ТАР ИЧ КИЙИМ ЦИСТИТКЕ АЛЫП КЕЛЕТ!

Цистит эмнеден келип чыгат?
Сууктун түшүшү менен циститтин да кези келет. Анткени, суукта жүрүп, суукка урунуу – циститтин келип чыгышынын бир себеби. Көбүнчө цистит сасык тумоону коштоп жүрөт. Цистит – дааратканага тынымсыз чуркатуучу дарт. Заара ушатканда ичтин ылдый жагы ачышып, чыдагыстай оорутат. Медицинанын тили менен айтсак, цистит – инфекция (оору козгогуч микробдор) кирип кеткенден улам табарсыктын сезгенип оорушу.
Эгер цистит кармаганда адам сасык тумоого да чалдыккан болсо, анда организм начарлап, инфекцияга туруштук берүүсү азаят да, инфекция организмге тарай баштайт. Мисалы, заара чыгаруучу жолдор аркылуу бөйрөккө өтүп, аны сезгентип, ооруну козгойт. Андыктан, күн суук тарткан кезден баштап кышта, жазда бутту жылуу кармоо зарыл. Себеби, таман нервдердин бүткөн жери болгондуктан, жылуулук, муздак да тамандан өтөт.

Табарсыкка инфекция кайдан өтөт?
1. Табарсыкка инфекция көбүнчө түз ичегиден өтөт. Кантип дейсизби? Дааратканага барып заңдаган соң таза аарчынбасаңыз, ал жерде микробдор калып калат да, “алиги” жакты карай жылып, ооруну козгойт. Андыктан, таза аарчынуу, болгондо да кагаз менен арттан алдыны көздөй эмес, алдыдан артты көздөй таза аарчуу керек.
2. Тар ич кийимдер. Кыздарга азыр стринги (“карандаш” трусалар) кийүү мода. Бирок, анын зыянын көпчүлүк биле бербейт. Анткени, анын ичке жиптей матасы жыныс кынынын оозуна бекем жабышып тургандыктан, жиптей матадагы микробдор заара чыгаруучу каналга, алтургай жыныс кынынын ичине да кирип, сезгенүүнү жаратат. Ошондой эле мындай труса арткы көтөн чучукка да чапталышып тургандыктан, ал жердеги микробдор да ичке жиптей мата аркылуу сүрүлүп келип заара чыгаруучу каналга, алтургай жыныс кынына да кирип кетет.
3. Нейлон колготкилер, тар жабышкан жынсылар. Аталган кийимдерди узакка кийип жүрө берсеңиз, анда жука чурайыңызда жылуу жана нымдуу температура түзүлөт да, бактериялар көбөйө баштайт. Алар болсо жогоруда айткан жолдор менен организмге кирип, циститти жаратат.
4. Көтөн чучук аркылуу жыныстык катнаш (аналдык секс). Эгер эркек арткы көтөн чучук аркылуу жыныстык катнаш жасаган соң душ кабыл албай эле кайра жыныс кыны аркылуу кошула баштаса, анда көтөн чучуктагы бактериялар жыныс кынына жана заара чыгаруучу каналга түз эле кирип, сезгенүүнү жаратат.

Дарылоо
Циститти бат эле айыктырууга болот. Оорунун белгилери билине баштаганда кечиктирбестен доктурга (балдар урологго, кыздар гинекологго) кайрылуу зарыл. Врач текшерген соң дары-дармек жазып берет. Эскертүүчү нерсе, цистит кармаганда суусундукту көбүрөөк ичүү керек. Анткени, суусундуктар менен кошо денеге кирген бактериялар да чыга баштоосу үчүн. Бир күндө үч литрдей ичүү керек. Болгону, кофе, ичимдик, «Кока-кола» эмес, минерал сууларын же кайнатылган сууну. Мумиёну ичсе да жакшы. Анткени, мумиё сезгенүүнү жоё турган касиетке ээ.
Ал үчүн дарыканадан мумиёну сатып алып, күнүнө 3 маал 2 таблеткадан ичүү туура. Дарылануу курсу 20 күн. Болгону, мумиёну колдоноор алдында врач менен кеңешип алыңыз.

Эскертүү: Цистит кармаганда өз билгендей дарыланууга болбойт. Анткени, оорудан таза айыкпай калып, оору өнөкөт түрүнө өтүп кетиши толук мүмкүн!

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 259, 19-25-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан