Сыймык Бейшекеев: «МЕНИН БИЗНЕСИМ ДА, САЯСАТЫМ ДА – ӨНӨР СЕРЕСИ»

2010-жылга чейин депутат, ал тургай министр болсом деп көксөп жүргөн Сыймык Бейшекеевдин кыялына кимдер бөгөт коюшту? Ырчынын ушул жана башка жаңылыктары төмөнкү макалада.

– Сыймык байке, маекке чакырганымда “бата алганы баратабыз” дедиңиз эле. Кандай барып келдиңиздер?
– 4-классынан бери тарбиялап келе жаткан уулум Аваз Акимов быйыл 21 жашка чыкты. Окууну бүттү, аз да болсо элге таанылып калды. Жасаган ишиңдин жыйынтыгын элге көрсөтүшүң керек да. Ошол максатта 15-майда Аваздын кичи мекени Өзгөндүн Кызыл-Тоо айылынан бата алып келдик. Айыл эли түп көтөрө келип, баталарын беришти.
– Азыр ата болуп, балда­рыңыздын камын көрүп жүрө­сүз. Өзүңүздүн бала­лыгыңыз эмнеси менен эсиңизде калган?
– Кичинекейимде аскер адамы болсом дечүмүн. Согуш жөнүндөгү кинолорду көрүп, атышмай ойноп дегендей. Баламын да “эмнеге согуш бүтүп калган? Мен согушка барат элем” деп айтып, далай жолу чоң энемден кепич менен оозго жегем. Ооганстанда согуш чыкканда да аябай сүйүнгөм. Кийин «совет аскерлерин Ооганстандан чыгарат экен» дегенди угуп алып “эми ким менен согушам?” деп капа болгонум азыр да эсимде.
– Аскер адамы кантип ырчыга айланды?
– 4-классымда согуштун 40 жылдыгы болуп, согуш тууралуу ырларды хордо ырдап калдым. Ыраматылык кайнатам ал кезде мектептин директору болчу. Ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасаган киши эле. Анын демилгеси менен биздин мектеп 1-орунду алганбыз. Азыр ойлосом, мага ошондо эле жылдыз оорусу жабышыптыр. Эже-агайлардын баары көңүлүмө карашчу, көтөрмөлөшчү. 6-класстан баштап комуз үйрөнүп, “Үкөйдү” ырдай баштадым. Мектепте менсиз кароо-сынактар өтпөй калган.
– Жаш ырчылардын көпчүлүгү сиздин таасириңиз менен сахнага келишкенин көп угам. А сиз кимдерден таасирленгенсиз?
– Мен айылда “Үкөйдү” ырдап жүргөнүмдө Малик Аликеев “Мөлмөлүмү” менен, Бек Борбиев аккордеону менен сахнаны багынта башташты. Бир жолу Тууганбай атабыз концерт коюп барып, “таланттуулар болсо, бизге кайрылгыла” деп калды. Бирок мен таланттуумун деп даап бара албай койгом. Ошондон кийин “Электроника” магнитофонуна бир саатта тогуз ырымды жаздырып салыптырмын. Үйдөгүлөргө мактансам, “сенден кайдагы ырчы чыкмак эле?” деп ого бетер намысыма тийишкен. “Эмнеге чыкпайт?” деп териккен мен мектепти аяктаган соң борборго окууга тапшырганы келдим. Сынактан бир ырга үнүм жетпей өтпөй калгам. Айылга барып 20 сотых жерге тамеки эктим, кышында сакманда иштедим. Тапкан акчама гитара сатып алып, Сары-Жон жайытына барып өзүмө өзүм концерт койчумун. Ошондо “Бегайым” деген биринчи ырымды жараткам. Талант деген жөн жатпайт экен, болбой кийинки жылы кайра борборду көздөй сүйрөдү. Аябай эрте келип алыптырмын. Дароо эле студияга бардым да агайга “мен быйыл сөзсүз өтүшүм керек. Үйдөгүлөр сизге белек берип жиберишти эле. Кымыз, анан бир козу” деп калп айттым. Жанымда бир нерсе болсочу? Агай “эй, сен мага пара берип жатасыңбы? Пара берип окууга өтөм дебе” деп урушкан.
– Пара бергенди сиз баштагансыз го дейм...
– Жок, ал пара эмес болчу. Болгону, насиптеш болуп жүрөлү дегем. Сынактан Улукмырза Полотов агайга ырдаганым жакса керек, өтүп кеттим. Эки айдан кийин Эстебес Турсуналиевдин тобуна алындым. Ашыралы, Эстебес, Тууганбай агайлардын жанында жүрүп, чогуу гастролго чыгып сумкаларын көтөрүп, сөздөрүн угуп жүрүп чоң таасир алдым. Чынын айтыш керек, азыркы жаштардын жакшы ырларынан да таасир алам. Мага жакшы чыгарма, жакшы ыр дайыма эргүү берет.
– Сахнада жүргөнүңүзгө 15 жылдан ашып калды. Бул чөйрөдөн эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– 1993-жылдан тарта гастролдун даамын сезип келе жатам. Улуу адамдар менен иштештим. Күйөрман, дос топтодум. Жоготконум – устаттарым, кеңешчилерим. Кээ бирөөлөр “ден соолуктан ажырадым” деп калышат. Ден соолуктан креслодо чалкалап отурган адам деле ажырайт деп ойлойм.
