САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Самат чуркап чыгып кетти. Ширинбек Аскарды кучактап алып буркурап ыйлагысы келип турду. Көп өтпөй бир бөтөлкө арак көтөрүп Самат кирип келди. Аракты көргөн Аскардын көздөрү балбылдап сүйүнүп кетти.
– Рахмат, Самат!
Колуна бөтөлкөнү алды да, пиалага толтура куюп тамшана ичип алды. Дагы куюп ичейин дегенде бөтөлкөнү Элмырза алып койду.
– Тур, Аскар, биз менен кете­сиң. Менин үйүмдө жашай­сың.
– Кетпейм мен. Бүгүн машинамдын калган акчасын алып келет. Коңшуларга жууп берем деп сөз берип койгом.
– Машинаңды да сатып ий­диңби?
– Бир оруска саттым, 15 миңге. Ошонун 5 миңи келе элек. Бүгүн алып келет,- деди Аскар дагы деле бөтөлкөдөн көзү өтүп.
– Ай, акмак, 60 миңге алган машинаңды 15 миңге карматып салдыңбы? Ким ал? Тааный­сыңбы? Эми ал 5 миңиң­ди да бербейт. Алдап кеткен сени,- деп кыйкырып алды Данияр.
Баары чогулуп, ой-боюна койбой Аскардын дүнүйөсүн чогултуп, жаман кепеден чыгарып кетишти. Мончого түшүрүп, Данияр өзүнчө бир бөлмө бөлүп берди. Пилорамага такта ташуучу кылып жумушка киргизип да коюшту. Укол сайып, арактан алыс кармап жатышты. Ахмедди ортого салып “Аскардын машинасын алган орустан машинаны кайрып бер же болбосо 40 миңин кайрып бер” деп кайрылышты. Ахмедден корккон орус машинаны кайрып берди. Ал берген 10 миң рублду Данияр төлөп берди. Ширинбек Аскардын ырларын угуп рахат алат. Ушундай талант Орусиянын бир бурчунда аракеч болуп кеткенине бирде таң калып, бирде кейип кетет.
Бир күнү пилорамада иштеп жүргөн Аскар жоголуп кетти. Тугылымды түрө кыдырып издеп таппай коюшту. “Тюменге же коңшу райондорго качып кетти” деп түңүлүп отуруп калышты. Ошол күндөрдүн биринде Султандын туулган күнү болуп калды. Туулган күндү майрамдап жатышып, анын жакында үйлөнөрүн угушту. Аңгыча ичкилик түгөнүп калып, ичпей отурган Ширинбекти дүкөнгө барып келишин суранып калышты. Барып дүкөндүн терезесин тыкылдатса, эч ким ачкан жок. Кийинки дүкөндөргө барса, ошол эле көрүнүш кайталанды. Жекшемби күн болгондуктан, куру барганда да болбойт эми деп таксиге отуруп, райондун борборуна жөнөдү.
Ал жак да жабык экен. Таксини коё берип туруп калды. Жакынкы кафеден болсо да алып кетейин деп ал жерге барды. Арактарды алып, эми таксиге отурайын деп басып келе жатса, бир машина катуу ылдамдыкта келе жаткан экен. Машина так Ширинбектин тушуна келгенде тротуардан өтүп барып, ашкананын бурчуна катуу урунду. Кагышуу ушунчалык катуу болгондуктан, машинанын алды жагы бүтүндөй жалпайып калды. Ширинбек Ахмеддин машинасы экенин тааныды. Бөтөлкөлөрдү жерге коюп, түтөй баштаган машинаны көздөй чуркады. Үңүлүп караса, рулда Ахмеддин баласы Макшарип экен. Бети-башы канжалап, эси ооп жатат. Эшигин ачып сүйрөп чыгайын десе, ачыла турган түрү жок. Аркасындагы эшикти ачып, жигитти болгон күчү менен сыртка сүйрөп чыкты. Оюна биринчи эле Ахмед келип, ага телефон чалды. Ал трубканы бир топтон кийин алды. “Макшарип машина менен кырсыкка кабылды. Райондун борборундагы чоң дүкөндүн жанында” деп түшүндүрдү. Аңгыча эле машина жалбырттап күйүп баштады. Жарылып кетеби деп Макшарипти бир аз алысыраак сүйрөп барды да, жанына отура кетти. Тез эле Ахмед келип калды. Эч сөз сүйлөй албай, баласынын башын кучактап отуруп калды. “Тез жардам”, өрт өчүргүчтөр келип, Макшарипти “Тез жардамга” салып жөнөп калышты. Ал убакта Ширинбек бөтөлкөлөр салынган баштыгын кучактап, үйүнө кетүүгө камданып калган эле.
– Сен кайда? Отур машинага,- деди Ахмед.
Ооруканадан баласын врачтар ичкери алып кирип кетишип, коридордо Ширинбек менен Ахмед калды.
– Эмне болду өзү? Сен кайдан ал жерде болуп калдың?- деди Ахмед.
Ширинбек болгонун болгондой айтып берди. Ал жерге арак үчүн келгенин да жашырган жок.
– Азамат! Баламдын өмүрүн алып калдың. Аллах өзү сени сактоочу кылып жөнөтүптүр да. Тирүүлөй өрттөнүп кетмек экен!- деп далысынан таптап, бооруна кысып турду.
Ал ортодо врач чыгып “балаң жашайт, буюрса. 1 колу сыныптыр, башына доо кетиптир. Калган жагы соо. Эртең өзүнө келсе, Тюмендеги ооруканага которуп беребиз, ал жактан тез эле айыгып чыгат” деди.
Ахмеддин көңүлү жай алып, оор үшкүрүп алды.
– Машинадан балаңды ким алып чыкты?- деп врач сурап калды.
– Бул жигит,- деп Ширинбекти көрсөттү.
– Азамат! Баатыр экенсиң!- деп жылмайып койду тиги.
– Бүгүнкү күндүн баатыры! Сактоочусу!- деп Ахмед Ширинбекти кучактап койду.
Врач кайра кирип кеткен соң экөө сыртка чыгып, сүйлөшүп отурушту. Ал ортодо Ахмеддин аялы туугандарын чогултуп келип калган экен. Машинадан түшөрү менен аялы:
– Кана Машарип, эмне болду? Айтып койбойсуңбу мага,- деп кыйкырып кирди.
– Кыйкырба! Жакшы эле балаң,- деп каардуу сүйлөп, баарын тынчтандырып койду.
Ширинбек өзүн ыңгайсыз сезип, “мен кете берейин” деп калды.
– Макул, рахмат сага. Эртең сүйлөшөбүз,- деген Ахмед аны узата карап калды.
Ооруканага келген машиналардын бири Ширинбекти үйүнө жеткирип койду.
Үйгө кирсе эч ким жок экен. Чочуп кетип телефонду алып чыкса, өчүп калыптыр. Токко сайып Элмырзага коңгуроо кылды. Көрсө, баары Ширинбекти издеп көчөгө чыгып кетишкен экен. Алар алаңдап кирип келгенде Ширинбек баарын түшүндүрүп айтып берди.
– Туулган күн белгилейбиз деп жатып үрөйүбүздү учурдуң. Мындайда жаман ой келип эле туруп алат экен. Сени издеп жүрүп соолугуп да калдык,- деди Данияр.
Араң келген 10 бөтөлкө арак менен кече кайрадан таң атканча уланды. Эртеси күнү Ахмед келип Ширинбекти үйүнө алып кетти. Дасторкон даярдап, чын жүрөктөн сыйлады. Спутник каналынан Кыргызстандын КТР каналын коюп, “туугандарыңды көрүп ал” деп бажаңдап да алды. Кетерде уюлдук телефон берип, “бул сага чын жүрөктөн менин белегим болсун. Макшарип ооруканадан чыкса дагы ыраазы кылат. Эгерде акча керек болсо, айлыктын эсебинен алып тур” деп узатты. Ширинбек белекке ыраазы болуп үйгө сүйүнүп келди. Ал күнү Берметке телефон чалып, аны менен бир топко сүйлөштү. Ошол күндөн баштап бири-бирине СМС жазышып эле болбой калышты.
Октябрь айы келип, күн салкындап калган эле. Чогуу иштеген Султан сүйгөн кызын алып айылга жөнөмөй болду. Ширинбекке келип, “барып, той өткөрүп коюп эле келип калам. Менин айлыгым жетпей жатат. Менин эсебимден 20 миң рубль, өзүңдүкүнөн 20 миң рубль Ахмедден сурап берип тур. Той өткөрүп алайын, келип эле биринчи айлыктан кутулам” деп убада берди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Залкарбек Карабалаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Камал
2011-05-30 22:26:52
Сонун
0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан