Билип ал
Каникул дегенде көп балдар жайында чоң ата-чоң энесиникине барып эс алган күндөрүн элестетишет.
«Каникул» сөзү кайдан чыккан, балакайлар, билесиңерби? Бул сөз жылдыздын атынан аталганын билбесеңер керек?
Асмандагы эң жарык жылдыз мурун Каникула деп аталчу экен. Ал жылдыз кулжа айынын (июнь) 26-күнү гана элге көрүнөт. Бул көрүнүш Рим окумуштуулары тарабынан аныкталган.
Мектеп окуучулары Каникула жылдызын көрүү үчүн бир жыл бою жай мезгилин күтүшкөн. Анткени качан гана ал көрүнгөндө, эс алышчу экен да. Ошондуктан ал күндөрдү “Каникула күндөрү” деп атап коюшкан. Бара-бара “каникула” сөзүн кыскартып, “каникул” деп пайдаланып калышкан. Ошондон улам эс алуу күндөрү каникул деп аталып келет.
ЧОҢ ЭНЕНИН ТАБЫШМАГЫ
Чоң эне алма багынын жанынан өтүп баратып арык боюнда тоголонуп жаткан бир алманы көрүп калат. Чоңдугу чыныдай болгон чоктой кызыл, жыты буркураган алманы “неберелериме ала барайын” деп колуна алат.
Неберелери алманы көргөндө: “Укмуш чоң экен!”- деп чурулдап сүйүнүп кетишти. Чоң эне балдарына кайрылып:
– Бул алманы алгач эмне кылыш керек?
– Жеш керек!- деп кыйкырды Улан.
– Бычак менен баарыбызга тең бөлүш керек!- деди Нургүл.
Ал эми чоң эне болсо башка жоопту күтүп, балдарын сырдуу карап турду.
Балдар, силер ойлонуп көргүлөчү, алманы алгач эмне кылыш керек?
(Жууш керек)
УЧКУЛ СӨЗДӨР
БАШ КАТЫРМА
Из кууп, табылган тамгаларды ирети менен койсоң, бир жандыктын аты чыгат.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg