Кыргыздын жаш-карысы дебей бир жигиттин мукам үнүн өзгөчө жактыруу менен угат. Мейли армандуу сүйүү, мейли бала, мейли эне, мейли жамгыр тууралуу ырдасын, анын үнү ободон жаңыра баштаганда саамга дымый тыңдап калышат. Ошол керемет үндүн ээси..., албетте, Султан Садыралиев.
– Султан, бешик боо бек болсун. Өзүң ойноок кезде “Балама” деген ыр ырдап энелерди, аталарды тамшанткан элең. Ошол ырдын буга чейин билинбеген ырахаты сезиле баштаса керек...
– Мындан 5 жыл мурун ырдаган элем. Башында кичинекей баланын күлкүсү бар эмеспи, аны Ильяздын үйүнөн угуп, аябай жагып калган. “Кел, бала тууралуу ыр жазабыз” деп, ал кезде Ташкент кызы Гүл менен иштешчүбүз, ага текст жаздырып, обонун Ильяз жаратып, “Балама” деген ыр жаралган. Азыр ошол ырды аранжировкачылар менен сүйлөшүп, жаңыча иштеп чыксам деп турам. Уулум азырынча кичинекей. Ошентсе да балама арнаган алгачкы белегим болсун деп, аны катыштырып жакшы клип тарттырсам деп жатам. Ал менин эле эмес, бардык ата-энелердин баласына арнаган ыры болсо деп кыялданам.
– “Наристеге атам ат коёт” дедиң эле, Асел экөөң айтканыңарда турдуңарбы?
– Ооба, сөзүбүзгө турдук. Атам аябай санжырачы киши. Кыргыздарда саруу уруусу бар. Ошол уруу Акмырза аттуу кишиден тараган деген кеп бар. Уулумдун ысымын атам ырымдап, элдин керегине жараган азамат болсун деп ошол бабабыздын атынан Акмырза деп койду.
– Жаңы чыкканда эле өзгөчө популярдуулукка жетип, концертиңде эшиктер сынып, «бомба коюлду» деген ызы-чууларга чейин болгон. Андан бери бир канча жыл өттү. Колду көкүрөккө коюп туруп чыныңды айтчы, ошол ийгиликте кимдин акысы көбүрөөк. Сенин үнүң, харизмаңбы же продюсериң Динара Эсенгулованын эмгекчилдигиби?
– Үнүм, ырым элге жагып, саяпкерим да жарашкан деп ойлойм. Эсимде, жаңыдан ырдай баштаганымда “Делмар” тобунун концертине чакырышкан. Чыгып ырдасам, кыздар сахнага чейин чуркап келишип, ыйлап, коопсуздук кызматкерлерин тыткылап... Чогуу иштеше баштаганыбызга 2-3 ай эле болсо керек эле, Динара эже ошол кечте “сенин концертиңди коёбуз” деп калды. “Эже, эл мени тааныйбы, келеби?” деп жүрөксүгөнүм дале эсте. Анан 1-2-июнда Спорт Сарайында биринчи концертимди бергенбиз. Саат 5те эле кийинүүчү бөлмөгө кирип алып, башталгыча чыкпай отургам, апкаарып. Динара эже келип “жүрү эми, чык” десе, көшөгөнүн четин ачып карап, жык-жыйма толгон залды көрүп, жүрөгүм түшкөн. Анан башталып кетти. Ошондо бир толкугам дейсиң, андай нерсе сахна адамына бир гана келет. Ал концерттегидей аншлагды Темир Назаров, Мирбек Иманбековдун концерттеринен гана көргөм. Эгер Динара эже болбосо, сахнага чыккандан 4 айдан кийин эле концерт бере албасам керек эле. Ал Динара эженин эмгеги экенин моюнга алам.
– Элге ачык жар салбаганыңар менен продюсериң экөөңөр катуу араздашкан элеңер. Кичүүлүк кылып кечирим сурап, жарашууга аракет кылдыңбы?
– Ооба, көп эле аракет кылам. Чыгармачылыкта сахна төрүнө чыгарып, чыйырыма жол салган ушул киши. Аны сыйлабай койгонго акым жок. Кээде Динара эже тамаша аралаш какшыктап “ай, Султан, сен кай жерде эмне деп сүйлөштү билесиң” деп калат. Чөйрөбүз бир болгон соң эртедир-кечтир, бет келишип калабыз. Азыркыга чейин жарашкым келет. Өткөндө Кайрат Примбердиевди “Жаңы Толкунга” Москвага алып жөнөгөндө ушунчалык ичим эзилип кубандым. Анткени экөөнү мен тааныштырып, табыштырган элем. Чыдабай түн ичинде чалып, ийгилик кааладым.
– Ыр жандуу адамдардын эргүү алышы да, кайгы-кыйынчылыкты көтөрө албай чөгүп кетиши да бат. Ар кандай ушактардан, кыйынчылыктардан улам сен да чөктүң. Айтчы, андай депрессиядан кантип кутулдуң?
– Ушак-айыңдардан, жашоомдогу олку-солкулуктардан кыйналып, катуу чөктүм. Кудай мага ошондой кыйын кезеңде Аселди жиберди. Ушул назик, кичинекей көрүнгөн кыз мага эч ким бере албаган көмөктү берди. Көп колдоо көрсөттү.
– Асел жашооңдо качан пайда болду эле?
– Үч жыл мурун. Башында аны келинчегим болот деп деле элестеткен эмесмин. Сезимдер качан жаралып, кандайча бышып-жетилгенин айта албайм.
– “Султан “скользкий” бала, колдон суурулуп кеткенге маш” деген сөздөрдү көп угам. Ошондон улам менде суроо жаралат, Султан алдаганга кыйын болсо, дагы эмнеге кыйын деген?
– Султан алдаганга кыйын, алданып калганы деле көп. Кээде болот да, “кыйраттым, алдадым” деп кубанып аласың. Кийинчерээк байкасам, тескерисинче, алданып калган болом. Эмоцияга алдырып, мушташып кетмей адатым бар. Оюмдагыны жашырып-жаап отурбай же башкаларчылап абайлабай, шар айтып таштайм. Андай адам көпчүлүккө жакпайт да. Ошондой жактардан уттурам. Эл көзүнө аябай эле “шустрый” болсом керек, бирок жашоого анча деле тың эмесмин. Адамдар менен чын дилден сүйлөшкөндү жактырам. Көптөн бери машинам жок, такси менен жүрөм. Андыктан азыр таксисттер менен аябай көп сүйлөшүп жатам. Үйүбүздүн жанында таштанды челектер бар. Ошол жерге чогулган селсаяктар менен сүйлөшүп, анча-мынча тамак-аш алып берип коём. Алар менен сүйлөшүү да кызыктуу.
– Бетке чапмай адатты кимден энчилеп алгансың?
– Атамдан. Мен көп эле байкап жүрөм, аталар балдарына “урушпай-талашпай ойно” деп көп айтышат. Атам, тескерисинче, “ур-сок, эч кимге жемиңди жедирбе” деп үйрөтчү. Ошондой тарбия менен мектепке барган биринчи эле күнүмдө классташтарым менен мушташып, атамды уят кылгам. Луговое районунун Көк-Дөнөн айылында 1-класска баргам. Айбек деген бала экөөбүз кыргыз болчубуз, биринчи эле күнү “казак-кыргыз” болуп мушташканбыз. Анан атамды чакыртышып, ата-энелер чогулушуна салып, “неге урдуң?” деп менден сурашса “атам мушташ дейт” деп атамды уят кылгам. Казакстанда кыргыз Султан деген кличкам болсо, Таласка көчүп келген соң казак Султан атыккам.
– Сахнада 20-30 жылдап кармалып туруу оңой иш эмес. Эми балалуу да болдуң. Ырчылык курсагыңды тойгузабы же башка иштериң да барбы?
– Азыр ырчылык гана мени багып келатат. Мени эле эмес, ата-энемди, үй-бүлөмдү дагы. “Эгер ырчы болбосом, ким болор элем?” деп көп эле жолу ойлоном, бирок ырчылыктан башка кесипте өзүмдү элестете албайм. Айыл аралап концерт берип жүрө берип Кыргызстандагы айылдардын жашоо-шартын, атүгүл жолдорунан бери анча-мынча депутаттарга караганда жакшы билем. Аларга окшоп биз Жиптерде айыл аралабайбыз да, андыктан жолдордун кандай экенин жакшы билебиз. Бирок саясатка аралашайын деген оюм жок. Анткени билим керек. А мен көкүрөгүмө билимдин ордуна ыр киргизип алгам.
– Азыр той менен концерттердин маалы эмес. Бош убакытта Аселге жардам бересиңби? Балага памперс кийгизип, терметип дегендей...
– Асел менден жардам деле сурабайт. Кээде баланы өзүм сурап алам да жарым саат-бир саат сүйлөшөм. Анан катуу ыйлап ийсе чыдабай кетип апасына карматам. Ыйлаганы жакпайт.
Келинчегимдин боюнда бар экенин укканда Кудайдан суранган элем, “мага окшош эркек бала болсо экен” деп. Азыр ыраазымын, көзү, оозу, мурду мага куюп койгондой окшош. Бирок уулумдун мага окшогон ырчы болушун каалабайм. Бир жолу Динара Акулова эжебиз “ээ, Султан, өмүрүбүз жолдо, дөңгөлөк үстүндө эле өтүп кетет” деп кейиген эле. Анысы чын, кээде болгону эки ыр ырдоо үчүн 10 саат жол басабыз. Балама андайды каалабайм.
– Алгач, сен, кийинчерээк Ильяз Абдыразаков үйлөнгөндө бизге телефон чалып, солкулдап ыйлаган кыздар болду. Наристенин жытына мас болуп жүрүп, күйөрмандар унутта калган жокпу?
– Жок, күйөрмандарды унутпай элемин. Алар унутканга жеткирбей эле өздөрү чалып турушат. Мурун “таанышалы, сиз мага жагасыз” деген сыяктуу сөздөрдү көп уксам, эми чу дегенде эле “сиз менен күйөрман катары сүйлөшүп турсам болобу, жеңебиз кызганбайбы?” дешчү болду. Кээде өзүм да Аселге тийишип калам “неге мени кызганбайсың?” деп. Келинчегим “кайда бармак элең, баары бир меникисиң” деп чычалатат. “Үйлөнсөң күйөрмандарың азайып кетет” дегенди көп айтышат. Мен ал ойго кошулбайм. Күйүп-бышып бизди жакшы көрүп жүргөн күйөрмандар деле биз менен кошо карыйт да.
БУТ КИЙИМ МЕНЕН «ООРУЙТ»
Дайыма жанында жүргөн буюму – уюлдук телефон жана кол сааты
Көп алмаштырганы – батир менен батинке
Өзүнө жакпаган сапаты – шашмалыгы, боло электи болтуруп айтып салганы
Кыжырына тийген суроо – өтүп кеткен сүйүүлөр тууралуу суроолор
Жетпей келаткан арзуусу – жалаң насыят дастандардан турган альбом жаздыруу
Өзүнө өзгөчө жаккан ыры – “Он үч жашар баланын арманы” Клиби – “Эгиз жүрөк”
Эсинде өзгөчө сакталып калган күнү – биринчи концерти, 1-июнь, 2006-жыл
Кубанычы – уулдуу болгон күнү
Алсам деп кыялданып жүргөн машинасы – Мерседес-Миллениум
Өзгөчө сыйлап, жактырып уккан ырчысы – Бакыт Шатенов
Шаиста Шатманова