Көптөгөн өлкөлөрдө “бомж-пакет” атка конгон Кытайдын тез даярдалуучу кесмелери (кукси) адамдарга көптөгөн оору апкелери аныкталган. Бул эле эмес, курамындагы зыяндуу зат аркылуу адамды баңгизат сымал өзүнө байлап алары да белгилүү.
ООРУҢДУ ТАБАГЫҢДАН ИЗДЕ
Кытайларда “ооруңду табагыңдан изде” деген сөз бар. Бул “ооруну ичкен тамагың апкелет” деген сөз. Ушул сөздү тастыктагылары келгендей, кытайлыктар адамга зыяндуу тез даярдалуучу кесмелерди чыгарып сатып жатышкандай. Анткени куксилерге эл айткандай химикат кошулат. Башкача айтканда, боёктор, көпшөк кылуучу, жыт берүүчү, даамды күчөтүүчү жана кесме чирибей, көгөрбөй сакталуусу үчүн кошулмалар кошулат. Бир порция тамак үчүн ушунча түрдүү химикат кошулса, анда аны тамак дейбизби же уу дейбизби, өзүңүз ойлонуп көрүңүз. Кыскасы, химиялык кошулмалар азыкты арзан баада даярдоо жана азыкка табигый көрүнүш берүү үчүн кошуларын баамдадыңыз окшойт.
Ал эми уулуу заттар организмде акырындап топтолуп, ууландыра берет. Келиңиз анда, ошол химиялык заттар организмге кандай зыян алып келеринен кабар алалы.
НАТРИЙДИН ГЛУТАМАТЫ БАҢГИЗАТТЫН РОЛУН АТКАРАТ
Куксидеги эң башкы зыяндуу зат – биологиялык активдүү кошулма болуп эсептелген натрий глутаматы (Е-621). Татымалдар менен кургак азыктардын баарына кошулат. Бул ак түстөгү кристалдуу упадай (порошок) зат тилдин даам билдирүүчү рецепторлорун аябай сезимтал кылып коёт. Башкача айтканда, даам сезүүнү өтө күчөтөт. Андыктан кукси жегенден кийин адам өзгөчө даамдуу тамак жегендей боло түшөт да, кийин аны көксөй баштайт. Медиктердин куксидеги бул кошулманы баңгизат катары эсептешери ошондуктан.
Натрийдин глутаматы балдар азыктарына да кошулат. Андыктан балдар үйдүн тамагын жебей, баштыкчалардагы даяр тамактарды (анын ичинде куксини) сатып берүүгө аргасыз кылгандарынын сырын түшүндүңүз окшойт.
Изилдөөлөргө таянсак, натрийдин глутаматы акырындап борбордук нерв жана жүрөк-кан тамыр системасы менен кошо терини бузат. Чачты түшүрүп, даам сезүү менен көрүүнү төмөндөтөт. Баш ооруну жараткандыктан, шарттуу түрдө “кытай ресторанынын синдрому” деп да аталат.
Айта кетчү нерсе, натрий глутаматын Япония 20 жыл мурун, дагы бир топ өлкөлөр жакынкы жылдардан бери колдонууга тыюу салышкан. Ага карабай жеке ишканалар жапа тырмак эле аны колдонуп келишет. Болгону, баштыкчалардын сыртына андай кошулма бар экенин жазышпайт.
БАШКА КОШУЛМАЛАР
Тез даярдалуучу тамак-аштын, анын ичинде куксинин сакталуу мөөнөтүн узартуу үчүн көп учурларда кошулмалардын синтетикалык түрлөрү колдонулат. Булар түрдүү ооруларды пайда кылат. Анда зыяны тууралуу азыноолак кеп кылсак.
Кошулмалардын эң коркунучтууларынын бири гуар (Е-412) болуп эсептелет. Бул индия акациясынан алынат жана анын курамында 2 уулуу зат бар. Уулар организмге кайра калыпка келбей тургандай зыян алып келет (окумуштуулар дене мүчөдө да өзгөрүүлөр болорун айтышат).
Тез даярдалуучу кытай кесмелеринен Е-385 (натрий этилендиаминтетраацетаты, кыскача ЭДТА) да чыккан учурлар кездешет. ЭДТАнын күчүн ушундан билиңиз, аны менен тишти сүртсө, кальцийи кетип, тиш жумшак болуп калат. Мына ушундай коркунучтуу кошулма тез даярдалуучу азыктарга кошулуп жатканы кооптуу.
Боёктордон табигый боёктор (Е-101 же Е-102) кошулат. Булар көбүнчө сары өңдө болот. Табигый делгени менен, аллергияны чакырат. Ал эми аллергиясы барлардын оорусун күчөтүп, астмага чейин жеткириши ыктымал.
Айрым окумуштуулар “кошулмалар жараткан кээ бир оору түрлөрү укумдан-тукумга өтүп кетиши да мүмкүн” деп айтып чыгышууда.
БИЛГЕНИҢ ОҢ
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ
Окумуштуулар кайсы азыктар дарынын таасирин төмөндөтөрүн жана кандай азык кайсы ооруну күчөтүп жиберерин аныктап чыгышты.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg