21-22-май күндөрү "Тамашоунун" Премьер Лига менен Жогорку Лигасынын оюнчуларынын арасында чемпиондукка ат салышуу болду. Таймаш, чындыгында, оңой болгон жок...
ОЮНДУН ЖҮРҮШҮ
21-май күнү “Юрский период”, “Оштук коноктор”, “Азиатский стандарт”, “УКГ №5”, “Нарын Юнайтед”, “City Bombs”, “Баракелде” командалары Премьер Лигада ат салышып, “Юрский период” командасы кубокту татыктуу жеңип алды.
Ал эми 2-күнкү таймаш жөнүндө өзгөчө кеп козгобосок болбос. Көптөн күткөн жарыш, көптөн күткөн эмоциялар... Ооба, финалчылар оюнга болгон күч жана “чөнтөк аракетин” жумшаганын көрсөтүштү. Туура 4 саатка созулган күлкү майрамы, калыстардын бири айткандай, көрөрмандарга 20 тонна күлкү тартуулады десек адашпайбыз. “Тамашоунун” “аксакалдары” деп атаса жарашкан “Достук”, “Ак-Өргө city”, “Чез” жана “Тергөө”, “IUK” деген эки “новичок” командалар өз ара кубок үчүн таймашка түшүп, жыйынтыгында эң “маданияттуу” райондон келген “Ак-Өргө city” 3-сезондун чемпиону аталды. Күмүш медалга “IUK”, коло медалга “Достук” менен "Чез" командалары татыды.
КҮТҮЛГӨН ЖЕ КҮТҮЛБӨГӨН КОНОК...
Оюнга президент Роза Отунбаева чакырылган экен, бирок анын ордуна кеңешчиси Султан Раев келди. Калыстардын мүчөсү Эрнест Абдыжапаров айткандай, президент жакшы эле келбептир. Өлкө башчысын туураган бир эмес, эки оюнчу анын жоктугун билдиришкен жок.
“Достук” командасы калыстарга сый-урматын билгизиппи же “намёк” кылыппы, устукан тартышса, оюн аягында калыстар устукандарын симпатиясына жараша оюнчуларга таратып салышты.
Ошентип, бир жыл бою Спорт Сарайын жаштарга толтуруп, элге күлкү тартуулаган “Тамашоу” Лигасынын 3-сезону жабык деп жарыяланды.
Баса, “Тамашоу” курама командасы 4-5-июнь күндөрү Москва шаарында жеке концертин коюшарын билдиришти.
МЫКТЫ ТАМАШАЛАР
“Братан” “братишкасына”:
– Санжар, бери келсең.
– Эмне, брат?
– Кечээ мен сенин кызыңды бир лох менен көрдүм.
– Кечээ кечке кызым менен мен жүргөм...
– А мен эмне дедим сага?.. (“Достук”)
– Кана мага бирдик салганың?!
– Эрназар, кечирип койчу, менде болгону 5 эле сом бар болчу. Аны кызматы үчүн эле төлөп койдум.
ххх
– Азаттын сүйлөшкөн кызына эч ким жетпейт.
– Эмнеге?
– Анткени ал аябай бат чуркайт да.
ххх
Куудул Күмөндөрдөн таңкы жарнама:
– Сен мени менен сүйлөшкүң келип жатабы?.. Же Абдылда менен сүйлөшкүң келеби?.. Сен өзүңчө эле бир нерсе болуп жатасыңбы? Анда мага чалбай, Жамбылга чалгын, уктуңбу?! (“Ак-Өргө city”)
Таластык жигиттин ыры:
"Токоюң бойлоп баратсам,
Эч ким жок, кимге мактансам?.." (“IUK”)
Кыз өксүп милиция кызматкерине кайрылат. Милиция:
– Сизге эмне болду?
– Тоноп кетишти.
– Ким?
– Тата Улан, бет капчан экен.
– Бет капчандардын баары эле Тата Уланбы сизге?
– Тата Улан болчу, кетип баратып “капа болбо, карындаш” деди. ("Тергөө")
РАЗМИНКАДАГЫ ТАМАШАЛАР
– Пульттун батарейкасы иштебей калса, тиштеп-тиштеп, кайра салып коёбуз. Ал эми муздаткыч бузулса кантебиз?
(“Ак-Өргө city”)
– Анда кийинки мародёрлукту күтөбүз.
(“Достук”)
– Анда Кыргызстандын Энергетика министрин тиштеп-тиштеп коюш керек.
(“Чез”)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg