Буга чейин мугалимдер мектеп окуучуларын спектакль же балетке барууга үгүттөп келишсе, бул сапар Бишкек мэрия аларды орусиялык «Градусы» тобунун концертине чакырды. Чакырды десек жарашчудай эмес, «Спартак» стадионун толтуруу үчүн 200 сомдук билеттерди окуучуларга күчтөп сатты. Шаардын башчылыгы аталган топтун популярдуулугуна карап же жаштардын заманбап табитине берилип кетиппи, айтор, аткаруучулардын эмне деп ырдаганына көңүл бөлүшпөгөн көрүнөт.
«КОНЦЕРТКЕ БАРАСЫҢАРБЫ ЖЕ ЖОКПУ,
БИРОК БИЛЕТТИ АЛАСЫҢАР»
Бишкек шаарындагы №54-орто мектебинде билим алган окуучулардын биринин апасы биздин редакцияга чалды. «Мектепке келип калбасаңар болбойт» деп тызылдаган эженин үнүн угуп, айтылган дарекке шашыла жеттик.
«№54-мектептеги 9-класстын окуучусунун апасы болом. Кечээ кызым «Градусы» тобунун концертине берилген билетти көрсөтүп, «апа, эжейибиз «200 сомдон алып келгиле, барасыңарбы же жокпу, билбейм, бирок билетти сатып алышыңар керек» деп айтты» деди. Анан бүгүн директоруна келсем, менден башка ата-энелер да келиптир. Ага ачык эле концертке барууга уруксат да, акча да бере албайбыз деп айттык. Директору болсо «класс жетекчини чакыргыла» деп опурулат. Бул аралыкта мектеп окуучуларынын президенти Нуриза директордун кабинетине кирип, көп өтпөй ыйлап чыкты. Көрсө, директор «билеттерди мэрия берди, баары бир сатып аласыңар, эмне, жалгыз атынып өлөйүнбү?!» деп урушуптур»,- деген окуучунун апасы баарын башынан айтып берди. Эженин аты-жөнүн сураганыбызда ал: «Жок, жазбай эле койгула. Кызым 9-классты аяктап жатат. Эртең экзамендери башталса, директору өчөшүп калышы мүмкүн»,- деп чочулады.
Ушул жерден дагы бир окуучунун апасы сөзгө кошулду. «Мен кызыма концертке барып келүү үчүн 200 сомду деле аябайм, бирок ал топтун ырдаганын телевизордон көрдүм, ошон үчүн каршы болуп жатам. Анын үстүнө бул кызым эң кенжем. Чоңдор бара турган мындай концертте менин кенедей кызыма балээ барбы?!»- деп нааразычылыгын айтты.
«ЭМНЕ, 200 СОМУ ЖОК КЕДЕЙСИҢБИ?»
Ата-энелердин арыз-арманын уккан соң жогоруда ызасынан ыйлаган кыз Нуризаны кепке тарттык. 9-класста эле окуганына карабастан, аталган мектептин окуучуларын башкарат экен. Тыкылдап сүйлөгөн окуучулардын президенти Кубанычбек кызы Нуриза: «Ырлары «нормально» болсо да бармакпыз, бирок ата-энебизден мурун өзүбүз каршы чыктык»,- деп сөзүн баштады.
Нуризанын айтымында, алардын класс жетекчиси 25-май – Акыркы коңгуроого карата Орусиядан «Градусы» тобу келерин айтат. Бул концертке мугалимдер менен чогуу барышарын, билет үчүн 200 сом төлөшөрүн айтышат.
«Бирок биз билеттерди эртеси директорго кайтардык. Анткени ал топтун концертине баргыбыз келбейт. Негизи, чоңдор мындай ырчыларга барууга, тескерисинче, тыюу салыш керек болчу. Эмне үчүн ата-энебиздин акчасын «барахлого» чачышыбыз керек?»- деди тайманбаган Нуриза. Окуучулар башчысынын оозунан мындай сөздү уккан директор «эмне, 200 сому жок кедейсиңби?» деп кайра кекетүүгө өткөн.
Ушул жерден окуучу Айсулуу Шералы кызы: «Градусы» тобунун ырлары жана клиптеринин маңызы деле жок. Керек болсо ошондой ырдын айынан бизге окшош кичинекей кыздар жаман жолго барышы мүмкүн. Барбайбыз деп чыксак, класс жетекчибиз «менин айлыгымдан кесип калышат» деп ыйлактап жатат»,- дейт.
Ал эми Сталбек Рысбек уулу: «Ооба, билетти колубузга карматып коюшту. Бирок менде кайдагы акча? Төлөйсүңөр деп кыйнап жатышат»,- деп сөзгө кошулду.
«ОКУУЧУЛАР КААЛАБАСА, АНДА МУГАЛИМДЕР БАРЫШАТ»
Мындан кийин биз директордун кабинетин көздөй жөнөдүк. №54-орто мектебинин директору Ирина Борисова менен учурашып, анын ансыз да түшүп турган маанайы журналисттер экенибизди уккан соң биротоло бузулду.
«Жок, сүрөткө тартууга жана үнүмдү жаздырууга уруксат бербейм. Бул концерттин ызы-чуусунан улам шаардын директорлору «жылдыз» болуп кеткенибиз жетишет. Мэрия уюштуруп жаткан концерт окуучуларыбызга жакпай, алар билетти сатып алууга каршы. Бирок башка чарабыз жок, демек, мугалимдер өздөрү барууга туура келет», - деген директор өзүнүн чындыгы менен бөлүштү. Ирина Борисова мектепке 150 билет бөлүнгөнүн жана аны 50гө жакын мугалимге таратып берерин айтты.
«Биздин айлыгыбыз ансыз деле аз. Бирок май айынан тарта маянабызды көбөйтөбүз дешкен, мына ошол акчадан билетке төлөп берүүгө туура келет»,- деп аргасыздан амал тапкандай сүйлөдү.
МЭРИЯНЫН СЮРПРИЗИ, ЖЕ АКЧА ЖАСОО АРАКЕТИБИ?
Жогорудагы болуп өткөн окуя Бишкекте жайгашкан көптөгөн мектептерде (мисалы, №67, 69, 26, 12, 37, 17, 2, 70) кайталанды. Буга байланыштуу окуучулар жана ата-энелер журналисттерге кайрылышып, ММКлар бир сыйра ызы-чуу жаратышты. Жыйынтыгында концерттин үнү министрлердин кабинетине чейин жетти. Бийлик өкүлдөрү: “Мугалимдер маалыматты туура эмес жеткирип алышыптыр. Биз бир да окуучуну “сөзсүз билет сатып аласың” деп кыйнаган эмеспиз, баары өз эрки менен болмок”,- деп ийин куушурушат. Бирок ошол эле учурда мектеп администрацияларына билеттер алдын ала бөлүнгөн жана «аларды толугу менен сатып бересиңер» деген буйрук жогорудан ылдыйга карай кеткен. Чынжырчанын кандай уланганы бештен белгилүү. Мэриянын Билим берүү департаменти мектептин директорлорун, алар мугалимдерди, өз учурунда агай-эжейлер окуучуларды «тырыштырат» эмеспи.
Мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова: “Окуучулардын көбү концертти чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анын үстүнө бүтүрүүчүлөрдүн кечелери болбойт деп айтканбыз. Биз концертти окуучулар үчүн эсте калуучу белек болсун деген илгери үмүт менен уюштурдук”,- деп билдирди. Ошондой эле ал билетти мажбурлап саткан мугалимдерге чара көрүлөрүн, атүгүл жумушунан айдоого чейин барышарын айткан.
Бул масштабдуу концерттен кимдир бирөөлөр акча жасап алгысы келиши да мүмкүн. Анткени мэриянын өкүлдөрү окуучулар үчүн 23 миң билет (кийин ушул эле санды 12 миң дей башташкан) даярдалганын айтышкан. Эгерде муну 200 сомдон эсептей турган болсок, 4 миллиондон ашуун сомду чапчыйт. Албетте, мэриянын өкүлдөрү мындан эч кандай пайда көрбөй тургандыгын айтышат. “Жок дегенде чыгымдарды жаап алсак болот эле”,- дешет алар.
ПОСТСКРИПТУМ ОРДУНА...
Мэрия канчалык “биз билетти сатып алгыла деп кыйнаган эмеспиз, баары өз каалоосу менен” деп актанбасын, баары бир анысы суу кечпей калды. Окуучулардын билими жана тарбиясына жооп берген бийлик өкүлдөрүнүн мындай ырчыларды өспүрүмдөргө эмне үчүн алып келген максаты түшүнүксүз. Мамлекеттик органдар өздөрү кайдагы маңызы жок ырларды окуучуларга сунуштап жатышса, эртеңки күнүбүз деп ооз толтура айткан келечек муундун тагдыры туман боюнча калбайбы?
«ГРАДУСЫ» ТОБУ
Орусиялык «Градусы» поп-рок тобу 2008-жылы түзүлгөн. Анын биринчи «Жылаңач» деген альбому быйылкы жылдын март айында чыккан. Ага чейин «Лох», «Арак», «Режиссёр» жана «Селсаяк» деген сыяктуу ырлары менен популярдуулукка жеткен. Топтун аткаруусундагы ырлардан эрте жашта жыныстык жашоого аралашуу, аракечтик менен баңгизатка үгүттөгөн саптарды, уят сөздөрдү жолуктурууга болот. Алсак, «мага үйдүн ичинде жылаңач болуп жүргөнүң жагат, албетте, бул мени кызыктырат» же «мага бл.н сенден башка эч кимдин кереги жок, болгону, жанымда сенин жылаңач жүргөнүң жетет» деген сыяктуу саптар кезигет. Ооба, Орусияда бул топ популярдуулуктун чокусунда туруп, ырлары хит-параддан түшпөйт. 2010-жылы «Градусы» тобу Муз-ТВнын «Жылдын жаңырыгы» жана «Мыкты ыр» деген сыйлыктарына ээ болгон.
Эльвира Караева
koom@super.kg