АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

“Аял аттуунун баары “шакегиң кана, неге чечесиң?” деп күйөөлөрүнүн башын оорутат. “Такпайбыз” дегенден биринчи сени көрүшүм” деп баш чайкап, аябай таң калган. Ошентип, экөөбүз тең нике шакегин такпай эле ынтымакта жашап келе жатабыз.
– Токтой турчу, Айдар кытайлар менен иштешем дедиби? Мен жөнүндө дагы эмнелерди айтты?
– Ошол, “дале унута албай жүрөм, курбуңду” деди. “Аябай ачылып кетиптир, мурун деле сулуу болчу, бирок аял, эне болгону ачылып кетиптир. Жакшы эле жашайбы? Кандайча улуу кишиге чыгып кетти?” деп сурады.
Оюма баягы менин сырдуу күйөрма­ным келди. Айдар болуп жүрбө­сүн?..
Көптөн бери үйгө, балама, күйөөмө көңүл бөлбөй коюптурмун. Аселди узаткан соң ушул ой көңүлүмдү эзип турду. Арстан – менин сүйүүм, менин азабым, менин арманым. Жеке арманымдын айынан жанымдан артык көргөн уулум, алаканга салып сыйлап багып жаткан күйөөм азап тартпашы керек. Арстанды эч ким, эч кандай күч жүрөгүмдөн өчүрө албайт. Аны бир өмүр күтүп, издеп, сагынып өтөм. Бирок мындан ары ушул азабымды жакындарыма көрсөтпөйүн деп чечтим. Кой, бүгүн жакшы тамак жасап, ата-баланы кубантайын.
– Апа, мен келдим.
Эшиктен эле кубанычтуу кыйкырып уулум келип калды.
– Билесиңби, бүгүн Эрмек жиниме тийип, бетке бир чаптым эле, мурду канады. Анан эжеке урушту, экөөбүздү тең...
– Неге урдуң?
– Өзүнөн кетти. Улам эле Чолпонду чачынан тартып ыйлатат! Эжеке “бири-бириңден кечирим сурап, жарашкыла” деди эле, кечирим сурабай койдум. “Кыздарды ыйлата берген баладан кечирим сурабайм” дедим.
Тимеле чоң эрдик жасагансып шерденип турган балама жан дүйнөм балкый кубандым. Өзүнүкүн бербейт. Эч кимден коркуп, бүжүрөп калбайт. Азыртадан эрктүү экени байкалып турат. Тү-түү, көз тийбесин!
– Оо, азамат, менин Искеним чоң жигит болуп, кыздарга болуша баштаган тура. “Кечирим сурабайм” деп туура кылыпсың, кыздарды сыйлаш керек. Бирок балдар менен жөнү жок мушташа берчү болбо, макулбу?
– Макул! Мм, манты жасадыңбы?
– Ой, балакай, аны кайдан билдиң?! Атаң экөөңө сюрприз кылайын дебедим беле?
Калп эле таңданып койсом, балам ого бетер мактанып, дердейип алды.
– Үйгө киргенде эле манты жыттанды. Кыйын бекем, билип койдумбу?
Элдарды күтүп отуруп чарчадым. Мени менен божурашып отуруп тамактанган уулум эбак уйкуга кеткен. Бышылдай бир калыпта дем чыгарып уктап жатат. Анын жанында карап отуруп, менин да көзүм илинип кетиптир. Бир маалда ойгонуп кеттим, чыйрыгып калган экенмин. Саат 3. Элдардан дале кабар жок. Телефону өчүрүлгөн. Эми чындап тынчым кетип, айдоочусуна чала баштадым. Же анысы жооп берсечи. Булар соо эмес, эмне болду экен?
Ал түндү уктабай өткөрдүм. Таңга жуук күйөөм келди, кабагы салыңкы. Суроолорго жөндүү да жооп бербей, “чарчадым, уктайм” деп ичкери кирип кетти. Унчукпай кала бердим. Кээде эркектердин ушундай жоруктарына чыдоого туура келет, айла жок. Ал күнү Элдар кеп баштаар деп күтө берип чарчадым. Кечинде чыдамым чекке жетти.
– Болду, мындан ары чыдабайм, думугуп кетем.
Күйөөм түшүнбөгөндөй тиктеп калды.
– Айт, эмне болду? Неге кабагың бүркөө? Кечээ түнү бою кайда жүрдүң?
– Кыздарга бардым...
– Мм, демек, айткың келбейт.
– Айтпадымбы.
– Элдар, ансыз деле кыйналып жүрөм. Суранам, сен кыйнабачы, айтсаң, эмне проблема болуп жатат?
– Жаны, аларды айткан менен пайда жок. Чечүү гана керек.
– Менин жардамым тийиши мүм­күнбү?
– Мындай маселелерди эркек чечет.
– Ал кандай маселе экен?
– Үй-бүлөгө, үй-бүлөнүн намысына тиешелүү маселелер.
– Кандай?
Жумушунда, бизнесинде маселе бар окшойт деп ойлоп отургам. Үй-бүлөнүн намысы дейби?
– Түшүнбөдүм... Биздин намысыбызга эмне тийиши мүмкүн?
– Классташтарың менен кабарлашып турасыңбы?
– Жок, Аселден башкасы менен ишим деле жок. Аларды өмүрү сурачу эмес элең, неге кызыгып калдың?
– Айылдаштар, бир мектепте окуган балдар-кыздар менен сүйлөшө­сүң­бү?
– Подожди... Сен... Баягы адамдын ким экенин аныктадыңбы?
Айдарды айта албай жатасыңбы?” деп баратып оозумду жаап калдым.
– Аныктагансыдым. Кызыгы, ал менин бизнестеги атаандаштарым да, досторум да эмес, сага тиешелүү адам көрүнөт.
Демек, Айдар!
– Айдар бекен?
– Сен билчү белең?
– Жок. Кечээ Асел келип кетти. Ошол көрүптүр Айдарды. Мага салам айтып, “кандай жашап жатат?” деп ал-акыбалымды аябай сураптыр. Ошону угуп “ушул мага гүл жиберип жаткан Айдар болуп жүрбөсүн?” деп калдым эле.
– Ал баягы сени ала качкан бала эмеспи? Ошолбу?
Көз алдыма акыркы коңгуроо, ичимдикке кызып алган Айдардын жүзү элестеп, жон терим жымырай түштү.
– Анын атын да уккум келбейт!
– Ошондо апам (Ажарды айтып жаткандагысы) сени кантип алып чыкты эле? Айылда жаман го, чыгарбай босогого жата калып, нан, сүт коё салмай жоруктар бар эмеспи.
– Эч нерсесине карамак эмесмин. Айдарга турмушка чыгуу ниетим дегеле жок болчу.
– А магачы?
– Эмне сага?
– Мага кандайча чыгып калдың?
– Сизге кызыкпы ошо, байкеси? Балким, менин жообум жакпай калаттыр?
Тамашага чала кутулуп кеттим. Бул теманы биротоло жаап койсом деле болмок. Бирок Элдарды эмне кыйнап жатканын билишим керек.
– Эми айтасыңбы?
– Айтчу эмнеси бар дейсиң, илгери төлөбөй койгон салыктарды суурутуп чыгып жатпайбы.
– Ошентип өзүңө баш оору кылбай, салыктарды учурунда эле төлөп жүрбөйт белең.
– Ай, алтыным ай, жашсың да, жашсың. Азыркы заманда ким эле кыйратып салык төлөйт дейсиң? Ар бир салыкты так төлөп отурсаң, өзүңө жарытылуу акча деле артпай калбайбы.
– Түшүнбөдүм, салыктардын биздин намыска эмне тиешеси бар?
– Айдарга жолуктум. “Айдайды менден тартып кеткенсиң. Ошонун өчүн алам” дейт...
– Айдарбы? Ошентип айттыбы?.. Ал өзүн ким деп ойлоп жүрөт деги?
– Ал жөнүндө маалымат чогултуп көрдүм. Кытайлар менен иштешет экен. Негизги кирешени контрабандалык товарлар аркылуу табат көрүнөт. Сага катуу кекенип калган жайы бар өңдүү. “Айдайга жакын жолобогун!” дедим.
– Кечээ түнү ошол иштер менен жүрдүңбү?
– Ии.
– Айдар экенин кантип билдиң?
– А сенчи? Сен кандайча билип калдың Айдар экенин?
– Мен аныгын билген жокмун. Асел Айдарга жолукканын, мени аябай сураштырганын айтканда оюма кылт дей түштү, ошол болуп жүрбөсүн деп.
– Сен аны менен жүргөн белең?
– Кайдагыны айтпачы!
– Кызык, аны карап, сөзүн угуп отурган адам “Элдар мырза Айдардын катынын тартып алган окшойт” деп ойлоору анык.
“Сени сүйөм” деп бура бастырчу эмес. Дайыма жиниме тиер эле. Окууну бүтөр жылы кайра-кайра апасын үйгө жибергеничи. Негизи, башкача адам. Ошол акыркы коңгуроодо мени үйүнө ала качып барчуда экөөбүз катуу урушуп кеткенбиз. Жок, үйүнө барганга чейин кафеде урушканбыз. Сөздөрү дале эсимде “меники болбосоң, башканыкы да болбойсуң” деген. Коркутам деп ойлосо керек. Ушунчалык жиним келип, жаакка тартып жибере жаздагам. Толтура адам бар болчу да айланабызда.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жазгүл Калыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Aleesia
2011-06-06 10:30:04
Otkon sanynda ele oilop koigon bolchum gul berip jurgon Aydar bolup chykbasa eken dep owondoi bolup chykty munusunda emne dep oilosom eken.Ulandysyn chydamsyzdyk menen kutom.
0
aminali
2011-06-06 18:21:19
Aleesia Arstan tiruu bolsun dep oilop koi4u.
0
tea23
2011-06-06 19:39:43
emi Arstan ketip Aydary keldibi? Aydayga ele jyrgal eken da vybor kop.
0
lolo
2011-06-07 00:00:32
Hahahaaa Aminali menen tea23 meni aiabai kuldurdunor rahmat silerge :)))
0
Jazgulya
2011-06-07 04:39:33
Arstan nege olup kaldyyy((( iwengim kelbeit
0
aliya-leyla
2011-06-07 11:50:28
Комментарийлер абдан жакты:)))))
0
janarik
2011-06-07 11:58:53
Дагы табышмак болуп кетти го....Эми эмне болот экен???
0
Batken
2011-06-07 22:27:47
Айдай рокавая женщина го,кыздар Айдайдын ордуда болгунар келеби ,реалдуу жашоо менен эле жашагыла чыгармадагыдай принцтерге салыштырып куто берип жакшы балдардан куру калбагыла
0
Aleesia
2011-06-08 17:18:42
Aminali makul oilop koiom ee.Batken koiun Aydaydyn ordunda bolboi ele koiolu al ollo kyiynchylyk tartty biz andai kyiynchylyktan alys bololu.Kyrgyzymdyn jigitteri kandaisynar.
0
Aleesia
2011-06-08 17:21:17
Janarik emi Aydar suiuusun Aydayga arnap kurowot anan Arstandyn ruxu kelip Aydardy korkutat Ayday Arstandy korup suiunuup juro beret(tamashany tuz kabyl alyp koiun ee taarynyp kalban).
0
aku
2011-06-08 21:34:49
biz kommentaryilerde iiii emne bolot eken dep jazgan saiyn avtor fantazyasyn kuchotup atat,kaidagy chynygy jashoo menen dal kelbegen nerselerdi jazyp
0
moi lev
2011-06-09 09:37:52
Откондо РТРден орустардын совет кезиндеги бир моделинин тагдыры тууралуу корсотууну кордум. Анын тагдыры бул кыздыкынан да оор экен. Омур бою сулуулугун каргап, ошодон капа тартып отуптур. Озу чанда кезигер сулуу, анан адамдардан кадимки мээримди куткон инсан болчу дешти.
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан