АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ажардын абалы меникинен да жаман экен. Арстандын сөөгүн алып келгенибизде бир көрдүм. Көзүнүн жашы он талаа болчу. Мага карап эч нерсе дей алган жок. “Мени кечир, балам, сенин убалыңа калдым, кечир!!!” деп солкулдайт. Анын эмнеге кечирим сурап жатканын башкалар кайдан билсин?! Колдон келишинче сооротуп, көңүл айтып жатышты.
– Өзүңдү карма, Ажар, ажал айтып келбейт. Кырсыкты сен алып келген жоксуң да. Баары Кудайдын буйругунан,- деп жатышты. Ажар экөөбүздүн жан дүйнөбүздө кандай бороон уруп жатканын алар кайдан билишсин?
Ажарды ушунчалык жек көрүп калдым. Ошондо бизге тоскоол болбогондо экөөбүз үйлөнмөкпүз. Жараткан ченелүү гана өмүр берсе да, Арстан перзенттүү болууга жетишип калмак. Эмичи?! Мобу чогулган эл ашып кетсе дагы бир ай жоктойт. Ажар экөөбүз өмүрүбүз жеткиче дагы 20-30 жыл жоктоорбуз. Анан Арстан деген жигит жөнүндө баары унутат. Изи да калбайт. Кандай адилетсиздик! Мен да жаштык кылган экенмин. Эми ойлосом, атам деле бизди кечирмек экен.
Алдын ала кабар берилсе керек, бизди аэропорттон Арстандын атасы тосуп алды. Ажардын алдында антмек эмесмин, бирок бул кишинин көзүнө карай албай, бул шумдукка мен гана күнөөлүүдөй нес болуп турдум. Баскан-турганы шайдоот, өз курагынан абдан жаш көрүнгөн адам эле, заматта карый түшүптүр. Эне-атага перзентинин өлүмүнөн өткөн кайгы болбосо керек. Бетине терең-терең бырыш түшүп кетиптир. Бир ирет Арстан экөөбүз үйүнө барганда көргөм. Ошол боюнча учурашканым ушул шумдуктуу күн болду. Атасы Арстан экөөбүз тууралуу эмнелерди билери мага табышмак болчу. Үн-сөзсүз кучактап, бүткүл денеси менен солкулдап ыйлап ийди. Кайраттуу эркек кишинин кайгысын мындайда кантип бөлүшсө болот?.. Өзүм ансыз деле жанымдын жарымын жоготуп майышып турсам...
Үйдө жалгыз отурсам Асел келди. Ал турмушка чыгып, кыздуу болгондон бери мага сейрек келчү болгон. Түшүнөм, бала менен убара да. Аркы-беркини сүйлөшүп, ушакташымыш этип, экөөбүз тең негизги темага өтө албай буулугуп отурдук.
– Кандайсың?
Аселдин суроосуна түшүнө албай тигилип калдым. Келгенине эки саат болду, учурашканбыз, анан эмнеге кандайсың дейт?
– Сенин абалыңды сурап жатканым го...
– Аа, абалым...
– Аны сурап не кыласың де. Кечир, сен эмес, мен деле эмгиче ишене албай жүрөм, кырк күн өтүп кетсе да.
– Мени Кудай жаман көрөт окшойт деп көп ойлочу болдум. Же анын каарына калсам керек.
– Айдай, койчу, андай дебе.
– Билесиңби, Элдарга эмнеликтен турмушка чыкканымды?
– Жок. Окууну бүтүп-бүтпөй жатып турмушка чыгып кеткениңди эч кимибиз түшүнгөн эмеспиз.
– Элдардын байлыгына кызыгып ушул жорукка баргам.
– Койсоңчу, Айдай, сен андайга бармак эмессиң.
– Ооба, Арстандан тапанча такаса да баш тартмак эмесмин... Ошол кезде билдим, атамдын жаман дарты бар экенин. Атакемди Элдардын акчасы менен сактап калгым келди. Жок... Ошондо да Арстанды таштамак эмесмин, эгер...
– Ии, эмне эгер?
– Эгер... Оңбогон Ажар болбогондо! Билесиңби, анын кандай шумдуктарды жасаганын? “Сендей сулуулар адамды бактысыз кылат. Балама жолобо! Эгер Арстандан баш тартпасаң, атаңдын башына шумдук мүшкүл иш салам. Атаңды таштап басып кетем. Аны ушундай абалда калтыргың келеби?!” деп демиткеничи! “Арстандын келечеги кең, сен тоскоол болосуң” деген. Мен айтканыма туруп Арстандан баш тарттым. Кана?! Кана, анын келечегинин кең болгону?! Кана, анын бактылуу болгону?! Кана?.. Эмнеге ал ушундай жаш өлүп кетиши керек эле?
– Айдай, өзүңдү карма.
Курбум мени бек кучактап калды. Ушул маалда өзүмдү өзүм тилке-тилке тытып таштагым келди. Ачуумду да, арманымды да, ыйымды да кантип чыгарардын жолун таппай турдум. Мен жакын арада өлбөйм. Кандайча минтип ишенимдүү айтып жатканымды деле билбейм, бирок сезип турам, дагы көп жыл жашайм. Тилекке каршы, ушундай ый, ушундай арман менен. Ушундай жарымымды жоготкон, эңшерилген калыпта дагы көпкө жашайм.
– Адам баласы канча азапты көтөрө алат болду экен, билбейсиңби?
Асел мени жарым эс адамды тиктегендей тиктеп калды.
– Коркпо, акыл-эсим жайында эле.
Дале көзүн бакырайткан калыбынан жазбайт.
– Асел, айттым го, жинди болуп кете элекмин деп, эмне бакыраясың?
– Чын эле ошондой болду беле? Ажар эжени жакшы аял деп жүрсөм...
– Аа, сен Ажардын шумдуктарына таң калып жаттың беле? Өмүрү эч кимге айтпайм, айрыкча Арстанга билдирбейм дечүмүн. Эми ал сырды сактап жүрүүнүн деле зарылчылыгы калган жок. Андан баш тартып, атамдай улуу кишиге турмушка чыгып кетүү канчалык азап болсо да баарына чыдадым. Арстан сыртынан аябай шайыр, оптимист көрүнчү эмес беле? Чынында, андай эмес болчу. Атасы менен энесинин ажырашып кеткенине катуу капа эле. Өгөй энеси менен тил табыша албай кыйналып, анан биздикине баса берген. “Атам ошондой аялдын колунда бир өмүр каларын ойлосом, заманам тарып кетет” дечү. Өгөй энесинин айынан атасынан алыстады. Анан менин айымдан апасы менен араздашуусун каалабадым. Эгер Ажардын койгон талаптарын ага айтчу болсом... Эне-баланын ортосунда кара мышык болгум келген эмес эле. Эми анын баарын айттым-айтпадым, айырмасы канча?
– Ооба, биз аны тирилтип келе албайбыз. Бирок, Айдай, бул сөздү мен гана угайын, башкасына айтчу болбо. Элдар сага жаман күйөө болгон жок.
– Аны билем. Көп нерсени байкап-туюп турса да бир ирет “кандайча? Мунуң эмнең?” деп сурабады. Арстанга мен көрсөтө албаган сыйды көрсөттү. Бир тууганымдай кабыл алды. Сокур эмесмин да, Элдардай күйөөнү Кыргызстанды бир тегеренсем таппай турганымды билем. Атамды дарылатуу үчүн турмушка чыккам деген кеп адилетсиз экенин, ага катуу тиерин да билем. Бирок мендеги чындык ушундай. Чын эле ошондой ойдо Элдарга турмушка чыгууга бел байлагам.
– Турмушка чыгарда ошондой ойдо болчусуң.
– Ооба. Анын жакшы инсан, чыныгы эркек экенин кийин түшүндүм. Бирок сүйө алган жокмун. Акылыма жүрөктү баш ийдире албадым. Бул жагынан алсыз экенмин.
Ал күнү Асел экөөбүз көпкө чейин сүйлөштүк. Анын кетерде айткан кеби көңүлүмдү уйгу-туйгу кылып турду.
– Баса, билесиңби, кимди көргөнүм­дү?
Асел чоң сыр айтчудай көз ирмебей тиктеп калды. Менин оюма келсечи, ким экени.
– Кыйналбайле кой, баары бир таппайсың. Бая күнү айылга барганбыз. Суу алып келейин деп чыксам, бир Жип көлчүктүн суусун баштан ылдый чачыратып кетсе болобу. Бозоруп эле туруп калдым. Чыдабады көрүнөт, өтүп кеткен машина токтоп, баягы Айдар түшүп келатпайбы! Ушундай өзгөрүптүр дейсиң, делдейип эле туруп калдым, же сөгө албай, же учураша албай. Тимеле кычырайт. Кытайлар менен биргелешкен бизнеси бар экен. “Айдайды теледен көрүп аябай кубандым. Дагы деле унута албай жүрөм. Уулу бар деп уктум. Күйөөсү бизнес чөйрөсүндө аябай сыйлуу киши дешет. Көрсөң салам айт” деди.
– Айдар... Кытайлар менен иштешип жатыптыр де. Үйлөнүптүрбү?
– Ошону сураганга батынды дейсиң­би? Бирок колунда шакеги жок экен.
– Эмгиче үйлөнүп, жайгашып бүт­көндүр. Сөзсүз эле шакек тагынуу керек дейсиңби?
– Ии, сага окшогон адам болсо такпай коюшу мүмкүн.
«Шакек такпайбыз» деп жаңы үйлөн­гөндө Элдар менен чатакташканымды эстеп, эрксизден жылмайдым. Элдарды менин мындай жоругум аябай таң калтырган болчу.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жазгүл Калыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
zarinaturat
2011-05-30 09:56:59
Арстан кеткенден кийин кызыгы тарап калды.
0
Gumaw
2011-05-30 10:00:08
Тушуном жакын адамынан айрылуу жашоондун бутконундой сезилет,бирок олгон менен кошо оло албайсын,ыйлап,кайгырып артынан жоктоп кала берет экенбиз да. арбагы ыйманда болсун!!!
0
Aleesia
2011-05-30 10:52:57
Kiyinki sanynda kandai bolot eken emi janagy Aydayga guldordu alyp kelgen uwul Aydar bolup chykbasa eken .
0
altyshak
2011-05-30 12:35:29
Ооба Арстан өлгөндөн бери мага окуш оор болуп жатат. Мен да ошону ойлоп жатам да гүлдүн ээси ким экен деп.
0
aku
2011-05-30 12:59:57
aa bayagy gul berip jurgonu Aidar turbaiby.
0
erketay
2011-05-30 14:19:42
жок, мен ишенбейм Арстандын олгонуно, ишенгим да келбейт!!!
0
altynjan
2011-05-30 14:49:32
озунчо эле санта барбара
0
Kylym
2011-05-30 16:16:20
Эх окунучту жакын адамынан айрлган.
0
aminali
2011-05-30 17:13:28
Men da Arstan kaza bolgondon kiin okugum kelbei kaldi,chindikti bilbei ketti attin.
0
Protokol
2011-06-01 13:28:29
Гудун баарын Айдар берип жатса керек
0
milli
2011-06-02 03:14:01
Arstandyn kaza bolgonu jaman boldu, jakshy jigit ele (dep koyboyunbu taanygansyp)...
0
Janyla
2011-06-15 21:00:47
менин суйуктуу каарманым Арстандын олгонуно ишенгим келбейтат,неси болсо да чыгараны аягына чейин окуш керек...
0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан