Мерген Турган: «МЕН СЕНИ БУЗУП КОЮП, УБАЛЫҢА КАЛГЫМ КЕЛБЕЙТ»

Бүгүнкү “Тамаша тор” рубрикабызды адаттагыдан бир аз башкачараак кылууну туура көрдүк. Башкачараак дегенибиз, ырчы мырзаларыбызга чалып, азгырдык. Биздин чеберчилик менен болгон айла-амалдарыбызды колдонгон азгыруубузга ырчы мырзалардын илинбей коюулары мүмкүн эмес эле. Ошентип, аларга чалып, акылга сыйбас жоругубуз менен бир сыйра сүйүнтүп, кайра күйүнткөнбүз...

– Саламатсызбы, Мерген байке? Мен сиздин үнүңүздү угуп жатканыма ишенбей турам.
– Кокуй, эмне болду анчалык? Сен кимсиң?
– Мен сизди сүйөм, Мерген байке. Сизсиз жашай албайм.
– Ой, мурдараак кайда элең? Мен бир жума мурун эле үйлөнүп алдым эле да. Эй, сен Аселсиңби?
– Кайсы Асел?
– Кадимки эле Турдалиева Аселди айтам.
– Мен Асел Турдалиева болгонумда ар дайым сиздин жаныңызда болбойт белем.
– Ха-ха-ха, сенин атың ким анан?
– Менин атым Айгүл.
– Айгүл, мен канча убакыт бойдок болуп жүрдүм, ошондо кайда элең? Эми кечигип калбадыңбы?!
– Анда жолугалычы, балким, мени көрүп, сулуулугума азгырылаарсыз.
– Эмне, ошончо сулуусуңбу? Сулуу болсоң деле эми кеч болуп калды, карындашым.
– Кандайча кеч болуп калды?
– Нике кыйылып калды. Мен ак никемди аттагым келбейт. Сен эми эмне кылсаң да кеч. Андан көрө өз бактыңды башка жигиттен изде. Баса, андан көрө менин казак бойдок кайним бар. Ошону менен тааныштырайынбы?
– Жок, мага сиз гана керексиз.
– Айтпадымбы, мурдараак чалганыңда иш башкачараак болот эле.
– Мен телефон номериңизди эми таптым да. Жок дегенде экөөбүз бир жолу жолугуп сүйлөшөлү.
– Мен азыр жолугуп сүйлө­шө албайм, анткени, Нарында жүрөм.
– Нарындан качан келесиз?
– Онунан кийин келем.
– Анда ага чейин телефондон сүйлөшүп турсам болобу?
– Болот, бирок, дос катары, карындашым катары.
– Мерген байке, мен сиз менен бир түн болсом эч арманым жок эле...
– Кой, антпе, мен сени бузуп коюп, убалыңа калгым келбейт. Сенин алдыңда өмүр бою уят болууну каалабайм.
– Мен өзүм макул болуп жатпаймынбы, жадакалса көңүлдөш болууга да даярмын.
– Карындашым, 2-3 күндөн кийин чалсаң кененирээк сүйлө­шө­бүз. Мен азыр конокто отурам.
– Мага бир жообун айтыңызчы, мен чыдабай бара жатам. Жүрө­гүм жарылып кетчүдөй болуп жатат.
– Жүрөгүңдү кармап үч күн чыдап тур, анан мен сени менен жакшылап сүйлөшөм. Азыр элдер бар, макулбу?
– Мерген байке, кечиресиз, үч күн эмес, эки күндөн кийин биздин гезит чыгыш керек да.
– Гезит?! Ой, койгулачы?! Эмне, эми ушунун баарын жазасыңарбы?
– Ооба.
– Эй, мен көңүл­дөш болгонго макул болгон эмесмин. Макул эмес деп жазгыла.
– Мейли, рах­мат, болгонун болгондой жазабыз, эч коркпоңуз.


Ильяз Абдыразаков: «КОЙЧУ, ТӨШӨК ДА САЛЫП КОЙДУҢБУ?»

– Алло, Ильяз байке, кандайсыз?
– Жакшы, сен кимсиң?
– Менин атым Алтынай.
– Алтынай, мага эмнеге чалып жатасың?
– Мен сизди сүйөм, сиз менен жолуксам деген мечтам бар.
– Бул номерди кайдан алдың?
– Сиздин номериңизди мен миң сомго бир кыздан сатып алдым.
(Күлүп). Ошол миң сомду мага эле бербейсиңби, мен сага номеримди бермекмин да.
– Ошол сизди таппай, сиз үчүн миң сом төлөп жатпаймынбы.
– Кайсы жерден болосуң? Жа­шың канчада? Каякта окуйсуң?
– Оштон болом, 18 жаштамын. Улуттук университетте окуйм. Ильяз байке, бүгүн үйгө келбейсизби, эч ким жок.
– Каяк жакта турасың? Жалгыз жашайсыңбы?
– Жок, эжем менен 5-кичирайондо жашайм, эжем азыр Карабалтага кетип жатат. Мен жалгыз калам үйдө.
– Алтынай, домашний телефонуң барбы? Бар болсо единицаңды кетирбей үйгө чалбайсыңбы?! Мобул 2...-0...-8... телефонуна чалсаң.
– Макул, азыр.
– Алло, Ильяз байке, бул мен, Алтынаймын. Келесизби?
– Менин азыр концертим бар, колум бошобойт да. Эгерде эртерээк бошоп калсам барам.
– А сиз кайсы тамакты жакшы көрөсүз? Мен ошону жасап, сизди күтүп турайын.
– Тооктун этинен жасалган тамактарды жакшы көрөм.
– Анда сиз сүйгөн тамакты жасап күтүп турайын. Ильяз байке, концертиңизге барбай эле койбойсузбу?! Анан кийин өкүнүп каласыз “концертке барбай эле ушул кыз менен бирге болбой” деп.
– Ишенимдүү айтып жатканыңа караганда, ушунчалык сулуу окшойсуң, ээ?
– Ооба, баары ушинтип айтышат. Казакстанда сулуулар конкурсуна катышып келгем.
– Ай-ий, биринчиликти алдың беле?
– Жок, экинчи орунду алгам, биринчини казак кызга берип коюшкан. Ильяз байке, концертке барбай эле азыр келесизби?
– Концертке барбасам болбойт да, канча эл күтөт ал жерде.
– Анда канчада келесиз?
– Ровно 10до телефон чалам, анан барып калам.
– Ильяз байке, сизге кандай цветтеги ич кийимдер жагат?
– Эмнеге?
– Сиз келгенде сизге жаккан өңдөгү ич кийимдерди кийип тосуп алгым келет да.
– Кандай цветтеги кийимдериң бар? Ошолорду кие бер.
– Розовый, ак, кара, кызыл, анан золотистый цветтегилер бар.
– Жалтырак-малтырактар мага жакпайт.
– Аа, анда макул, розовыйды кийип, сизди күтүп турам, келесиз да, ээ?
– Адресиңди айтсаң, кайсыл жерде?
– 5-кичирайон, 11-дом, 7-квартира. Ошол жерге келип эле чалсаңыз, мен чыга калам.
– Макул.
Саат 10 эмес, 11 жарым болду. Ильяз телефон чалбаганынан өзүбүз чалдык:
– Ильяз байке, мен сизди күтүп жатам, сиз сүйгөн тамакты даярдап, сиз каалагандай сексуалдуу кийинип, тө­шөк да салып койдум.
– Койчу, төшөк да салып койдуңбу?
– Ооба, баары даяр, сизди чыдамсыздык менен күтүү­дөмүн.
– Кечке чала бербесең, барам дебедимби. Сен чалган сайын бияктагы байкелерим да барабыз деп жатышат.
– Өзүңүз эле келиңиз. Алар жолтоо болушат да. Болуңузчу, мен чыдабай калдым.
– Сабырдуу болсоң, сен жакшы кызсың да,18 жыл чыдап жүрүп эле эми аз убакытка чыдабай калдыңбы?
– Ильяз байке, бирдеме айтсам таарынбайсызбы?
– Жок, таарынбайм, айта бер.
– Бул “Супер-Инфодогу” розыгрыш болчу.
– Ыя, койгулачы?! Бирок, мен деле тамашалаштым.
– Жакшы тамашалашат экенсиң. Рахмат.


Жеңишбек Айтиев: «СЕН КЫЗДЫК АБИЙИРИҢДИ АРНА, АНАН МЕН САГА ИШЕНЕЙИН»

– Алло! Жаным, кандайсың?
– Жакшы, жаным. А ким бул?
– Мен сиздин күйөрманыңызмын, күйөрман эле эмес, сүйөр­маныңызмын. Жеңишбек байке, билесизби, мен сүй­гөн­дөй сизди эч ким сүйбөйт болуш керек.
– Оо, жаным, мен дагы сени сүйөм, бирок, көрө элекмин да.
– Мен өзүмө ишенем, сиз мени көрсөңүз эле сүйүп каласыз.
– Ушунчалык сулуусуңбу? Кана, келчи, жолугуп, бир көрөйүн. Сен азыр кайсы жердесиң?
– Оштомун.
– Ошто болсоң азыр стадионго, “Афродита” деген кафеге келсең, биз ошол жерде чай ичип отурабыз.
– Жеңишбек байке, мен сизсиз жашай албайм, мен сизди гана сүйөм.
– Ооба, сүйүш керек, азыр сүйгөн мода болуп калбадыбы.
– Эмне десеңиз да, эмне деп ойлосоңуз да мага баарыбир. Мен сизге сүйүүмдү билдирип жатканыма чексиз бактылуумун.
– Чоң кыз, сиз менин үйбүлөм бар экенин билесизби?
– Билем, бирок, сүйгөнүмө жетип, бактылуу болгонго менин да толук акым бар да.
– Сен мага тийсең эле бактылуу болом деп ойлойсуңбу?
– Албетте. Эгерде мен сиз менен бирге болуп калсам, сизди жанымдан жарым карыш чыгарбайт элем. Жеңишбек байке, ишенесизби, мен сиз үчүн баарына даярмын.
– Өзүңдү арнаганга дагыбы?
– Оо, анда бул дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам жок болмок да.
– Сен ошол нерсеге эле бактылуу болуп каласыңбы? Анда мага абийириңди арна, анан сага ишенейин.
– Сүйүшкөндөр үчүн ушундан өткөн бакыт барбы?! Элдин ушагы, сөздөрү мени кызыктырбайт. Мага сиз жанымда болсоңуз эле болду.
– Кийин өкүнбөйсүңбү?
– Эч качан. Сиз мени жеңил ойлуу кыз деп ойлобоңуз. Мен өз сүйүүм, өз жашоом, өз бактым үчүн күрөш­көн кызмын.
– Макул, карындашым, биринчи жолугалы, бири-бирибизди көрөлү. Анан бул тууралуу сүйлөшөбүз. Ушул эки-үч күн­дөн бери чалып жатканыңа караганда чын эле сүйүп калган окшойсуң, ээ?
– Эмне, эки күндөн бери сизге мен жомок айтып жатамбы?
– Кой, карындашым, телефондо эч нерсе чечилбейт. Өзүң айткандай, жомок айтышпай, бир жерден жолугуп, анан сүйлөшөлү. Келесиңби?
– Азыр барам.
– Келе бер, аялым менен тааныштырып коём.
– Макул, мен каршы эмесмин. Аялыңыз менен бойго чыгам, эгерде жеңип алсам, сиз меники болосуз, уктуңузбу?
– Эй, чоң кыз, сизден этият болуш керек окшойт.
– Жакшыраак этият болуңуз. Анткени, сиз азыр “Тамаша тордун” тузагындасыз.
– Ой ата, силерге кармалып калдым, ээ?! Эй, чоң кыз, абайлап жазчы үйбүлөм­дү бузуп албагыдай кылып.
– Ошон үчүн түз сүйлөп, түз жүрүш керек да. Эмне деген болсоңуз, газетадан ошону окуйсуз.

Тамашалаган Астра Айдарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nukeww
2020-10-05 11:40:02
Шерменде
0
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан