КЫЯМАТТЫН АЧКЫЧЫ

«Моя прекрасная няня» сериалы аркылуу бүткүл КМШ өлкөлөрүнө атагы тараган актриса Анастасия Заворотнюк бала багуучудан супер-агентке айланды. Эми анын украинче акценти жоголуп, колундагы чөмүчү мылтыкка, алжапкычы парашютка айланды. Ал эми француз актёру Венсан Перес Настя менен бир тасмага тартылуу үчүн мекениндеги ири долбоордон баш тарткан.

Режиссёру – Вадим Шмелев
Продюсерлери – Сергей Жигунов жана Сергей Грибков
Сценарийин жазган – Денис Карышев
Ролдордо: Анастасия Заворотнюк, Венсан Перес, Владимир Меньшов, Александр Серебряков, Олег Штефанко, Оскар Кучера жана башкалар

МАЗМУНУ
Нью-Йорк, Лондон, Токио жана Москва. Жер шарынын эң ири төрт калаасынын ар биринде бирден кубаттуу жардыргыч жашырылган. Террорист Жаффад Бен Зайидин бир нече жылдан бери бүткүл дүйнө үчүн мааниси зор болгон шаарларды жок кылууга даярданып келген. Алжирдеги штаб-квартирасында жардыргычтарды ишке сала турган башкаруу системасы бар. Шаарларды жашоочулары менен кошо тыптыйпыл кылуу үчүн болгону он бир сандан турган ачкыч (код) керек. Бул сыр сандарды Жаффад эң жакын, ишенген адамдарына гана айткан. Алар Жаффадга көп жылдан бери кызмат кылган Мари жана шериги Палач. Мари он бир санды дүйнөнү сактап калуу үчүн колдонот. Ал эми Палачка кыямат ачкычы миллиондогон адамдарды өлтүрүү үчүн керек. Мындан сырткары, Мари сүйгөн адамын өлтүргөн Палач менен жеке мамилесин чечиши керек. Эми бул дүйнөлүк кыяматты токтотуу жана сүйгөнү үчүн өч алуу Маринин колунда.

ЖЕҢИШПИ ЖЕ ЖЕҢИЛҮҮБҮ?
Көптөгөн интернет-форумдарда тасманы "анча эмес" деп баалашкан. Жалаң эле Голливуд фильмдеринен алынган шаблондор колдонулганы, Настя ролун жансыз аткаргандыгы айтылган. Бирок, кемчиликтерге карабай «Кыямат ачкычы» («Код Апокалипсиса» – оригинал аталышы) орус кинематографиясын бир топ алдыга чыгарган өзгөчө тасмалардын катарына кирээри талашсыз. Ал эми фильмдин "бышып-бышпаганын" өзүңөр көрүп чечкениңер дурус.

КӨРСӨ...
Тасма алгач "Сулуу" деп аталган. "Сулуу" ­­– ФСБ агентинин оперативдик псевдоними.
Фильм 7 өлкөдө: Франция, Италия, Норвегия, Малайзия, Орусия, Украина, Жапонияда тартылган. Мындан сырткары, Гавань жана Лос-Анжелесте да тартылмак. Сценарийдин акыркы вариантында бул эки шаар алынып салынган.
Фильмдин режиссёру Вадим Шмелев аталган өлкөлөргө барып-келип отуруп, учакта 200 саат учканын эсептеп чыккан.
Париждеги Ампер көчөсүндө "куушмай" тартылган эле. Күндүзгү жарык жетишпегендиктен, үйлөрдүн балкондоруна кошумча жарык лампаларын илип чыгуудан эринишкен эмес. "Куушмай" оюндарында оор трюктарды атактуу "Такси" фильминин каскадёрлору аткарышкан.
Флоренцияда отель ичиндеги көрүнүш­тү тартууда эмнегедир өрт өчүрүүчү сигнализация иштеп кетип, бүт отелди суу каптап кирген. Тартуучу топ съёмканы токтотпойлу деп бир бөлмөнүн каалгасын 40 мүнөт кийимдери менен бүтөп, чаң соргуч менен суу сордуруп, бөлмөнү кургак бойдон кармап турушкан. Эки күндөн кийин дал ушул номерге Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони келип токтогон.
"Кыяматтын ачкычы" Анастасия Заворотнюк жылаңач тартылган биринчи фильм. Сууга түшүп жаткан эпизодду тартууда экинчи дублдан кийин жылуу суу өчүп калган. Анастасиянын телефон менен сүйлөшүп жатканын жакшылап карасак, үшүгөнүнөн эриндери титиреп жатканын байкасак болот.
Анастасия Заворотнюктун бала баккычтан супер-агентке айланган жаңы образы көпчүлүккө жагат болуш керек. Агент Маринин грим жана чач жасалгасы атактуу актриса Шерон Стоундун жеке стилисти Арно Сольдуранга таандык.
105 мүнөткө созулган мушташ, детектив, драма аралашкан тасманы тартууга продюсерлер 400 миллион орус рублин коротушкан. «Акчанын көбү өлкөдөн өлкөгө учуп жүрүп короду»,- деп тамашалашат алар.
Тасманын саундтреги — "Фабрика звезд-6" теледолбоорунан чыккан ырчы кыз Заранын аткаруусундагы "Небо на двоих" деп аталган ыр.

«КЫЯМАТ АЧКЫЧЫ» ЗАВОРОТНЮККА КЫЯМАТ АЛЫП КЕЛБЕЙБИ?
Тасманын продюсери Сергей Жигунов менен Анастасия Заворотнюктун ортосундагы жылуу мамилелер тууралуу окурмандарыбыз билсе керек. «Экөө расмий түрдө үйлөнбөсө да, жашыруун нике кыйдырышкан» деген имиштер тууралуу гезитибиздин өткөн сандарында жазылган эле. Эми «Настя менен Сергей кайрадан ажырашып жатышат» деген сөздөр чыгууда. Себеби, Настянын тасмага жылаңач тартылганы Сергейге жакпай калган. Бул маалыматтын чын экени али далилсиз, бирок, тасманын бет ачарына Жигуновдун келбегени чын.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 259, 19-25-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан