Дүйнөдөгү эң жакын адамынын өмүрүнө кол салып, адамды тоокчо көрбөгөн эки буттуу айбандар (адам деп айтууга ооз барбайт) жашап келет арабызда. Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй ОИИБинин, Сокулук РИИБинин кызматкерлери биргеликте эң оор кылмыш ишинин – адам өлтүрүүнүн бетин ачышты.
ЧОҢ ЭНЕСИНЕ 10, НЕБЕРЕСИНЕ 15 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН
Апрель айынын аягында Сокулук РИИБине 73 жаштагы Ю.Львованын жана анын 11 жаштагы небереси Т.Львованын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге аталган райондун оперативдүү тергөө тобу, ИИМдин, Чүй ОИИБинин өкүлдөрү, райондун прокурору келип, үрөй учурган көрүнүшкө туш болушат. Үйдүн кире беришиндеги бут чечкен жерде кийими канга чыланган кемпир, төркү бөлмөдөгү керебетте так ушундай эле көрүнүштө анын небереси жаткан эле. Адистер кемпирдин денесине 10 жолу бычак сайылганын, ал эми небересинин моюнунда, көкүрөгүндө 15 жолу сайылган бычактын изи калганын эсептеп чыгышса, оперкызматкерлер мыкаачы кылмышкерди кармоонун жолун ойлоно башташкан.
Бул оор кылмыш ишинин бетин ачууну ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын адам өмүрүнө жана ден соолукка зыян келтирүүчү кылмыш иштерине каршы күрөш жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси, подполковник Канатбек Асаналиев баштаган топ колго алып, чүйлүк кесиптештери менен бирге иликтөө иштерин жүргүзө башташат. Ал арада соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалат.
3 УУЛУ ТЕҢ БЕКЕРЧИ
Иликтөө кезинде кемпирдин жакын туугандары тыкыр текшерилип чыгат. Жашы бир топко барып калса да, тың кемпирдин 40 жаштын тегерегинде үч уулу бар экен. Алардын экөө темир тор артындагы жашоону башынан өткөргөн немелер болуп чыгат.
Колундагы жалгыз уюн саап, анын сүтүн сатып, күнүмдүк оокатка тыйын таап, небересин баккан кемпирдин тынчын үч уулу алып келгени да маалым болот. Үчөө тең иштешпейт. Апасынын үйүнө келип, байкатпай улам бир нерсени уурдай качышып, аны саткандан түшкөн тыйынга арак ичүүнү адатка айлантышкан. Байкуш кемпир бир уулун малчы кылып, бирин талаа жумуштарына орноштурса, бир-эки күндөн кийин тигилер кайра эле иштен качып келип жүдөтүшчү экен. Ишенимден кеткен уулдарынан корккон эне акыркы кезде анча-мынча тыйын-тыпырын коңшуларына каттырчу болот.
КӨЗҮН ЖАШТАП, КӨҢҮЛ АЙТКАН ЖАН АЛГЫЧ
Кемпирди жана кызды жерге берер күнү келип көңүл айткан кишилер да оперкызматкерлердин көз жаздымында калышпады. Ошолордун арасынан жашы 30дун тегерегиндеги С.Абраменко аттуу адам көзгө илинет. Ал кемпирдин балдарынын досу катары үйгө келип-кетип эле жүргөн. Эми көзүн жаштап, арактан ооз тийип, досторуна көңүл айтып отурат. Көзүн ала качкан немеде бир мандем барын сезген кыраакы кызматкерлер жакшылап текшере келишсе, ал мурда бир нече ирет соттолгон баңги болуп чыгат. Берилген таамай суроолордон башы адашып, улам жаңылып, жан талашкан С.Абраменко акыры кылган кылмышын мойнуна алып, көрсөтмө бере баштайт.
БАҢГИДЕ ТУУГАН БОЛБОЙТ
«Окуя түнкү саат экилерде болгон. Баңгизатынын дозасы жетпей калып, Абраменко көчөдө баратып эски тааныштарынын үйүн көздөй бурулган. Ал кандай гана жол болбосун, баңгизат сатып алууга акча табууну максат кылат. Баңгилер сайынар маалы келгенде, акылдан адашып, өз ата-энесин да аябай калат»,- дейт подполковник Канатбек Асаналиев.
Ооба, баңгилер үчүн ата-эне, тууган, дос деген түшүнүк болбой калат. Көзүнөн баңгизаты учкан Сергей эшикти тарсылдатып кагып кирет. Чочуп ойгонгон кемпир ич көйнөкчөн чыгып, тааныш үндү угуп, эшикти ачат. Кемпирди жан алгычтын жалаңдаган бычагы тосуп алат. Артка бурулуп кача берген кезде, түнкү каракчы жетип барып анын далысына, моюнуна бычакты бир нече ирет матырып алат. Кемпир кыйган талдай жерге жыгылат. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен секелек кыз төркү үйдөн жүгүрүп чыгат. Оозгу бөлмөдөгү окуяны көргөндө эси чыгып, кайра керебетине качып барып жуурканын жамынып, дымын чыгарбай жатып калат. Анын артынан аттап-буттап төркү үйгө жеткен баңги наристе кызды да аябастан, бычак менен бышып салат.
Качан гана чарчаган кезде бычагын таштайт да, үй ичин тинтет. Кемпирдин уюлдук телефонун, каткан 3800 сом акчасын, паспортун алып, из жашырат.
Шектүү адам кармалгандан кийин кылмыш иликтөөчүлөр далил буюмдарды: таштандыга ыргытылган кемпирдин капчыгын, уюлдук телефонун таап чыгышты. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ырысбүбү Сагымбаева, Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg