Балдар – биздин келечегибиз. Наристенин шыңгыр күлкүсү, жүзүндөгү жайнаган кубаныч баарыбызга чексиз бакыт тартуу кылат. 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата бир жыл бою жүрүп жаткан “Жаш сүрөтчү” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты сүрөтчүлөр аныкталды.
КӨПТӨН КҮТКӨН МАЙРАМ
27-май майрам күн болбосо да, “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарына, өзгөчө балакайларга унутулгус майрам болду. Анткени бул күнү бир жыл бою “Жаш сүрөтчү” сынагына катышып келаткан кичинекей таланттарыбыз эски аянтта өз өнөрлөрүн көрсөтүшмөк. Сынакка кичинекей сүрөтчүлөр бир гана Бишкектен эмес, Нарын, Балыкчы, Талас, Кемин жергелеринен ат арытып келишиптир. Конокторубуз чогулуп бүткөндө алпаруучу Чыңгыз Мырзаев кечени ачык деп жарыялап, оюн-зоок башталды.
Эң алгач балдардын маанайын көтөрүү үчүн Куурчак театрынын актёрлору оюн көрсөтүштү. Шрек менен Фиона, Эшек, Короз, Кызыл өтүкчөн мышык жана маскарапоз балдарды эки-экиден командага бөлүп жарыштырып, ырдатып-бийлетишти. Оюн-зоок көрсөтүп, балдардын көңүлүн көтөрүп алып, анан биз негизги ишибизге кириштик.
СЫНАКТЫН ШАРТЫ
Сынактын шарты боюнча, балакайлар асфальтка өзү каалаган темада сүрөт тартышы керек эле. Балдардын эмгегин баалоого алар сүйгөн атактуу ырчылар калыс катары чакырылышты. Сүрөтчү балдардын бактысы ырчы Гүлзинат Суранчиева, Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, “Керемет көч” мультфильминде үн кошкон актриса Махабат Байгабылова, балдар сүйүп окуган “Бештентек” сүрөт баянынын дизайнери Руслан Токочевдин колунда болду.
Гезитке сүрөтү жарыяланган 11 катышуучу өз таланттарын көрсөтүшсө, жөн гана көңүл ачканы келген кичинекей окурмандарыбыз да асфальтка сүрөт тартышты. 40 балага орун берилип, айрым көрүүчү балдар да кызыгып кетип кошулуп, жалпысынан 50 чакты бала сүрөт өнөрүн көрсөтүштү. Балдар сүрөт тартып жаткан чакта калыстарыбыз көрүүчү ата-энелерди зериктирбөө үчүн ырдан белек сунушту.
НАРЫНДАН КЕЛГЕН ЖЕҢҮҮЧҮ
Майрам эмнеси менен майрам? Албетте, таттуусу менен! Бул салт унутулбай, наристелерге балмуздак, кызыктыруучу белектер таратылып, 3 орун ээси өз белектерин алып кетишти. Баш байге алыскы Нарындан келген Эрбол Акылбек уулуна буюрду.
Таланттын баары өзүбүздүн эле карапайым балдардын арасынан чыгат экен. Жашы араң жетиге таяган жеткинчектердин тарткан сүрөттөрүн көргөн адам таң калат.
Кыскасы, майрамга келген балакайлардын баарынын жүздөрүнө кубаныч уялап, белектерге ээ болуп кайтышты.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg