Акыркы үч жылдан бери кыргыз шоу дүйнөсүндө, ал тургай казак жергесинде Бураш деген ысым байма-бай айтылып келет. Бул кара тору сулуу кичинесинде президент болууну самачу экен. Анан кандайча каалоо-тилектери өзгөрүп кетти? Төмөнкү макалада Бураштын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу сөз болмокчу.
КААРМАН ТУУРАЛУУ...
– Бураш, көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеттиң. Эмне менен алектенип жүрөсүң?
– «Окуу, окуу жана окуу» деген сөздү туу тутуп, Кыргыз-Орус Славян университетинин 1-курсун аяктап жатам. Сабактардан такыр колум бошобойт. Окууларым жакшы. Мындан сырткары жездем Максат Бегалиев экөөбүз жаңы клип тартып жатабыз. Буюрса, ушул жуманын аягында толугу менен тартылып бүтөт.
– Мектепте эле ушундай тырышчаак белең?
– Ийгиликтүү аяктагам десем болот. Окуучулук кез десе эле классыбыз менен сабактан качканыбыз эсиме түшө берет. Ошондо сөгүш угуп, сынак тапшырган элек.
– Күйөрмандарыңдын көбүнө атың кызык угулат, «Бураш эмнени түшүндүрөт?» деп сурап калышат...
– Кичинекейимден эле Бураш деген ат мени ээрчип келет. Группалаштарым да Бураш дешет. Көнүп калгам, ошон үчүн сахнага ушул ат менен чыгууну туура көргөм.
– А жашыңды эмнеге жашырасың? Же жигитиң сенден кичүүбү?
– Жок, жигитим деле жок. Кыздын сырдуу болгону жакшы эмеспи.
– Бир үйдүн кенжеси болсоң ата-энеңе, бир туугандарыңа жакшы эле эркелесең керек?
– Эркелейм, бирок чеги менен. Чынында, үйдөгү жакшы нерсенин баары меники, мага тиет. Эки эжем тең турмушка чыгып, балалуу болуп, үй-бүлө очогун тутантып жүрүшөт. Азыр үйдө өзүм кожойкемин. Буга чейин үй жумуштарынын баарын эжелерим жасап, жаман көнүпмүн. Таластыктар камыр тамакты жакшы көрөт эмеспизби, тегиз кылып камыр жайганды үйрөнүп калдым. Бир нерсени билбей калсам эле эжелериме чалам. Кээде өздөрү келип «сестрёнка эмне кылып жатты болду экен?» деп текшерип кетишет.
– Эл апаң Токтайым Үмөталиеваны коомдук ишмер катары тааныйт. Атаң тууралуу да айта кетсең...
– Биздин үй-бүлөнү “жалаң кыздар жана мен” командасы деп койсок болот. Апамды кошкондо төрт кызбыз, атам жалгыз. Ал жеке ишкер. Токтоо киши. Атам менен досмун. Сырларымды аны менен бөлүшөм.Капа тартып турганымда атама айтып, бугумду чыгарып алам. Кээде аны кучактап-кучактап алсам, кайгы-капанын баары унутулуп калат.
– Кайсы жерде митинг болбосун элдин таламын талашып, Токтайым эженин жүргөнүн көрөбүз. Апаңдын жолун улап, укук коргоочу болгуң келбейби?
– Чынында, мага апамдын жумушу кызык сезилет. Эл аралап жүрөт, элдин укугун коргойт дегендей. Жашымдан эле анын жумушуна барып, жанында көп жүрдүм. Балким, юристтик кесипти тандап алышыма апамдын таасири тийгендир. Башка энелерден телевизорго көп чыкканы менен айырмаланбаса, үйдө кадимкидей мээримдүү эне. Эжелерим келгенде неберелерин жыттап, берерге ашын таппай, төгүлүп-чачылып калат. Байкаганым, күйөө балдарын төргө отургузуп, аябай сыйлайт.
– Шоу-бизнеске өз күчүң менен келдиңби же апаңдын, жездең Максаттын жардамына муктаж болдуңбу?
– Өз күчүм деп айтуудан алысмын. Кичинемден эле үйдө ары басып, бери басып деле кыңылдап ырдап жүрө берчүмүн. Мунумду байкаган апам Талгар Жакшылыковдон вокалдан сабак алуумду сунуштап, ага ээрчитип барган. Ага чейин өзүмдү ар тараптан сынап көргөн элем. Балет бийчиси болом деп эки жыл сабак алдым. Сүрөтчү, спортчу болом деп ээлигип, ал тармактарга да баш баккам. Азыр деле бир нерсеге токтолдум деп айта албайм. Ар дайым изденүү үстүндө жүрүү мага жагат. Ал эми шоу-бизнеске аралашышыма жездемдин жардамы тийди. Ал кайсы жерде, кандай маселе болбосун мени колдоп жүрөт. Аны жезде катары да, ырчы катары да сыйлайм. Мындан сырткары аранжировкачы Азамат Такырбашев, клиптеримдин режиссёру Александр Белов сыяктуу чыгармачыл чөйрөдөгү агаларымдын жардамы чоң.
– Кичинеңде ырчы болом деп кыялданчу белең?
– Жок. Үйдөгүлөр «президент болом, саясатчы болом» дей берчүсүң» деп калышат. Азыр жашмын, убакыт алдыда дегендей, балким, бул кыялдарым ишке ашып калар.
– Казактын “Алл Давай” тобун чакырып, жеке концертиңди бергениңден кийин “Бураштын апасы аларга ири суммадагы акча берип чакырыптыр” деген кептер тарады эле...
– Алар менен мен сахнага чыга электе эле тааныш болчумун. Казакстандагы туугандарыбыз аркылуу таанышып, жакшы достордон болуп кеткенбиз. Алар эч кандай акча албай эле дос катары мени колдоп ырдап берип кетишкен. Көпчүлүк аларды «бой көтөргөн балдар» деп ойлошот экен. Чынында, алар жөпжөнөкөй жигиттер. Азыр да алар менен байланышып, кеп-кеңештерди алып турам. Мен барсам алар, алар келсе мен жылуу тосуп алабыз.
– Ырларыңдын басымдуу бөлүгү орус тилинде. Кыргызча ырларыңдын санын көбөйтөйүн деген оюң барбы?
– Буюрса, төртүнчү кыргызча ырымды жаздырып жатам. Орусча ырларга басым жасаганымдын себеби кыргызча эркин сүйлөй албайм. Өзүңүз деле байкасаңыз керек, кирип келгенде эле айтпадымбы, кыргызчадан кыйналам деп. Себеби орус мектепте окудум, досторумдун баары орусча сүйлөшөт. Үйдө да орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөйбүз. “Болсоңчу мага табылга” деген алгачкы кыргызча ырым ыраматылык таенемдин калемине таандык. Апам үйдө көп болбогондуктан, таенем биздин жаныбызда көп болор эле. Мен жаңыдан ырдап чыга баштаганда кулагыма шыбырап жатпайбы, “менин бир ырым бар, ошону ырдабайсыңбы” деп. Көрсө, ал ыр жазарын эч кимге айтпаптыр. Аны жаттап ырдап чыккам.
– Сени орус ырчысы Максимди туурайт дешет. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Максимди туурабайм деле. Мен көбүнчө батыштын музыкаларын угам. Алардан эч нерсе албайм деп калп айта албайм. Алам, бирок өзүмө жаккан жактарын гана. Эми ар ким өз оюн айта берет да.
– Сырдуу көрүнгүсү келген кызга кандай жигиттер жагат болду экен?
– Мага атама окшош чечкиндүү, олуттуу, тамашакөй жигиттер жагат. Жигит менен таанышсам, сөзсүз анын атама окшош жактарын издейм.
– Жолуктурдуңбу анан издеген адамыңды?
– Азырынча жок.
– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Курбулар чогулуп жигиттерди сөз кылып, кулактарын кызытабыз. Кээде клубдарга барабыз, сейилдейбиз.
– Кызыктуу маегиңе рахмат. Ар дайым чыгармачылык ийгилик үстүндө жүрө бер.
Жылмайып коюңуз!
Бир күнү Бураш айылдардын бирине концерт коюп барып калат. “Мени Кыргызстандын баары тааныйт” деп билеттин баасын да кымбаттатып салат. Кечинде концертине 10 эле адам келет. Таң калган администратор:
– Бураш, «мени Кыргызстандын баары тааныйт» дебедиң беле? Эл кана?
– Ооба, баары тааныйт. Бул он киши эле тааныбайт, ошон үчүн келишпедиби,- деп абалдан чыгыптыр.
Дамира Арстанова
star@super.kg