ЭМКИСИ ПАРТИЯЛЫК ПРЕЗИДЕНТ БОЛУШУ КАЖЕТ

Жалпы элдик июнь референдумунда жаңы Баш мыйзам кабыл алынган соң партиялык тизме аркылуу, башкача айтканда, пропорциялык негизде парламенттик шайлоо болуп өткөнү белгилүү. Шайлоо өлкөдө көп партиялуулук менен парламенттик башкаруу системасын түптөдү. Ошону менен партиялар негизги саясий күчкө айланган эле.

ООР ТОПОНДОЛУП ИРГЕЛҮҮ МЕХАНИЗМИ
Нааразы болгон эл жапа тырмак көтөрүлүп чыккандан кийин качып кетишкен А.Акаевдин үй-бүлөлүк, К.Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык режимдеринен, азыркы өткөөл мезгилдин мамлекет башчысынын башкаруусунан кийин келечекте бийликке партиялык президент келе турганы анык болуп калды.
Талапкерлер күзүндө боло турган президенттик шайлоодо саясий партияларга таянбаса, чоң майнап чыгара албастыгын алаканга салгандай аңдап билип калышкан кези. Кыргызстанда “президент болом” деген амбициясы аттын башындай саясатчылар четтен чыгат дечи. Кыргыз бийлик дегенде ичип жаткан ашын жерге таштап, декилдеп чуркаары башынан белгилүү. Бирок менсингендердин баки жогунун баары тең эле президенттикке талапкер болуп катталып кетери арсар.
Эзели калп айтып көрбөгөн, бирок каңырыш укканды өнөр кылган, башкача айтканда, божомол-жоромолдорго, учуртма ушактарга шыктуу гезиттер президенттикке талапкерлердин саны 50гө чейин чаап барарын, аларды бюллеттендеги тизмеге сыйдырыш үчүн узундугу бир метрге жеткен барак талап кылынарын божурай башташты. Асыресе, жоромолчу гезиттердин ашкере кыжалат болушунун кажети жок, кам санабай деле коюшса болот. Анын бир нече себептери бар. Көп партия­лык системага ылайык, каалагандардын баары эле эмес, татыктуулары оор топондолуп иргеле турган саясий механизмдер ишке салынат.

ПАРТИЯЛАРДЫН ЧЕЧИМИНЕ ЖАРАША
ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР АНЫКТАЛАТ
Талапкер көрүнгөн партия эмес, ири жана таасирдүү саясий күчтөрдүн колдоосуна таянганда гана көздөгөн максатына жетиши мүмкүн. Адилет министрлигинен каттоодон өткөн 150гө чамалуу саясий уюм бар. Арийне, улуттук мааниге эгедер олуттуу партиялар он чактыдан ашпайт. Партиялар талапкерлерин президенттик орунга аттап-тондоп камдап жаткан чакта уюштуруучулук, каржылык ички ресурстарын эсепке албай коё албастыгы анык. Ресурстары чачкынды болуп майдаланып кетпеши үчүн бирдиктүү бир талапкердин президенттик шайлоого катышына кызыкдар.
Эгер партия шайлоого эки-үч талапкерин катары менен жарыштырып койсо, электоратынын добуштары тарамдалып бөлүнүп кетип, көздөгөн максат ишке ашпай каларын жакшы билишет. Ошондуктан саясий партиялар АКШда, башка демократиялык өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келаткан «праймериз» деп аталчу этапты, башкача айтканда, талапкерлер «чоң» шайлоо болорго чейинки алдын ала ылгоо процедурасын башынан кечирүүгө аргасыз. Ким президенттикке татыктуу экенин партиялык курултай чечиши кажет. Бул көз караштан алганда, КСДПнын алдында чоң маселе жок. Соцдемократтар бирдиктүү бир талапкерин – А.Атамбаевди шайлоого коё берери талаш туудурбай калды. «Ата Журтка» келсек, абал кыйла чаташкан. Партиянын ичинде президенттикке ат салышат дегендердин катарында Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков жана Мыктыбек Абылдаевдин ысымдары аталууда. Баамыбызда, түндүк-түштүк факторун эске алганда, алардын ичинен М.Абдылдаевдин талапкердигинин артыкчылыгы сезилбей койбойт. «Ар-намыстын» азыркы кезде ынтымагы кетип жаткан кези. Ыркы жок партиянын бирдиктүү бир талапкерге токтолушу кыйын. «Республикачыларга» лидери Өмүрбек Бабановдун репутациясы булганып калганын, “бизнесмендердин партиясы”, “Максим Бакиев менен байланышы бар” деген жаманатты кеп ысык боткодой жабышканын эске алсак, партия өзүнүн талапкерин көрсөтүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн. “Ата Мекен” жаштарга басым коюп, Р.Жээнбековго ишеним артат” деген версияда чындыктын үлүшү бар.
Президенттик шайлоо чукулдаганда ар кандай саясий альянстардын түзүлүшү кадыресе көрүнүштөрдөн. Азыркы бийликтин башында турган көпчүлүктүн коалициясы («Ата Журт», КСДП, «Республика») бир тарап, демократиялык оппозиция («Ата Мекен», «Ак шумкар», «Акыйкат» ж.б.) бир тарап болуп шайлоо блогун түзөрүн болжолдосо болот. Эки блоктун ар бири бирдиктүү бир талапкерге токтолору анык. Мындай учурда президенттикке талапкерлердин саны кескин кыскарары айтпаса да түшүнүктүү.

Үсөн Касыбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан