Жомоктор дүйнөсүндө
Илгери-илгери өткөн заманда төө абдан сулуу жаныбар болгон экен. Анын чоң жана кооз мүйүзү, барпайган узун куйругу болгон дешет. Күндөрдүн бир күнүндө төө адатынча суу ичкени жээкке келиптир. Өзүнүн сулуулугуна тамшана куйругун ары-бери серпип, суу ичип турса, жанына бугу келип:
– Досум, мен бүгүн конокко бармак элем, мага кооз мүйүзүңдү бир күнгө бере турчу?!- деп суранып калат.
Төө абдан берешен болгондуктан, бугуга мүйүзүн бере салат. Ошол учурда жээкте жылкы да суу ичип турган. Анда жылкынын куйругу жок болгон экен. Төөнүн берешендигин көргөн жылкы жакын келип:
– Мага да бир күнгө узун куйругуңду бере турасыңбы? Эртең ушул маалда суу ичкени келгенде куйругуңду кайтарып берем,- деп куйругуна көз артат. Ак көңүл төө эч жамандык ойлобостон, жылкынын сөзүнө ишенип, куйругун берип коёт.
Арадан айлар, жылдар өтөт, ал эми баягы бугу менен жылкыдан дайын жок. Төө болсо дагы эле үмүтүн үзбөй, досторун күтө берет экен. Анын куйругун алган жылкы ошол күндөн тартып сулуу жаныбарга айланып, бугу болсо кооз мүйүзү менен даңазаланып калыптыр.
Төө азыркы күнгө чейин суу ичер алдында артына кылчак карай берип, ал көрүнүш адатка айланып калган дешет.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg