Нурбек Эген, режиссёр: «АЛГАЧКЫ АКТЁРУМ БЕК БОРБИЕВ БОЛГОН»

Маектешим Нурбек Эген көп жылдан бери сыртта жүрсө да, дили кыргыз экени мени өзгөчө кубандырды. Дүйнө таанымы, көз карашы өзгөчө режиссёр мени гана эмес, сизди да таң калтырышы ажеп эмес.

– Куш келипсиз, Нурбек мырза! Кыргызстанды cагын-гандырсыз. Канча убакта бир келип турасыз?
– Ар кандай. Бир жылда бир, кээде бир айда бир келем. Бул сапар жаңы тасма тартуу үчүн келгем. Азыр сиз менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага кетем. Кыргызстанды болсо дайыма сагынам. Учактан түшкөндө эле чымчыктардын тааныш үнү угулуп, мурдума бир жыт келет. Балким, жийденин жытыбы же шамалдын жытыбы, айтор, дилиме жакын нерсе. Дагы бир байкаганым, Кыргызстанга келсем, ойлорум бир нукка түшкөнсүп, телегейим тегиз боло түшөт.
– Ата Мекен деп калдык, эми балалыкка бир кайрылып кетсек...
– Кадимки эле кыргыз айылында төрөлгөм. Атам мугалим болсо, апам соода-сатык менен алектенчү. 4 бир тууганмын. Кичинемде бир туруп колхоздун башкармасы болгум келсе, бир туруп экономист болгум келчү. Тишим ооруп калса, “тиш доктур болуп алсамбы” деп да ойлоп жиберчүмүн. Режиссёр болуу тууралуу ой мага 10-класста келди. Өзүм математика багытындагы мектепте окучумун. Ал кезде бизди театрга көп алып барчу. Негедир математика, физикага караганда менин дүйнөмө театр жагып туруп алды. Ошону менен окуум калды.
Театрга ары-бери бир нерсесин ташымыш болуп жумушка кирип алдым. Бара-бара алардын койгон пьесалары мага жакпай, “булардыкы кызыксыз, өзүм жазып баштасамбы?..” деген ой кетти. Шуулдатып пьеса жазып баштадым. Байкасам, менин пьесамды театр койчудай эмес. Аны түшүнүп, “өзүм коём” деп чыктым. Математиктерди актёр кылып, бүт мектептин оозун ачыргам. Кийин ошол пьесам театрда коюлду. Ошентип, дүйнөдөгү “эң улуу, укмуш режиссёр” Нурбек Эген чыга келди.
– Өтө өжөр жигит окшойсуз...
– Мындан аркысы да өзүнчө жомок. Искусство институтунун актёрдук бөлүмүнө кирдим. Бирок мугалимдердин окутканы мага эч жаккан жок. Өзүм “улуу драматург, режиссёр” болсом, анан мени минтип жатышса... Акыры кол шилтеп чыгып кеттим. Сценарийлерди биринин артынан бирин жазып, режиссёрлордун аркасынан чуркай баштадым. “Окуп бериңизчи, кандай экен?” деп эле маңдайында пайда болом. Замир Эралиев бир күнү: “Ой, сен мыкты сценарий жазган турбайсыңбы? Эмне жардам керек?”- деди. Мен камера керек экенин айттым. Ойлонуп отуруп башкы ролго Бек Борбиевди тартмай болдум. Анткени ошол кезде кыздар жигитти сүйсө да, Бекке окшоштуруп сүйүшөр эле.
Аны Спорт Ордосунан таптым. Бек чоң киши, мен илмийген ичке бала... “Байке, сизди киного тартайын деп жаттым эле” дедим. “Сенби?” деди ал таң кала. “Мен” дедим. Сценарийди көрсөтсөм, “ой, мунуң көп экен, айтып бер” деди. Сценарийди айтып берип аркасынан жүрөм. Ал улам бирөө менен учурашып, сүйлөшүп, кирип-чыгып ырдап жүрөт. Аны бир сааттай ээрчидим. Бек байке акыры макулдугун берди. Менимче, ал сюжетти деле түшүнбөсө керек. Болгону, аракети бар жаш балага жардам бергиси келди окшойт. Ошентип, Бек башкы ролду ойногон “Жоолукчан” деген тасмам он күндүн ичинде тартылып, карыздарымды жаап, Москвага билет алганга жараган.
– Анан Москва сизди кандай күтүп алды?
– Айтып берсем, бул да жомокко окшоп калат. Кыскасы, бекетте бир адам көчө шыпырып иш кылат экен. Ал мени ордуна таштап кетти. Көчө шыпырып жүрүп, акыры ВГИКтин имаратына бардым. Орусча билчү эмес элем, ошол имаратты үч айландым. Айтор, кокустан кирип калгам.
Студент кезимде үч тасма тарттым. Дипломдук иш катары тарткан “Санжыра” деген тасмам кеминде 60 фестивалга катышып, анын 30унда байгелүү орундарды алды. Башында Тимур Бекмамбетовдун студиясында иштеп, жарнама түрмөктөрүн тартып жүрдүм. Кийин фильм тарта баштадым.
– Эми кыргыз киносу тууралуу кеп кылсак. Азыркы кыргыз киносуна кандай баа бересиз?
– Кыргыз киносу өнүгүп кетет деген байкоолор бар. Айрымдар “улуу кыргыз киносунун баасын түшүрүп жатышат” деп айтышат. Жок, мыкты кинонун баасы дайыма сакталат. Мен деле майдадан баштагам да. Алгач кино менен элди тойгузуш керек. Анан өздөрү тандап көрө башташат. Андан атаандашуу пайда болот. Кино жок болсо, анан отуруп эле шедевр жаралып калышы мүмкүн эмес да.
– Алгач “кино тарта аламбы?” деген кызыгуу менен тарткан экенсиз. Кийин акча табуу максатында... Азырчы?
– Ой бөлүшүү үчүн, мени ойлонткон ойлорду элге айтуу үчүн тартам. Кыргыз эле эмес, башка улуттар менен да ой бөлүшкүм келет.
– Москва сиз үчүн...
– Москва мен үчүн менин максаттарымды аткарганга жардам берген жакшы шаар. Мисалы, "Мосфильмде" бир топ тасмаларды тарттым. "Тармак" ("Сеть") тасмасында Николай Добрынин, Иван Жидков сыяктуу мыкты актёрлор ойноп беришти. Бул фильмдин идеясын мага атактуу "Бригаданын" продюсери Алексей Сидоров сунуш кылган эле. Москвада иштеген мага ыңгайлуу, бирок үйүм деп Кыргызстанды эсептейм.
– "Манастын туулушу" тасмаңыз да бир топ ойлорду жаратты. "Кыргызга экинчи Манас керек" деген идея да жаткандай сезилет.
– Экинчи эмес, үчүнчү Манас. Мен экинчи Манас деп Чыңгыз Айтматовду эсептейм. Руханий жактан ал дагы биздин башыбызды бириктире алды.
– Нурбек Эгендин жеке турмушун билсек болор бекен?
– Бул жаатта өтө кызыктуу нерсе деле айтып бере албасам керек. Аялым бар. Аты – Ирина, улуту – орус. Орус деген менен, түрктөрдүн, буряттардын, украиндердин каны аралашып кеткен. ВГИКти бүтүрүп жатканда үйлөнгөнбүз. Мен бүтүп жатканда, ал окууга кирген экен.
– Жеңебиз айылга келгенде келиндик кызматты аткарабы?
– Ал биздин салттарды менден да жакшы билет. Ата-энеме ата- апа деп кайрылат. Уулумдун аты – Данияр, азыр 9га чыкты. Сүрөттү жакшы тартат. Чоподон ар кандай фигураларды жасаганды жакшы көрөт. Уулумда биз жактын касиеттери көбүрөөк деп ойлоп коём. Мисалы, куйма кулак. Ырларды көз жүгүртүп туруп эле жаттап алат.
– Сиз кандай күйөө баласыз? Кайын жагыңыз Нурчик деп эркелетишпейби?
– Мага көп ат коюп көрүштү. Нурба, Нур деп. Жеңишбектер Женя, Калыбектер Коля болуп алышат го. Мен андайга таптакыр моюн сунбай койдум. Мен Эген уулу Нурбек болчумун да. Тиги жактагылар "уулу" деген сөздү “отчество” деп түшүнүп, “уулу” деп кайрылып жүдөтө бергенде Нурбек Эген деп кыскартып салгам.

КЫСКА-НУСКА
– Мүнөзүңүз кандай?
– Элге жакын эмесмин. Сүйлөгөндөн көрө укканды жакшы көрөм.
– Кантип эс аласыз?
– Эс ала албайм. Көп болду эс албаганыма.
– Сизге жаккан режиссёр...
– Чарли Чаплин.
– Сизди таасирленткен тасма...
– Чаплиндин “Чоң шаардын жарыктары” фильми. Анын эң акыркы киносу.
– Материалдык байлыкка болгон көз карашыңыз...
– Акча тууралуу көп ойлонбойм. Менин ойлоп тапкан идеям – акча. Демек, канчалык идеям чоң, терең болсо, ошончолук акчам көп болот. Негизи эле “акчам көп болсо...” деген ойлор менде аз.
– Ата-энеңизге акыркы жолу качан белек бергенсиз?
– Бир ай мурун машина белек кылдым.
– Канча тил билесиз?
– Орус, англис тилдерин билем.
– Жакында тарта турган тасмаңыз...
– “Үй” деп аталат. Москвада, Ысык-Көлдүн жээгинде жана Лондондо тартылат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Нурбек Эген: "Алгачкы актёрум Бек Борбиев болгон"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Шаиста Шатманова
2011-05-30 11:03:56
Аялы орус болсо да, озу Орусияда иштеп журсо да кыргызчаны орус акцентин кошпой таптак, тушунуктуу суйлогонун коруп ыраазы болдум. Азаматсыз, Нурбек мырза!
0
bagdat
2011-05-31 22:48:28
Негизи гений адамдар аз суйлогон, адамдарды суйбогон бир кызыктай суйлогон адамдар болушат, бул режиссер да ошолордун бири экен да
0
ХАНЗАДА
2011-06-01 19:14:39
Бул инсанды "Бакиевдин эрке режиссеру, кол баласы" деп аташат. Чыгармачыл адамдар президент менен жакын болуш да онойго турбай калды бугунку кундо. Анткени бектер кетет эл калат, артынан создор айтылат, анан табакташ болуп жургондорго мына ушундай создор жабышат...
0
chinovnik
2011-06-02 15:42:23
Нурбек байке таланттуу экен, мындай кишилерди сыйлап алышыбыз керек! Сизге ийгилик!
0
Zamira
2011-06-02 16:21:30
Ишинизге ийгилик,озунузго ден-соолук,уй-булоонузго бакубат жашоо каалайм!Бар болунуз.
0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан