ПИРСИНГ ЗЫЯНДУУБУ?

Пирсинг артерия, вена кан тамырынан алысыраак жайгашкан жерлерге жасалат. Бул көзөөдө кан агуулардын алдын алат. Көзөөгө ылайык жерлер болуп кулактын кемирчек бөлүгү, көнчөгү, каш, эриндер, тил, киндик, эмчек учтары, таноо, мурундун ортосундагы тосмо эсептелет.
Пирсинг жасатууда башкы орунда бет турат. Бул менен жаштар өзүнүн башкалардан өзгөчө­лүгүн бөлүп көр­сөткү­лөрү келишет.
Баш жана бет бөлүгүнөн 1-орунду кулак, 2-орунду каш, 3-орунду мурун, 4-орунду эриндер, 5-орунду тил ээлейт.

Пирсингдин организмге тийгизген терс таасири

Тил баарынан мурда даам сезүү органы болгондуктан, көзөө даам сезүү рецепторлорун жок кылат. Ал эми сүйлөгөндө болсо сөздөр так айтылбай калуусу мүм­күн.
Пирсингден кийин айыгуу үчүн өтө көп убакытты талап кылган дене бөлүктөрү бар. Мисалы, киндик 6-7 айдан кийин, эмчек учтарындагы көзөнөктөр 4-5 айдан кийин айыгат. Денеси ооруган адам өзүн начар сезип, натыйжада, психикалык жактан да жабыр тартат.
Билбегендерге кулакты көзөө оңой көрүнөт. Кулакты туура эмес көзөгөндүк­түн айынан шакый оорусуна чалдыккан адамдар да бар. Мисалы, андай жабыркоочулардын бири дээрлик 4 жыл бою оорусунун себеби пирсингге байланышканын билген эмес. Бул дарыгерлердин узакка текшерүүсүнөн кийин аныкталган.
Пирсинг жасатуунун кооптуу жери бо­луп, көзөө учурунда дарыгердин колдонгон аспабы аркылуу жугуштуу оорулар, мисалы, сарык оорусу жугуп калуусу мүмкүн.
Адамдын денесинде адамдын тири­чилик-аракетине таасирин тийгизүүчү активдүү точкалар көп. Пирсинг жасатууда андай точкаларга зыян кетет. Бул болсо тиешелүү деңгээлде адамга зыянын тийгизет. Мисалы, сол колдун чыпалагына пир­синг жасатууда адамга дал ушундай зыян келет.
Негизи, кандай болгон күндө да көзөнөк жасалган соң, гигиеналык жактан көзө­мөлдөп туруу зарыл. Болбосо толук айыга электе ар түрдүү микробдор кирип, сезгенүүлөр келип чыгат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asus84
2012-05-04 09:21:10
жинди киши эле тештирбесе денесин
0
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан