Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы, ошондой эле Укук тартиби, Мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитеттеринин отурумунда угузулду. Анда комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда эки түрдүү пикир жаралды.
Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов: “Бабанов Казакстандын паспортун 5 жыл бою колдонуп жүргөн. Кийин КРнын ИИМи өз укуктарын ашкере колдонуу менен ага КРнын жарандыгын мыйзамсыз беришкен. Мындай маселе президентке арыз жазуу менен гана чечилиши керек эле”,- дейт. Ал эми аталган комиссиянын мүчөсү, «Республика» фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов баштаган топ “Бабановго экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов койгон айыптоолор негизсиз” деген жыйынтыкты билдиришти.
Жыйын соңунда аталган эки комитет “Абдрахманов негизги маселеден четтеп кеткен” деген чечимге келип, Обдуновдун тыянагын жактырышты.
Отурумдан кийин кабарчылар менен жолуккан Абдрахманов комиссиянын мүчөлөрүнө басым көрсөтүү менен чечим кабыл алынгандыгын белгилеп: “Эгер менин өмүрүмө зыян келе турган болсо, Бабанов жасады деп билгиле”,- деди.
Кубаныч Сыдыков