"Супер дебют-2010" наамынын талапкер болгон “NON-STOP” дуэти жакында "Жүрөгүм сага" аттуу ырына клип тартты. Клип заманбап тартылып, кыска сюжетти камтыйт.
Режиссёру жана оператору – Мирлан Саткынбаев
Бюджети – 3000 доллар
Тартылган жери – Астана шаары
Узактыгы – 2 мүнөт 46 секунд
НЕГИЗГИ СЮЖЕТ
Клип чиелешкен узун окуяны камтыбаса да, сюжети бар. Кыз-жигит башында бири-бирин түшүнүшпөй урушуп, эки ажырым жолго кетишет. Анын себеби – жигит сүйгөн кызын башка бирөө менен кафетерийден көрүп калганында. Бул окуядан кийин кыз-жигиттин ортосунда кусалык, сүйүүдөн азап чегүү күч алат. Клиптин соңунда кызды жандап отурган мырза жөн гана досу экени билинет.
ЧЕТ ЖЕРДЕ ТАРТЫЛГАН КЛИП
Клип алгач Казакстандын Алматы шаарында тартылмак. Ал үчүн бир айча ырга татыктуу сюжет менен клип тартылуучу кооз жайларды караштырышкан. Бирок съёмкага аз калганда Астанага барып, ошол калаа жагып, Астанага токтолушат.
“Клипти Бишкекте тартууну да ойлодук. Бирок биздеги жайлардын баарын клиптерге тартып бүттүк. Мисалы, жөнөкөй эле мейманканаларды алалык, бир эле номерде жок дегенде 2-3 клип тартылган. Анан окшоштуктан качып, Астананы тандадык”,- дейт "Non-Stop" дуэтинин жетекчиси жана “Тумар” радиосунун негиздөөчүсү Алексей Сидоров.
ЧОЛПОН БААРЫН «ШОК» КЫЛЫП...
3 күнгө созулган съёмка учурунда көп кызыктар болгон. Чолпон кызыктардын негизги каарманы экен. Сюжет боюнча, капаланган Чолпон жигитин жаакка чапкан жери бар. Ошол учурда Чолпон абдан образга кирип кеткенби же өзүнүн анча-мынча жинин чыгарып алгысы келгенби, Максатты шак этип эле жаакка катуу тартып жиберет. Максат да түшүнбөй: “Чолпон, эмне кылып жатасың?!”- деп кызды эсине келтириптир.
Ошондон кийин эле чуркап чыккан кыз көчөдөн такси тосмок. Ал үчүн атайын унаа сүйлөшүлбөй эле жолдогу өтүп бараткан бирөөнү Чолпон токтотуп, аны клипке тартып алышмак. Бирок бул жерде да ырчы кыз кесиптештерине “сюрприз” тартуулаганга жетишиптир. “Мотор, камера!” командасы берилип, съёмка башталганда Чолпон жолдо келаткан машинага кол көтөрөт. Айдоочу токтоор замат ага бир ооз сүйлөбөй унаанын арткы эшигин ачып, шып отуруп, кетип калат. Мында да тартуучу топ бир сыйра “шок” болушат. Чолпон бир аздан кийин гана эч нерсе болбогондой кайтып келиптир.
(Аталган клипти бул жерден көрүүгө болот)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg