Украиналык медиктер эскертет: пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиштин курамындагы заттар аялдарда түктөрдүн өсүшүн шарттайт.
Украиналык аял денесинде түктөрдүн көбөйүп, мунун айынан өзүн эркектей сезе баштаганын айтып, кеңешке кайрылган. Аялдын кол-буттарындагы түктөрдү айтпаганда да, мурун астындагы түктөр жаңы чыгып келе жаткан мурутту элестетип турган. Медиктер аны толук текшерүүдөн өткөргөн соң анын бөйрөк үстүндөгү бездеринин иштөөсү өзгөргөнүн аныкташты. Мындан тышкары организминде пластмассалык идиштерди (анын ичинде 1 жолу колдонулуучу) чыгарууда колдонулуучу стирол затынын көп өлчөмдө экенин таап чыгышты. Көрсө, баарына стирол күнөөлүү экен.
Анткени стирол адамдын бөйрөк үстүндөгү бездеринде өзгөрүүлөрдү жаратат. Мунун айынан без жыныстык белгилерге таасирин тийгизүүчү андроген гормонун (эркек гормон) көп бөлүп чыгара баштайт. Натыйжада бир жолу колдонулуучу идиштерди көп пайдалануудан аялдарда тер көп бөлүнүп чыгып, түктөр өсүп, үн жооноёт.
Медиктердин сөзүн тастыктап, украиналык айым бир топ жылдардан бери соода тармагында иштеп жана күн сайын бир жолу колдонулуучу идишке салынган тамак менен түштөнөрүн айткан.
КОФЕ БОЙГО БҮТҮҮГӨ ЖОЛТОО БОЛОБУ?
Окумуштуулар «кофени сүйгөн айымдарда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт» дешет. Негизи эле окумуштуулар миллиондогон адамдарга жаккан суусундуктун зыяны көппү же пайдасы көппү дегенге так жооп бере албай келишет.
КОФЕИН КҮНӨӨЛҮҮ
Американын Невада университетинин профессорлору Шон Уорд менен Курт Ричарддын айтымында, дени сак айымдардын да кофенин айынан кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Булар мындай жыйынтыкка 9 миң аялды изилдөөдөн өткөргөн соң келишкен. Көрсө, күнүгө 3-4 чыны кофе ичүү бойго бүтүүнү кечеңдетет экен. Буга кофенин курамындагы кофеин күнөөлүү. Кофеин жатындын түтүкчөлөрүнүн булчуңдарынын иштөөсүн төмөндөтөт. Мунун айынан түтүкчө аркылуу жатынга жол тарткан уруктанган клетка жакшы жыла албай, бара турган жерине жетпей калат же кеч жетет. Бул аралыкта аны жатында күтүп жадаган эркектин уругу өлүп калат.
Ошентип, болочок бала жаралбай калат. Андыктан, айымдар, балалуу болууну пландасаңар, кофени ичүүнү биротоло токтотуу керек же болбосо эки күндө бир чыны кофе менен чектелүү кажет.
КОФЕ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?
(же кофе боюнча фактылар)
ЭШЕКТИН СҮТҮ АРЫКТАТАБЫ?
Орусиялык диетологдор “арыктагысы келгендер эшектин сүтүн ичиши керек” деп айтып чыгышты. Анткени эшектин сүтүнүн курамында май аз, ошол эле кезде керектүү заттар бар экен.
Диетологдор “бул суусундуктагы омега-3 кислотасы кандагы холестеринди азайтуу менен жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынын пайда болушунун алдын алат” деп да аныктама беришүүдө.
Эшектин сүтүнүн курамы эненин сүтүнүн курамына жакын, андыктан сүт жана сүт азыктарына аллергиясы бар балдарга берсе болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg