«Бул окуяны эмнеге айтып жатканымды өзүм деле түшүнбөйм»,- деп баштады сөзүн Мээрим. «Бир билгеним, тунук булагымды булгаган курбум ушул макаланы окуп, эмне кылганын түшүнөр. А балким, колундагы бактысын баалаар деп ойлодум...»
«ИШЕНИЧИМДИ ТЕПСЕЛЕП САЛЫШТЫ»
– Мен Тилек менен таанышкан учурда жогорку окуу жайлардын биринде окучумун. Бир күнү мага комендант эже: “Мээрим, дагы бир активист жигит келиптир. Ушул жигитти көрсөм эле жиним кайнай берет. Сен жолугуп, алып келген кагаздарын алып койчу”,- деди. Мен башымды ийкеп, алдына түштүм. Тилек менен сүйлөшүп, бөлмөмө киргенде эле бир жылуу сезим көкүрөгүмдү уялап алганын туйдум. “Кызык, эмнесине жини келет? Жагымдуу жигит экен” деп ойлогонум эсимде. Биздин таанышуубуз ошондон башталып, акыры кыз-жигит болгонго жетти.
Тилектен башка аалам жок болуп жүргөн кезде менин бөлмөмө комендант дагы бир кызды кошуп койду. Наргиз колунда бар атанын жалгыз кызы эле. Эрке кыз эркиндик каалап, ата-энеси шаарда турса да, “окуума жетишпей жатам” деп жатаканада жашоону чечкен экен. Наргиз экөөбүз эң жакшы курбулардан болуп калдык. Менин бүтпөгөн Тилек деген темам эми экөөбүздүкүнө айланды. Ошол күндөрү ишим боюнча Алматыга кетип, бир топ убакыт жүрмөй болдум (окуудан сырткары иштечүмүн). Кетер күнү Тилек экөөбүз сыртта көпкө басып жүрдүк.
– Кызык, сен мени кандай болсо да кечире бересиң. Эмне кылсам кечирбейт болдуң экен?- деди ал. Эч качан мени мындай жалооруп караган эмес эле. Жүрөгүм мыкчыла берип, мойнуна асыла кеттим.
– Мээрим! Атыңды ким койду экен? Сендей мээримдүү адам бул ааламда жок экенин билип койсо керек.
– Кетким келбей жатат. Бирок иштешим да керек. Сенсиз кантип чыдаар экем?
– Улутунба, көйнөгүңдү уй жеп коёт.
– Уй жеп койсо, сен сатып бересиң да...
– Тамашакөйүм, мээримдүүм,- деп Тилек мени бооруна катуу кысып алды. Шамалдан кайыккан адамдай үнү калтырап кетти.
– Мээрим, мага убада бересиңби?
– Берем.
– Кандай болсо да, башыңа кандай иш түшкөн күндө да ушул боюнча калам деп убада бер.
– Убада берем!
Ушундан кийин мен Алматыга кеттим. Жанымды аябай иштеп жүргөн күндөрдүн биринде мага Наргиз телефон чалды.
– Мээрим, мен турмушка чыгып жатам. Колуктунун курбусу болуп бере аласыңбы деп чалып жаткам...
– Ой, Наргиз, куттуктайм! Бирок менин иштерим...
– Мен сени аябай күтөм. Той “Алтын казынада” болот. Мени таштабайсың деп ишенем. Сенден башка курбу издебейм, сени күтөм. Айтор, тойго жетишип келип кал,- деп датаны айтып, телефонду коюп койду.
Замандаштар, балким, менин жоругум күлкүңөрдү келтирер, бирок мен адамдын көңүлүн такыр калтыра албайм. Андан да жаманы, жок деп айта албаган адатым бар. Жетекчилеримден суранып, той болор күнү Бишкекке келдим. Тойго көйнөк алып, чачымды жасатып, гүлүмдү даярдап, “Алтын казына” ресторанына жөнөп калдым. Шашкалактап келгенимди эстесем, өзүмө таң калам. Тобо, адам ушундай да ишенчээк болобу?
Босогону аттаарым менен колуктунун көйнөгүн кийген Наргиз көзүмө урунду. Утурлай басып куттуктамакчы болуп баратып бутум шилтенбей токтоп калды. Колуктунун жанында Тилек турган эле. Менин Тилегим! Ох, мындай абал эч кимдин башына түшпөй эле койсун! Эч нерсени түшүнбөй, улам биринин көзүн карап жалдырадым да калдым. Бул эмне деген тамаша?! Теңтуштар, тааныштар – бардыгы менден көзүн ала качып жатышты.
Элестеткиле, «марионеткадай» болуп колуктунун аркасынан ээрчип, тост сүйлөгөндө алар менен ордумдан туруп, кайра отуруп эле жаттым. Кулак дүңгүрөйт, көз тумандайт. Той ортолоп, тепкич менен ылдый түшүп баратканда мүдүрүлүп кеттим. Кулап кете турганымда кимдир бирөө колтугумдан сүйөй калды. Карасам, Тилек экен. «Байкушум, мынчалык неге түтүмдүүсүң? Кетип калчы, суранам?!»- деп жиберди.
Кыздын үйүнө барганда көйнөгүн чечип бүткөн Наргиз мага көйнөктү көзү менен көрсөтүп, «жыйнап койчу» деп чыгып кетти. Башка сөз менен түшүндүргөнгө да арзыбапмын. Колуктунун апакай көйнөгүн колума алдым. Көз жашымдын тамчылары ак көйнөккө таамп жатты. Ошентип, курбум менен жигитим менин ишеничимди тепселеп салышты.
«ТИЛЕК СЕНДЕЙ КЫЗГА АРЗЫБАЙТ»
– Ишимди да, окуумду да таштадым. Антип деле көп убакыт жашай албайт экенсиң. Акыры боюмду жыйнап ордумдан турдум.
Убакыт өтүп, Тилек менен Наргиз балалуу болушту. Ошол кезде мага колдоо көрсөткөн адам, мээрим керек болчу. Тилектин Самат деген досу өжөрлөнүп жүрүп жакын адамыма айланды. Анын сүйлөшкөн кызы катары Тилектин чөйрөсүндө жүрүү менин башкы оюм эле. Сөз менен гана Саматтын сүйгөн кызы болгонум менен, ой-максатым Тилекте. Самат деле муну сезип жүрдү. Бир күнү экөөбүз сейилдеп жүргөндө Тилек тууралуу сөз болуп кетти.
– Мээрим, Тилек өтө бактысыз адам, ээ?- деди ал.
– Кандайча?
– Наргизге атасынын байлыгы үчүн эле үйлөндү. Амбициясы чоң болчу мурун эле. Кайнатасынын жеке бизнеси, заңгыраган үйү, машинасы – баары Тилектин колунда. Байлык үчүн ал көп нерседен баш тартты. А сенин оюң дагы эле анда...
“Жок, андай эмес” деген менен, ишенмек эмес. Ошондуктан үн-сөзсүз алдында отурдум. Ал жакын келип көзүмө тигилип, ызырына сүйлөнүп кирди.
– А мен сени аны унуттурам деген элем. Өз күчүмө, кыздарды ээрчиткен талантыма ишенген элем. Бирок сенден жеңилдим. Жакында мен Германияга кетем. Кааласаң, мени менен кет. Сени аэропорттон күтөм,- деп туруп кетти.
Наргиздин кыялын менчелик билген адам болбосо керек. Кудай акы, кызганыч кылганым жок, бирок андай адам менен жашоо ким үчүн болсо да тозок эле. Эртеси Самат күтүп жаткан аэропортко барбай, Наргизге жолукканы бардым.
– Тилекти биринчи күндөрү кандай сүйсөм, азыр андан ашып сүйөм. Суранам, аны бактылуу кыл, Наргиз! Сенден бир ооз “бул иш кандай болду?” деп сураган эмес элем. Тагдыр мага аны буюрбаптыр. Ага баш ийдим. Бул окуядан мен гана бактысыз боюнча калайын.
Наргиздин бутуна жыгылып, Тилекти бактылуу кылууну сурап жаттым.
– Мээрим, Тилек сенин көз жашыңа, сендей кызга арзыбайт,- деди Наргиз.
Ушул учурда босогодо Тилек турган экен. Жерде отурган менин жаныма келип колумдан булка тургузду да, машинасына салып жөнөдү. Үйүмө жеткенде көзүн чарчаңкы көтөрдү.
– Сендей адамга жолуккан күндөр жашоомдогу чоң бактым экен. Сенден баш тартканым – менин чексиз бактысыздыгым. Кечир, мени унут деп айта албайм, анткени мен да сени унута албайм.
Туура, сүйүү тууралуу көп китеп окугам, көп кинолорду көргөм. Бирок өз башымдан өткөн нерсе мен көргөн азаптардын бардыгынан ашып түштү. Бул окуя качан, кайсы убакта токтойт, азыр деле түшүнбөйм. Тилек экөөбүз үйлөнбөгөнүбүз эле болбосо, баягыдай эле жакынбыз, сырдашабыз. Бирок андай жашоодон да тажап кеттим. Азыр да «машинаңды жууп турам» деп алып калды. Бир жерден окуганым бар: “Адамдар арасында сүйүү эмне экенин билбеген бактылуулар бар. Бирок алар – сүйүүнүн кереметин сезбеген бактысыздар”. Демек, биз бактылуу бактысыздарбызбы?
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg