СУПЕРСТАНДЫН СЫЙМЫГЫ – ФУТБОЛ КОМАНДАСЫ

Төмөндө “Супер-Инфонун” кубогу үчүн таймашкан www.super.kg сайтынын колдонуучуларынан түзүлгөн футбол команда тууралуу кеп болмокчу.

ЧАЛКАЛАП ЖАТКАН ДАРБАЗАЧЫ
Оюндун биринчи күнүндө чүчү кулак www.super.kg сайтынын колдонуучулары ЭлТР телеканалынын кызматкерлери менен ойноорун аныктады. Таймаш чү дегенде эле «суперчилердин» чабуулу менен башталып, топ «ЭлТРдин» жарым талаасынан чыкпай калды. Эриккен дарбазачы Адилет (kutu) чөпкө чалкалап жата калып, ал «кылмышы» үчүн футболчуга судья сары кагазын көрсөтүп, жазалады. Оюн аягында суперстандыктар 8:0 эсеби менен “ЭлТР” командасын утуп, жарым финалга жолдомо алышты.

БИРИНЧИ ГОЛ, БИРИНЧИ ЖАРАКАТ...
Оюндун экинчи күнү, жарым финалда «www.super.kg» «Шоро» командасы менен беттешмек болду. Суперстандын супер футболчулары бул күнү биринчи күнгө караганда көбүрөөк күйөрмандардын колдоосуна ээ болгонун дүркүрөгөн кол чабуулар далилдеп турду.
Баарынан да футболчу кыз Жаңылдын (Janyla) ойногону көпчүлүктү таң калтырды. Ал гана эмес, комментатор жигиттер тийишип, телефон номурун сурап жатышты.
Оюн аяктап калганда команда жоготууга учурады. Эң мыкты чабуулчулардын бири Жоодар (Azados) бутунан жараат алып, дарыгердин көзөмөлүндө, оюндан чыгууга аргасыз болду. Бирок команда Жоодардын ордун жоктотпой, жыйынтыгында 7:1 эсеби менен финалдык таймашка жолдомо алды.

КҮН ЖЕЛЕСИ АЛДЫНДАГЫ КООЗ ФИНАЛ
Финалда суперстандыктар дүйнөлүк аренада аты белгилүү спортчуларыбызды жеңип чыккан “Мегаком” командасы менен беттешке чыгышты. “Супер-Инфонун” кубогу үчүн жамгыр, андан кийин эң бир керемет көрүнүш болгон күн желеси алдында бүйүр кызыткан таймаш жүрүп жатты. 2:0 эсебинде “мегакомчулар” утуп жатышканда Суперстандын чабуулчусу Азамат Нурказиев (dias) бир гол киргизип, жеңишке мүмкүнчүлүгү бар деген үмүтүбүздүн учугун улап кетти. Бирок аз өтпөй убакыт бүтүп, жеңиш “Мегаком” тарабында болгону билинди.

ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНГАН КОЙ
Жеңүүчүлөр аныкталып, 2-орунду алган супер футболчулар куйруктуу койду илип кетишти. Жеңүүчүлөр өз белектерин алышкан соң оюн талаасы сүрөткө түшүү килемчесине айланды. Ал жерде оюнчуларга караганда экинчи орунга белекке берилген кой ушундай популярдуу болду көрүнөт. Жасалгаланган койду кучактап сүрөткө түшкөндөрдүн учу үзүлгөн жок.
Эмки жылы кубокту сөзсүз кайтарабыз” деп сөз берген суперстандык футболчулар койду жетелеп, үйлөрүнө кубанычтуу кайтышты.

МЫКТЫ КОМАНДАГА МЫКТЫ КАПИТАН
“www.super.kg” командасынын капитаны Темирланга (temu) кайрылып, суроо узаттык.
– Команданы кантип чогулттуң?
– Кубок уюшула тургандыгын билгенде Супер-Форумга кирип, “Футбол командасын түзөбүз” деген тема ачкам, ошол жерден футбол сүйүүчүлөрү өздөрү чогула калышты.
– Командада кыздардын оюнуна кандай баа бересиң?
– Кыздарыбыз мыкты оюн көрсөтүштү, азаматтар! Чынында, мындай активдүү оюнду алардан күткөн эмесмин.
– Кооздолгон белегиңерди эмне кылдыңар?
– Белекти кооздолгон боюнча багып жатабыз. Буюрса, ушул жуманын аягында команда жана бизди колдогон күйөрмандар менен тоого барып, шишкебек жеп келели деген ниетибиз бар.
– Эмнеге кубокко жетпей калдык деп ойлойсуң?
– Болгон күчүбүздү биринчи оюнга берип, аягында аябай эле чарчап калдык окшойт. Атаандаштарыбыз көп жылдан бери ойноп жүргөндүктөн, кубокту илип кетишти окшойт, күчтүү команда экен.

КЛАССТАШ СУПЕР ФУТБОЛЧУЛАР
Толубай Малаев (Miki7), Жоодар Мырсакматов (Azados), Азамат Нурказиев (dias) аттуу форумчулар футбол талаасында шамалдай тез ылдамдыкта чуркаган оюнчу катары өздөрүн көрсөтүштү. Булардын баскан-турганы бир болгонун байкап, сураштырганыбызда үчөө мектепте чогуу окуганын айтышты. Учурда алар – студент. Форумчу Miki7 болочоктогу эсепчи болсо, dias тергөө кызматкери болом дейт. Ал эми Azados келечекте тиш доктур болмокчу.

Популярдуу оюнчу кыз Janyla
Жаңыл Жолчиева (Janyla) форумдун футбол командасы топтолуп жатканынан кабардар болгондо акыркы жолу 4-5-класста футбол ойногонуна карабай, катышууга бел байлаган. Оюн учурунда бир гана комментаторлордун тийишкенинен сүрдөгөнүн айтат. «Ал эми каршылаштардан такыр коркпой ойнодум» дейт. Жаңыл учурда – студент. Болочоктогу дизайнер.

3 голдун ээси azanur
Азамат Нуралиев (azanur) www.super.kg сайтына кыргызча клип, ырларды издеп жүрүп кабылып, катталып калган. Оюндун жүрүшүндө баш-аягы 3 гол киргизген Азамат учурда дизайнер болуп иштейт.

Мирана Мамырбаева
forum@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
azanur
2011-06-06 10:46:32
супер андан башка соз таппайсын СУПЕР!
0
Arstan
2011-06-06 21:12:03
Азаматсынар достор!
0
jaina
2011-06-07 11:07:24
Азаматта, чынында эле татыктуу оюн көрсөттүңөр. Баарыңарга алкыш!!!
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан