САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Чет жерден келгендер качып кетет” деп Ахмед орустардан башкаларга чоң суммадагы акча берчү эмес. Бирок Ширинбекти кыя албай, 40 миң рубль берди. 15-октябрда таңга маал Султанды болочок жубайы менен Екатеринбург шаарынан поездге салды.
Поезд жылып кетери менен күн сууктап, кар учкундай баштады. Эрте башталган кыш пилорамадагы ишти өтө оордотуп жиберди. Жандан өткөн ызгаар суук Ширинбектин көңүлүн суутуп, кусалыгын күчөтүп жатты. Бермет менен СМС жазышып гана көңүлү көтөрүлөт. Султан кеткен соң Элмырза “күн суук болуп калды” деп Даниярга кошулуп курулушка кетип калган эле. Дима да Тюменге иштейм деп кеткен. Самат Нурбек үчөө гана калышты. Орустардын бригадасына да ишке кирип алган. Эки бригадага иштеп, кыйналып да кетти. Бир жолу рамщиктер жок 3 смен катары менен иштөөгө туура келди. 3-сменде карагайды түртүп бараткан жерден уктап кетип, жыгылып калды. Кудай сактап Самат байкап калыптыр. Станокту келип токтотуп калды. Болбосо араа бутун экиге бөлүп кетмек. Ал окуядан кийин 2 күн үйүндө жатты. Кайра ишке чыкса орустар “сен робот турбайсыңбы” деп күлүп жатышты. Ошол окуядан соң Ширинбекти “Шири – робот” деп атап алышты. Ахмед келип да “кайсы адам 36 саат иштейт?!” деп урушуп кетти. Султандын кеткенине 1 айдан ашык убакыт өтсө да, кайтып келген жок. Чалганга телефон да таштап кетпептир. Ширинбек “эми карызга алган акчаны кантип төлөйм?” деп көңүлү чөгүңкү жүрдү. “Ушинтип да алдап кетеби? Самат жакшы эле “бербе” деп айткан экен” деп өкүнүп кетет. Ахмед бир күнү сурап калды.
– Ширинбек, Султандан дайын барбы?
– Келбейт ал. Мен өзүм иштеп кутулам. Ал мага Кыргызстанга барганда берет акчаны.
– Мени жаш баланы алдагандай алдадың го. Ал сени алдап кеткенин көрбөй турат дейсиңби? Кыргызды кыргыз алдап кетти,- деп туруп басып кетти.
Муну уккан Ширинбек ызаланып, бурчка отура калып ыйлап жиберди. Эс тартканы мынча ыйлаганы эсинде жок. Сагыныч, бук жүрөгүн кыйнап жиберген сыяктуу. Көпкө ыйлады. Мына азыр Кыргызстанды көздөй сапар тарткысы келип турду. Бирок буттан тушаган карыздары, жаңы үй алуу кыялы аны токтотуп калды.
Декабрь айында Кыргызстандан Мейкин, Айтбек жана Бактыгул аттуу 3 бала келди. Саматтын тааныш балдары экен. Мурда да иштеп кетишиптир. Алар орустардын ордуна келишиптир. Кайрадан үйдө адамдар көбөйүп, жашоо көңүлдүү боло баштады.
Тамашакөй балдар экен, алты кыргыз ошентип бир үйдө жашап жатышты. Келген балдардын ичинен Бактыгул менен жакшы достошуп калды. Экөө түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурушат. Күндүн суугу ушунчалык болгондуктан, терчил Айтбектин чачтары тердесе муз болуп тоңуп калат.
Бир жолу түнкү сменден үйгө тамактанганы келе жатышса, короонун алдына орус киши тоңуп калыптыр. Көптөп көтөрүп үйүнө алып киришти. Аялы чыга калып “бул алкаштын кереги жок мага. Кайдан алсаңар, ошол жакка алып барып койгула” деп кыйкырып кирди. “Тоңуп өлүп калат” дешсе, деги уккусу жок. Эшикти ичинен бекитип, кайра кирип кетти. Таң калган балдар аны мончосуна алып кирип жаткырып коюшту. Тигинин ойгоно турган түрү жок. Мемиреп гана уктап жатат. Болгон кийим-кечеге ороп, үйлөрүнө кетип калышты. Эртеси карашса, ошол орус тракторун айдап, жолдорду кардан тазалап жүрөт. Ширинбек менен Бактыгул чуркап барып токтотушту да:
– Тирүүсүңбү? Эртең менен кайсы жерден ойгондуң?- деп сурашты.
– Мончодон. А эмнеге сурап жатасыңар?
– Ошол мончого сени биз алып келип жаткырдык. Биздин короонун түбүндө уктап калыпсың. Үйүңө алып кирели десек, аялың болбой койду. Тоңуп өлүп калбасын деп мончого киргизип, үстүңдү жаап кеткенбиз.
– Эй, силер белеңер? Чоң рахмат, силерге өмүр бою ыраазы болуп жүрүп өтөм. Жүрүгүлө, сыра куюп берейин.
– Андан көрө биздин үйгө чейинки жолду тазалап берчи. Кар калың болуп, сууга барган чана өтпөй жатат.
– Болду анда, балдар. Эми кар жааган сайын тазалап турам.
– Макул, сага да рахмат. Бирок антип ичсең, бир күнү өлүп калып, бизге көпкө ыраазы болбой каласың,- деп балдар басып кетишти.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Залкарбек Карабалаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aleesia
2011-06-08 17:24:44
Bul chygarmany meni a9bai kyzygyp okup kele jatam bargan saiyn kyzyktuu bolup baratat.Ulandysyn chydamsyzdyk menen kutup kalam .
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан