Өткөн жума күнү 27-майда президент Роза Отунбаева менен кыргыз тилдүү гезиттердин башкы редакторлору жана бир катар бараандуу журналисттер журтчулугунун жолугушуусу болуп өттү. Кездешүү бейформал баарлашуу түрүндө өткөнү чын пейил менен өз пикирлерин билдирүү атмосферасын шарттап турду.
АЛГЫ СӨЗ
Роза Исаковна кириш сөзүндө өлкөдө түзүлгөн саясий, социалдык-экономикалык кырдаалга токтолуп, Кыргызстан канчалык кыйынчылыктар болбосун, тандап алган демократиялык жолдон тайбастыгын билдирди. Адаттагы чөп башылаган «дежур» сөздөр бул жолкусунда кезиккен жок. Президенттин тышкы алака-катыштарда Кыргызстандын өз жолу бар экендиги, эл аралык мамилелердин өз алдынча субъектиси катары башка өлкөлөр менен тең ата мамиле түзүүнүн зарылдыгын айтты. Түштүктөгү Июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын чакырылышынан бөйрөктөн шыйрак чыгаруу туура болбостугу, мамлекеттик кызматтарда гендердик тең салмактуулуктун сакталышынын зарылдыгы, орусиялык «Коммерсантъ» менен «Независимая газетасындагы» калыстыктан тайып кеткен макалалардын пайда болгону сыяктанган маселелерде Роза Исаковнанын ишке чын пейилден күйүп-бышканы баарлашуунун жүрүшүнө өзгөчө индикатор болуп берди.
Алдыдагы президенттик шайлоодо атаандаштар элди жиктеп-бөлүп жиберүү коркунучу бар экендиги, ошондуктан аймактык карым-катыштарды чагылдырууда этият мамиле керектиги жөнүндөгү сөзүн журналисттер түшүнүү менен кабыл алышты. Адатта айтыла жүргөн жеке кусаматтар азыркысында айтылган жок, кошоматчылык (дивиденд издеп куйругун шыйпаңдаткан бирин-экин журналисттерди эске албаганда) да кезикпеди.
САЯСИЙ УШАКТАР КООЛОП-ЧАЙЛАП КЕТКЕН ЧАГЫ
Өз ара баарлашуу акырындап жылып отуруп кыргыз тилдүү басма сөздөгү кемчилик-мүчүлүштөргө жана аны жоюунун жолдорун талкуулоого жетти. Саясий-коомдук форматта чыгып жаткан кыргыз гезиттеринин кендирин кесип турган терс көрүнүш катары саясий ушактардын вирусунун пайда болушу жана анын бүт медиамейкиндикке жайыла баштаганында турары белгиленди. Президент менен жолугушууда мен сөз алып, өз оюмду билдирдим.
Апрель революциясынан кийин кыргыз гезиттери саясий ушактарга толуп-ташып кеткени ырас. Саясий ушактардын өлкөдөгү сөз эркиндигинин орношуна эч кандай тиешеси, жакындыгы жок экени түшүнүктүү. Сыпайы сырын жашырбайт. Басма сөздөгү жоромолдорго негизделген ушактарды гезиттердин кожоюндары саясий күрөштө атаандашын каралоонун куралы катары пайдаланып жатышканы деле жашыруун эмес. Ошол эле кезде ушактарды ооздуктоо үчүн атайын цензура киргизүү туура болбой калат деп эсептейм.
Бара-бара ушактар өзүнөн-өзү жоюлуп кетеринен үмүт этип, чыдамдуулук менен күткөндөн артыгы жок. Бул үчүн бекем саясий эрк талап кылынары айкын. Ушактардын чаңгылт агымына каршы күрөшүүнүн бир гана цивилизациялык жолу бар. Эгер гезиттер тарабынан “менин үстүмдөн ушак таратылып, насыя ыдык көрдүм, ак жерден көөлөндүм” деп эсептесе, ал саясатчы сотко кайрылышы эп. Сот гана иштин чоо-жайын аныктап, талаштын аягына чекит коё турган акыркы инстанция болуп калышы кажет. Укуктук мамлекетти орнотобуз деп жаткан кезде соттун чечимине ишеним артуу лаазым. Тилекке каршы, камырдан кыл сууругандай адилет чечим чыгара алууга жөндөмдүү басма сөздүн ашканасы менен жакындан тааныш судьялар бизде жетишсиз. Ошондуктан алдыдагы сот системасын реформалоо ишинде атайын адистешкен медиасудьялардын корпусун түзүү муктаждыгы чоң. Көп өлкөлөрдө медиасудьялардын институту бар экендигин көңүлгө тутканыбыз артыкбаштык болбос эле.
Үсөн Касыбеков
politika@super.kg