак, кызматтан бошотулган Кубатбек Байболов парламентке келип, чуулгандуу иштердин башын ачып, “компроматтардын автору” атыгып кеткен. Байболов айткан былыктардын ичинде Бабановдун “быкыйлары” көп болчу. Мындай ызы-чуунун айынан Өмүрбек мырза «бир айга эс алууга чыкты» деген айла таап, кызматтан четтеген эле.
Биринчи вице-премьердин тегерегиндеги сөздөрдүн чындыгын аныктоо үчүн түзүлгөн комиссиянын бири бул аптада өз жыйынтыгын чыгарды. Коалициялык көпчүлүккө кирүүчү депутаттардан турган комиссия “өз кишисин сатпайт” деген принцип менен изилдөөсүн жүргүзгөн чыгар, кыска-нуска “Бабанов акталсын, Байболовду жоопкерчиликке тартуу керек” деген бүтүмүн жарыялады.
Ал эми оппозициячыл маанайдагы депутаттардан куралган комиссия азырынча тыянагын айта элек. Бирок комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков: «Биз Өмүрбек Бабановдун чындап эле Казакстандын паспортун алганын жана ага тиешелүү компаниялардын салык төлөбөгөндүгүн тактадык»,- деп айтты.
Балким, Башкы прокуратура Байболовго каршы кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Анткени ал президенттик шайлоого катышуучу бараандуу талапкер катары азыркы бийликтегилердин баш оорусуна айланганы анык. Ошондой эле көшөгө артында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановго каршы саясий күчтөр Байболовдун тегерегине чогуларын айтышууда. Ал эми айрым серепчилер болсо эми трибунада сүйлөө кезеги биринчи вице-премьерге келди деп жатышат. Өмүрбек мырза бир кадам артка таштады, эми алга карай эки кадам таштоочу күндөр да бул адам үчүн жакындап калган өңдөнөт...