ВИКТОР ЦОЙ

Легендарлуу рок ырчысы Виктор Цойдун жашоо турмушу, өмүр таржымалы тууралуу толук айтып берүү мүмкүн эмес. Бул чынында эле оор. Анткени, ушул күнгө чейин атактуу биографтар дагы “бул иштин аягына толук чыктык” деп айтыша элек. Ошентсе да Виктор Цойдун дүйнөдөгү миллиондогон күйөрмандары анын ким экендигин жакшы билишет эмеспи...

Виктор Робертович Цой 1962-жылы 21-июнда Ленинград шаарында туулган. Инженер Роберт Цой менен дене тарбия мугалими Валентина Цойдун жалгыз баласы болгон. “Эки улуттун өкүлдөрү баш кошушса, таланттуу балдар жаралат” дегенди далилдеген Виктордун атасы Роберт корей улутундагы Казакстандын жараны болсо, апасы Валентина – орус кызы. Кичинекей кезинде ырчы атасын көп жактыра берчү эмес. Анткени, орус тилин жакшы билбеген Роберт Цой ар ишемби күндөрү өзүнүн мекендеш досторун үйгө чогултуп алып, арак ичүүнү адатка айландырган эле. Үйбүлө тар үйдө жашагандыктан, Виктор оозгу бөлмөдө жатчу. Ал эми атасынын мас достору кирип чыккан сайын кыйшалаңдап, аны тепселеп кетүүгө чейин барышчу. Ошентсе да атасы Виктордун музыкага болгон кызыгуусун арттырып, 5-класста окуп жүргөндө ага гитара сатып берген жана анда кол ойнотууну үйрөткөн.
Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырат. Бирок, бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн айдалып кеткен. Мунун баары рок музыкасы менен алектенгендигинин кесепети эле. Биринчиден, күнү-түнү убактысын электр гитараларын чертүү менен өткөргөн болсо, экинчиден, ал убакта музыканын рок жанрына тыюу салынган болчу. Ага карабай Цой Максим Пашков менен биргеликте “Палата №6” тобун түзүүгө үлгүргөн. 1979-жылы №61-кесиптик техникалык орто окуу жайынын токой кесүүчүлүк тармагына тапшырган. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношот. Бирок, ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды”, “Кино” аттуу музыкалык топторун түзүүгө жетишет. Ал учурда Виктор Цойду өзүнүн жакындарынан башка эч ким таанычу эмес. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому да ушул жылы жарыкка чыккан. Жумушунан тышкаркы бош убактарында клубдарда ырдап акча табууга өтө баштайт да, акырындык менен бул өнөрүн таптап, өзү сүйгөн кесибине айландырат. Андан көп өтпөй эле “Кино” тобу менен эл аралык фестивалдарга катыша баштаган. Ошол учурда ырчынын “Начальник Камчатки” альбому да жарык көрөт. Чыгармачылыкта жетишкендиктерди багындыра баштаганы менен чоң аталары жогорку билим албай калгандыгы үчүн нааразычылыктарын билдирип, “биздин үйбүлөдө мындай билимсиздик, окуудан айдалуу деген эч убакта болгон эмес” деп жемелей башташкан. Бирок, Виктор өз оюн баарынан биринчиге коюп, бир гана өзү каалаган жол менен кетүүнү чечет. Күжүрмөн эмгектин артынан чыныгы атактуулукка да жетет.
Ал убакта көчөдө бараткан адам популярдуулуктун туу чокусун багындырган рок ырчысы Виктор Цойдун аткаруусундагы “Машина времени” аттуу ырын ар бир үйдүн терезесинин жанынан угуп өтүүсү мүмкүн эле. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, Цойдун чыгарма жазып, ыр жаратуу шыгы да бар болчу. Анын эң алгачкы өзү жазган “Мои друзья” ырын билбегендер аз болсо керек. Ал кезде бул ыр жакын достордун маршына айланган. Ар бир ырын жараткан сайын досторунун үйүнө чогулуп, алардын ортосуна чыгармасын сынга коюп, андан соң ырчынын талантынын урматына вино ичүүнү жактырышчу. Ал эми винонун күчүн жогорулатыш үчүн бөтөлкөнү мешке салып, ысытып алышчу. Мына ушинтип көңүл ачууга азгырыла баштаган ырчылар тобу акырындык менен күчтүү спирт ичимдиктерин, баңгизаттарды колдонууга кадам ташташкан экен.
Ушундай жаштык кездин дагы бир күнүндө достору чогулган кечеден жубайы Марианна менен таанышкан. Ал учурда Виктор 19 гана жашта болгон, ал эми жубайы Марианна өзүнөн 4 жашка улуу кыз эле. Эки жылдай чогуу жашашкандан кийин гана 1984-жылы расмий түрдө баш кошушат. Көп узабай 1985-жылы жубайлар Александр аттуу уулдуу да болушат. Төрөттөн кийин Марианнанын денсоолугу бир аз начарлап калгандыктан, Виктор баласын өзү карап, тамактандырып, кирин жууп, үлгүлүү атанын милдетин аткарган. Виктор Цой ал кезде популярдуу ырчылардын катарында болгону менен жашоо-турмушу эң жөнөкөй болгондуктан, көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Марианна экөө канчалаган батирлерди алмаштырып, Виктор акча үчүн чоң-чоң имараттарда от жаккыч, кароолчу болуп эмгектенүүгө да аргасыз болгон. Бирок, тилекке каршы, 6 жылдык чогуу өмүр сүрүүдөн кийин ажырашып кетишкен. Андан кийин ырчы Наталья аттуу айым менен үч жылча чогуу жашаган. Ал эми жубайы Марианна 2005-жылы рак оорусунан каза тапкан.
Кыска өмүрүндө атактуулуктун бардык тармактарынан өзүн сындап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган “Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер совет доорунда КМШ өлкөлөрүнө кеңири тараган эле. Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан. “Игла” кинотасмасы Алматы шаарында тартылып, ырчыга өз мекенинин абасы менен дем алып, туугандары менен таанышууга чоң шарт түзүп берген.
Цойдун эң популярдуу “Ночь”, “Это не любовь”, “Звезда по имени солнце”, “Группа крови” альбомдору азыркыга чейин көптөгөн күйөрмандарынын жүрөгүндө сакталуу экендигинде шек жок.
Адам баласы бул дүйнөдө түбөлүк жашабастыгы талашсыз. Бирок, жарык дүйнө менен эрте коштошкондорго бооруң оорубай койбойт. Алардын катарында 80-жылдардын атактуу жылдызы болгон Виктор Цой да бар. Виктор 28 жаш курагында канчалаган күйөрмандарынын, жакын адамдарынын көз жашына карабай, о дүйнөгө кете берди. 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда автокырсыктан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бараткан эле. “Москвич-2141” маркасындагы машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен “Икарус” автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле каза тапкан. Кээ бир маалыматтарга караганда, «ырчы акыркы күндөрү баңгизаттарга ашыкча берилип кеткен жана бул кырсык ошонун айынан болгон. Андан тышкары, таланты таш жарган Викторду көрө албаган душмандары өтө көп болчу, бул кырсык дагы ошондой кара мүртөз адамдардын уюштурган капканы» деп да айтылып жүрөт.
Ырчынын акыркы альбому “Чёрный альбом” деп аталып, анын өлүмүнөн кийин гана жарык көргөн. Ал эми баласы Александр жөнүндө да рок топтордун биринде барабанчы экендиги жана атасынын жолун жолдоп ыр жаратууга шыктуу экендиги тууралуу кептер тараган. Ким билет, мүмкүн убакыттын өтүшү менен “алма шагынан алыс түшпөйт” демекчи, Виктордун артында калган жалгыз туягы Александр да таланттуу ырчы болуп чыгаар.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-15 02:14:01
Баласы азыр каякта болду экен?
0
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан