«ФОРСАЖ» – ШАМАЛДАЙ ЫЛДАМДЫК

Ыкчамдыкты сүйгөн жаштар үчүн «Форсаж» тасмасы чыныгы табылга болду десек жаңылышпайбыз. Тасма чыгары менен миллиондогон күйөрмандардын текчелери дисктерге толсо, кинодогу башкы каармандар дүйнөгө таанылып, атак-даңкка жетишти.

Тарткан өлкө – АКШ
Тартылган жылдары – «Форсаж» (2001-жыл), «Форсаж-2» (2003-жыл), «Форсаж-3» (2006-жыл), «Форсаж-4» (2009-жыл), «Форсаж-5» (2011-жыл)
Режиссёрлору – Роб Коэн («Форсаж»), Жон Синглтон («Форсаж-2»), Жастин Лин («Форсаж-3,4,5»)
Жанры – Боевик
Башкы ролдордо – Вин Дизель (Доминик Toреттонун ролунда), Пол Уокер (Брайан О'Коннер), Жордана Брюстер (Mия), Тайриз Гибсон (Роман), Лудакрис (Teж), Мэтт Шульце (Винс), Санг Кенг (Хан), Гал Гадот (Жизел), Тего Калдерон (Лeo), Дон Омар (Сантос), Жоаким ди Алмейда (Райес), Дуэйн Жонсон (Хоббс)

«ФОРСАЖ» ЭМНЕ ТУУРАЛУУ?
Полиция кызматкери Брайан ылдамдыкты өтө сүйгөн адам. Анын максаты – көчө жарыш тобунун башчысы Доминик Тореттонун командасына кирүү эле. Брайандын жаңы тапшырмасы Тореттонун ишеничине кирип, аны камакка алышы керек эле. Анткени Доминик жол боюндагы машиналарды тоноо менен акча тапчу. Брайан Тореттонун ишенимине кирет, бирок аны жакын билген сайын камоону каалабай калат. Анын үстүнө Доминиктин карындашы Мияны сүйүп калат. Акыры Брайандын бети ачылып, Торетто менен куушуп баратып темир жолдон машиналары аңтарылып кетет. Колго түшкөн Тореттону Брайан атайылап эле качырып жиберет. Тасманын мындан кийинки бөлүктөрүндө башкы каармандардын кызыктуу окуяларга, ар кандай тоскоолдуктарга туш болушары көрсөтүлөт.

ТҮНКҮ ЖАРЫШУУЛАРДАН УЛАМ...
Тасманын идеясы Лос-Анже­лестин көчөлөрүндөгү шамал менен тең жарышкан машина жарыштардан чогултулган. Бир ирет келип жарышка күбө болгон Роб Коэн акыры «Форсаж» тасмасын жараткан. Анын берген маектеринде «унаа жарышуу бул – жан дүйнөңдүн адреналинин ойготконго тете» деп билдирген.

БЮДЖЕТИ
Алгачкы “Форсаждын” бюджети 38 миллион долларды түзгөн. Тасманын продюсери эле эмес, ага тартылган актёрлор да ийгиликтүү болоруна анчалык ишене берген эмес. Натыйжада үмүттөрү акталып, АКШдан 144 миллион 533 миң 925 доллар чогултса, дүйнө боюнча 207 миллион 283 миң 925 доллар киреше алып келген. Дүйнө боюнча 40 миллионго жакын адам көргөнү да белгилүү. Ал эми кино сынчыларынын айтымында, «Форсаж-5» 2011-жылдын эң ийгиликтүү тасмаларынын катарын толуктап, Түндүк Америкадан эле 83,6 миллион доллар киреше тапкан.

ИДЕАЛДУУ АКТЁРЛОР
Бул тасмага идеалдуу актёрлорду табуу көптөгөн кыйынчылыктарды жараткан. Бирок жумшалган күч текке кеткен жок десек жаңылышпайбыз.
Башкы ролдогу актёр – Вин Дизель «Форсаждын» бардык бөлүгүнө катышкан. Кызыгы, бул тасмада коркунучтуу трюктарды тасманын 3-бөлүгүнө чейин актёрлор өздөрү аткарышкан. Ал эми 4-5-бөлүктөрүндө профессионалдуу каскадёрлор жалданган.

ШАМАЛДАЙ УЧКАН МАШИНАЛАР
Тасманы толук кандуу ачып берүү үчүн актёрлор кандай тандалса, машиналар да ошондой кылдаттык менен тандалган. Шамалдай учкан машиналарды элестеткен продюсер интернет аркылуу жаштарга кайрылып, заманбап машиналарды сураштырган. Бир жуманын ичинде машиналардын түрү тизилип, саны 1000ден ашып кеткен. Машиналарды эффективдүү кооздоо үчүн ар бир унаага 10 миңден ашык доллар жумшалган. Атайын тетиктер коюлуп, кошумча бампер, дөңгөлөктөргө титан дисктери тагылган.

ТАРТЫП ЖАТКАНДА...
Алгачкы «Форсаж» июлдун кайнаган күнүндө «Дожер Стэдиум» унаа токтотуучу жайда, көбүнчө «Анжелино Хейтс», «Силверлэйк» жана «Эко» сейилдөөчү жайларында тартылган. Ал эми кийинки бөлүктөрү АКШда жана башка өлкөлөрдө тартылат. Кээде тасманы тартуу аянтчасына 1500-2000ге чейин адам чогулуп калган учурлар болгон.

КЕЗЕК ОРУСИЯДАБЫ?
«Форсаж» дүйнөнү дүң­гү­рөткөн өлкөлөрдө тартылып келди. Тасма эл аралык долбоор болгондуктан, эмки бөлүгү Орусияда тартылып калышы мүмкүн.
Учурда «Форсаждын» 6-бөлүгү тартылууда. Ошондой эле 2020-жыл­­га чейин эки жылда бир­­ден жаңы бөлүктөрү тартылары бел­гилүү болду.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • «Форсаж» — англис тилинен которгондо «реактивдүү учактарда колдонулуучу кыймылдаткыч» дегенди билдирет. Негизинен, бул кыймылдаткычтар согуштук учактарда колдонулат. Мындай кыймылдаткычтар бир гана Ту-144 жана Конкорд учактарында бар.
  • «Форсаж» тасмасы чыгары менен айрым мамлекеттерде массалык түрдө машинанын терезелерин караңгылатуу башталган. Ошондой эле Америка, Европадан кел­ген машиналарга караганда, Япо­ниядан келген жапыз, түстүү, жарышка түшө турган машиналар модага кирген.
  • Тасманы тартып жатканда бир да актёр жаракат алган эмес. Болгону, 10дон ашык машина талкаланып, айдоого жарабай калган.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тасма таржымалы - "Форсаж" - шамалдай ылдамдык
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Luckyman
2011-05-30 17:16:20
абдан кызык фильм баарына сунуштайм))
0
dina
2011-06-01 10:43:09
Башка кинолордой эле экенго
0
Prosto Ji
2011-06-03 08:35:57
Люблю тебя Дом - любовь майн!
0
skatoruk
2011-06-03 10:13:02
Сонун кино экен мага абдан жакты
0
juman
2011-06-04 22:05:50
браин о,коннер прафисианалдуу аткарган , мага абдан жакты буга чейин форсаж 1,2,3,4го чейин коргом
0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан