Эки буттуу айбандардын зөөкүрдүгүнөн канчалаган жаш секелек кыздардын тагдырына балта чабылып, канча эне көз жаш төгүүдө?! Ошондой эргулдардын курмандыгы бул жолу 18 жаштагы Айпери болуптур. Анын апасы Айнура эже биздин редакцияга келип, төмөндөгүлөрдү баяндады.
“ГРУППАВУХУ ХОТИТЕ, МЫНА, АЛЫП КЕЛДИМ”
– Өзүм шаардагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштейм. Кызым Айпери намаз окуган ыймандуу кыздардан. Үйдө көбүнчөсү жалгыз отурганынан, анын Алиса деген курбу кыз тапканына мейли деп койгом. Бир күнү Алиса үйгө келип, Кара-Балтадагы үйүндө куран окутуп жатканын айтып, ичи-койнума кирип жатып кызымды сурап кетти. Мен ага ишенип, “мейли, барса барып жардамдашып келсин. Бирок Айперини эртең кайра салып жибер” деп айткан элем.
Ошентип, кызым менен Алиса Кара-Балтага жолго чыгышат. Бара жатып Алиса кызымдын уюлдук телефонуна бирдик салып, тааныш балдарына чала баштайт. Кызым “кимге чалып жатасың?” десе, “тааныш балдарга” деп койгон экен. Жолдо баратып эле кызыма ар кайсы суроолорду берип, “сен кызсыңбы? Өгөй атаң сага тийишпейби?” деп сураптыр. Анткени мен экинчи жолдошум менен жашайм. Алиса дагы сыр айтымыш болуп “мени өгөй атам зордуктап салган” деп бир топ нерселерди айтып бериптир. Алисанын ичинде арам ой жатканын, ошол түнү зөөкүрлөргө салып берерин менин баёо кызым байкабаптыр.
Кара-Балтага барышса, Алисанын үйү ээн. Эч кандай куран окутпаптыр. Айпери “мени неге алып келдиң?” десе, “жөн эле, эс алып кетесиң” деп алдаган тура. Бир аз отурушкан соң Айперини “жүрү, Айканыкына барабыз” деп үйүнөн алып чыгып, Алиса жолдон машина тосот. Машинада отургандар Алисанын тааныш балдары экен. Абу, Максат, Каныбек деген балдар, Алиса жана менин кызым болуп Айканын үйүнө жетпей эле, Максат деген баланын үйүнө барышат. Анын үйүндө эч ким жок экен. Тигилер ичип баштап, Айпериге да стакан сунушат. Айпери эч качан колуна ичимдик алып көргөн эмес. Ал “мен үйгө кетким келип жатат. Жүрү, Алиса, кетели” деп жалдыраганына болбой тигилер отура беришет. Акыры кызымды “арак ич” деп кыйнашыптыр. Менин кызыма асылып, “ичпесең жок дегенде суу менен тост айтып кой” деп стаканга суу куюп, кыйнап тост айттырышат. Сууну ичкенден кийин эле Айперинин оозунан оргуштап көбүк чыга баштайт. Буттары калчылдап баса албай, көңүлү айланып кусат. Аны Каныбек “өзүнө келтирем” деп ваннага көтөрүп кирип, биринчи ошол зордуктап салыптыр. Ошол учурда Алиса Максат менен сыртка чыгып, “группавуху хотите, мына, алып келдим” дептир. Аны сот убагында угуп, күйбөгөн жерим күл болду. Акмактар, айбандар!!! Кызымдын ошол абалын элестетсем, жанымды коёрго жер таппай кетем. Бир аздан соң кийинкилери кирип, катарга туруп зордуктап, каалаганын кылышыптыр.
СООЛУГАН ГҮЛ
– Ошентип, таң да атат. Эртеси Максат “азыр эжемдер үйгө келет, кеткиле” деп шаштырыптыр. Кыларын кылып койгон соң аркасын тазалайын дегени да. Байкуш кызым “мен эч жакка кетпейм, эжеңе айтам!” деп көгөрүп туруп алганда Алиса менен Максат үйдөн сүйрөп чыгышат. Айпери курбусу менен таксиге түшкөн соң айдоочуга Алисаны көрсөтүп, “байке, бул кыз жок жерге алып кетиңизчи, суранам” деп ыйлап, жалыныптыр. Баарын түшүнгөн айдоочу Айперини автобекетке чейин алып келип “мени мындай ишке аралаштырбагыла” деп кетип калыптыр. Айдоочунун уюлдук телефонунан мага чалып “апа, мени Алиса сатып кетти” деп айткан боюнча телефонду өчүрүп салды. Ошондо эле жүрөгүм зырылдап, кызым соо болбой калганын түшүндүм. Кечинде жумуштан келсем, төшөктө соолуп ыйлап жатыптыр. Баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Анын жүрөгүн ооруткум келбей, майда-баратына чейин сураганга оозум барбады. “Болду, ыйлаба, эртең сотко арыз менен кайрылабыз” дегеним менен, ичимден кандай сыздаганымды ар бир эне түшүнөр.
ЖАЗАСЫН АЛЫШКАН ЖОК
– 2010-жылдын 5-февраль күнү болгон окуя чоюлуп отуруп, 2011-жылы 4-майда соттун чечими араң чыкты. Азгырып алып барган Алиса менен башкы күнөөкөр Каныбекти эки жылдан гана шарттуу түрдө кесишти. Максатты катуу режимде 5 жыл эркинен ажыратууга өкүм чыгарышты. Ал “баарын өзүм кылгам” деп мойнуна алган экен. Ата-энеси жок баланы милиция кызматкерлери сабап, “жалгыз өзүм кылгам” дедирткени туурабы? Ал эми Адилкасым (Абу) деген жигиттин “психологиялык жактан жабыркаган” деген маалымдама кагазы бар экен. Мени баарынан жаралуу жериме туз сээп, Каныбек Мусаевдин ата-энеси күйгүзүштү. “Сенин башка да кызың бар, ошонун тагдырын ойло” деп шылдың кылып, кызымды жулмалап, урганы жүрүшөт.
Азыр кызымды эшикке чыгарбай кармап отурам. Алиса Ибраимова мурун да кыздарды ушинтип балдарга салып берип жүргөн экен. Ал кыздын колунан баары келе тургандай. Соттун чыгарган өкүмүнө нааразы болуп, кайра апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылдым. Эми бул сот процессинен кандай жыйынтык чыгарын күтүп жатам.
“КОММЕНТАРИЙ БЕРЕ АЛБАЙМ”
Бул иш боюнча Кара-Балта шаардык сотунда өкүм чыгарган судья Төлөн Самаков мырзага кайрылдык. Ал төмөндөгүдөй жооп берди:
– Ооба, бул ишти мен карагам. Бирок менин чыгарган өкүмүмө нааразы болуп, ал кыздын апасы кайра Чүй облустук сотуна кайрылган. Азыр мен комментарий бере албайм.
Ушундай окурман, жабыркаган кыздын мындан аркы тагдыры эмне болот? Ушундай шумдук иштерди уюштурган жана жасаган акмактарга кандай жаза берсе жарашат? Дегеле кыздын тагдырын талкалагандар тиешелүү жазасын алышабы?
(Белгилүү себептерден улам каармандардын
аты-жөнү өзгөртүлдү)
Лунара Бекиева
koom@super.kg