«Жаш таланттарды издейбиз» деген долбоорум бар эмес беле, өлкөбүздөгү кырдаалдардан улам ал да токтоп турат. Буюрса, президенттик шайлоодон кийин жаңы эки долбоорду ишке ашырсам деп турам.
– Сизге кайсы учурда эргүү келет?
– Ар кандай учурда келе берет. Машинада, учакта баратканда, сөз баккан адамга жолугуп калганда. Мисалы, “Бала чак” деген ырым көлдүн ортосунда жаралган. Жээкте балдар ызылдашып ойноп жүрүшөт. Аларды көрүп жанымдагы досума «биз ойногон “Ак терек, көк теректи” булар билбесе деле керек» деп айтып жаткам. Бир убакта оюма саптар келе калып “кеттик” десем, «эмне болду?» дейт чочуп. «Ыр жазышым керек» десем, “ушундай убакта илхам келеби?” деп аябай таң калган. Алар үйгө келгенче эки сааттын ичинде жарата салгам. Ал эми “Айжаркынды” поездде баратканда жазгам.
– Чыгармачылык жактан кризиске учураган мезгилдер болгонбу?
– Мен өзүмдү кыйын обончумун дебейм, орто заарлардын катарына кошом. Мактангандай болбоюн, күн алыс чалып ыраазычылыктарын айткан күйөрмандарым бар. Жакында эле Оштун мэри Мелис Мырзакматов чалып “жан дүйнөнү козгоп, ыйлата турган ыр жазыптырсың” деп ийгилик каалады. Орусияга барганымда бир байке “мен кичине сыра ичип алдым эле. Жанына барып сүйлөгөндөн уялып жатам. Сыймыктын талантын баалайм, чыгармачылык ийгилик каалап, колун бек кысып койчу” деп уюштуруучу балага 1000 доллар таштап кетиптир. Мындай сөздөр мага эргүү берет.
– Бир кезде эл арасында “Сыймыкты өлтүрүп кетишиптир” деген кеп тараган эле...
– Ушактарга аябай көп кабылдым. 2000-жылы популярдуулуктун туу чокусунда турганда бир жолу өлтүрүшкөн. Ал убакта чөнтөк телефондор жаңы чыгып, байланыш начар эле. Шаардын чет жакасына чыкканда эле тартпай калчу. Апам мага чалса мен шаардан чыгып кетсем керек, телефонум өчүк экен. Үйдө да келинчегим телефонду албай калып, чындап эле ошондой болгон го деп ого бетер коркушуптур. Менин үнүмдү уккан апамдын ыйлаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кызыгы, бир айдан кийин Мерген Турган мени кучактап ыйлайт, шолоктоп “тирүү турбайсыңбы” деп. “Эй, акмаксың го! Канча болду укканыңа?” десем, «бир ай болду» дейт. «Анда неге батага келген жоксуң?» деп экөөбүз бир далайга чейин күлгөнбүз.
– «Сыймыкты Сыймык кылган Нурзада» дешет. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Ооба, бул чын сөз. Кудайга шүгүр, тылым тың чыкты. Мени ээрчиген ушактардын баарына чыдап, жөлөк болуп, 2 уул, 1 кызды белек кылды. Учурда Азамат
КЭУнун 1-курсунда, кызым Каныкей 3-класста окуп жатат. Эрмегибиз, кенжетайыбыз Кадырлуу 3 жашта. Өзүңөр көрүп тургандай, минтип комуз менен ырдап, «Манас» айтып бизди зериктирбейт.
Эми эркек болгондон кийин жаңылат экенсиң, мүдүрүлөт экенсиң. Ошонун баарына кечи­римдүү болуп, Нурзада мени жеңди десем болот. Бизде деле уруш-талаштар болот да. Бирок төркүнгө кетип калууга жеткен жокпуз. Көпчүлүк адамдар ушундай ушактарды угуп, искусствону ыплас чөйрө деп коюшат экен. Менимче, бул дүйнөнүн эч кандай ыпластыгы жок. Эң таза дүйнө бул – чыгармачылык.
– Элибизде “каранын жини келгенче, сарынын жаны чыгат” деген кеп бар. Сиздин мүнөзүңүз кандай?
– Жини мурдунун учундагыларга кирем. Бирок бат эле жазылып кетем. Кекчил эмесмин. Кечиримдүү, тамашакөймүн.
– Саясатка кызыгасызбы?
– Депутат болом деп жакшы эле чамынып жүргөм. Былтыркы окуядан кийин бул оюм быт-чыты менен талкаланды. Менин бизнесим да, жашоом да, саясатым да ыр секиси экенин түшүндүм. Белгилүү эле бир адам 7-апрелде мени карап суктанып жатпайбы, «сенин жумушуң кандай сонун. Сени баары жакшы көрүшөт. Аянтта жүрсөң сага эч ким тийишпейт. Азыр биз чыгалы, эмне кылышар экен» деп. Ошондо байлыктан да, бийликтен да улуу нерсе бул – өнөр экенин түшүндүм.
– Кызыктуу маегиңизге рахмат!


Жылмайып коюңуз!

Cыймык Бейшекеев түн ортосунда үйүнө келсе, Нурзада жеңе астынан тосуп чыгып:
– Ай, Сыймык, буга чейин кайда жүрдүң?
– Сен менин акылдуумсуң го, өзүң эле бирдеме ойлоп таап койчу,- дептир.

Дамира Арстанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Сыймык Бейшекеев (1-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Asus84
2011-05-23 14:07:31
Сыймык деп атына заты жарашкан байкебиз мыктынын мыктысы десек да аздык кылаар, талантыныз оркундоп, эл оозунан тушпогон инсан болунуз!!!
0
toktokan
2011-05-23 14:49:51
Талантыныз оркундой берсин демекчимин, кыргыздын таланттуу инсандарынын бири!
0
adiiiiiiiiiii
2011-05-24 09:47:53
Men Syimyk bayikenin yrlary menen chonoyigom ar dayiym bar bolunuz!
0
nusyapak
2011-05-24 20:31:04
Syimyk sizge iygilik...
0
Аида
2011-05-25 00:34:14
Сыймык байке Москвага Бек байке экоонор концерт коюп келгилечи,сураныч.
0
jaan
2011-05-25 10:10:42
Iygilik kaalaim!Bala 4agymdan beri sizdi kumir tutup kelsem da,sizdi takyr koro albai jurom.Konsertiniz bolgondo bowoboi kalam,buirusa kiyinki konsrtinizge sozsuz baram.4ygarma4ylyk duynosunon e4 ka4an alystabanyz.
0
Lelya
2011-05-25 23:21:12
Apam sizdi ayabai baalap,jaktyrsa kerek,inimdin atyn Syimyk koushkan..=)
0
rustik
2011-05-26 01:49:25
ырлары да озу да просто супер адам, ийгилик,жетишкендик,уй булолук бакыт!
0
cruel
2011-05-26 04:37:41
balalygym sizdin yrlarynyz menen otkon, yrlarynyzdy uksam balalygym eske tushot. sizge iygilik!!!
0
4alma
2011-05-26 19:40:18
Сыймык сенин оноруно таазим этем.Сенин ырларын жакшы угумдуу,сен Кыргыздын патриот ырчысысын.Жашоодо элин менен,жерин менен,туугандарын,семъян менен бар бол.Сага ийгилик.
0
monchok
2011-05-26 22:56:50
сиздин Юлдузга жооп жазган ырыныз жагат,мааниси жакшы жазылган ырдаганы дагы жакшы чыккан.
0
Melis-Aruuke
2011-05-27 15:40:13
Ийгилик сизге Сыймык байке!
0
molly
2011-05-28 02:52:47
бар болунуз уй булонуз менен бир болунуз!
0
travzat
2011-06-15 01:16:15
ден-соолук,ишинизге ийгилик.
0
ayay
2011-07-24 20:09:49
Кээде кейип заманага куйунсом,узуп далай тамырларын умуттон.кээ бир кезде бар экенин байкасам,си3дейлерди ушунчалык суйуном.Жонокойлук жону абдан озгочо,жолок кылып таянам мен да ушул онорго.аман болсун ар убак потриоттор,душмандарды бир соз менен женерге!Мына ушундай адамдар тируу б/н,мээримине мекеним абдан тойсун!ар бир адам дуйнону таза сезсин,канчалык ушул аалам кир болбосун!Мындай чыгаан кыргыздан дагы улансын,булганган журоктор да тазалансын!деги эле жакшы тилек адамдардын,жаратканым озун
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан