СУПЕРМЕГА-ЧЕМПИОН! «Супер-Инфонун» кубогун «Мегаком» жеңип алды!

Суперфутбол-2011

29-майда «Супер-Инфонун» 9 жылдыгына карата өткөн футболдук таймаш өз жеңүүчүлөрүн тапты. Түрдүү чөйрөнүн өкүлдөрү күч сынашкан мелдеште «Мегаком» балансын «Супер-Инфонун» кубогу менен толуктаса, спортчулардын атынан чыккан «Гермес-профи» кикбокс клубу бир чанач кымыз менен чектелди. Ал эми куйруктуу кой www.super.kg сайтынын колдонуучуларына буюрду.

8 ОБОН, 9 ЖЫЛ, ЖҮЗДӨГӨН КҮЙӨРМАНДАР...
Суперфутболдун ачылыш салтанатында майданга алгач эстрада жылдыздары чыгышты. Көк майсаң үстүндөгү килем-сахнада «суперчилерди» куттуктап, күйөрмандардын көңүлүн көтөргөндөр – Гүлзинат Суранчиева, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков, Кундуз Канатбек кызы, Добр, Эрлан Андашев, Кумар Асанов, Кайыргүл, Азат Болотбек, «N&N» тобу жана «Назик» бий тобу болушту. Мындан 9 жыл мурда супер идеяны жаратып, аны ишке ашырган «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү, 2008-жылдын мыкты медиаменеджери Кылычбек Султанов өз сөзүндө: «Кубанычыбызды тең бөлүшүп, 9 жылдык мааракебизге күбө болуп жатканыңыздар үчүн абдан кубанычтабыз. «Супер-Инфо» 9 жылдан бери ар кандай маданий-коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүп келет. Биз 100 миңден ашуун окурман табуу менен гана чектелбестен, өлкөбүздүн өнүгүшүнө да кандайдыр бир салым кошуп жатабыз десем жаңылышпайм. Мындай ийгиликтерге жетишүүдө ошол миңдеген окурмандын ар биринин салымы зор. Ошондой эле мындай ийгиликтерге «Супер-Инфо» бүгүн майданда турган шоу-бизнес менен масс-медиа өкүлдөрү жана өнөктөштөрсүз жетишмек эмес. Ошондуктан ар бир окурманга, өнөктөш-шериктештерибизге «Супер-Инфонун» жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем»,- деп айтып өттү. Ушинтип салтанат расмий түрдө ачылган соң чүчү кулак тартуу үчүн былтыр «Балбандар» командасынын башында туруп, кубокту жеңип алган Канат Бегалиев жана «Супер сулуу-2010» сынагынын жеңүүчүсү Бурул чакырылды.

Чемпиондук үчүн ат салышкан 8 команданын түрдүү 8 музыкалык чыгарманын астында чыкканы да стадионду өзгөчө шаңга бөлөдү:
«Супер-Инфо» – «Супер-Инфонун» гимни астында
«www.super.kg» – Шакиранын аткаруусундагы «ЮАР-2010дун» гимни
«Ырчылар» – УЕФАнын ЧЛсынын гимни
«Тамашоу» – «Тамашоу» Лигасынын гимни
«Гермес-профи» – КРнын гимни астында
«Шоро» – «Шоронун» расмий гимни
«ЭлТР» – Маш ботой
«Мегаком» – «Мегаком» компаниясынын расмий обону астында

 

Ал эми чүчү кулакта Бээжин Олимпиадасынын күмүш медалын жеңип алган колдор төмөнкүдөй атаандаш жуптарды аныктап берди:
«Ырчылар» – «Шоро»
«Гермес-профи» – «Супер-инфо»
«ЭлТР» – «www.super.kg»
«Мегаком» – «Тамашоу»

ЖАНДУУ БАЯНДОО, АРБЫН ЭЛ
Чындыгында, мелдешке эл көп келди. Маалыматтарга караганда, 2 күн тең келген элдин саны 1000 кишиден ашты. Анан, албетте, күйөрмандардын мындай мамилеси жоопсуз калбай, убада кылынгандай эле аларга белекке балмуздак менен суусундук берилди. Оюндардын жүрүшүн «Тамашоу» Лигасынын жигиттери «живой» баяндап, куйкум сөздөрү менен көрүүчүлөрдүн боорун эзип жатышты. Ушул жерден айта кетчү нерсе, байыртадан «элге шоу жана нан керек» деген кеп бар. Бул жагынан «Супер-Инфо» максатына жетти десек, ырына аша чапкандык болбос.

ЖУРНАЛИСТТЕР ИРИ ЭСЕПТЕ ЖЕҢИЛИП...
Мелдеш адилеттүү жана жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн квалификациялуу калыстарды чакырганбыз. Биринчи күнү калыстык милдетти ФИФАнын калысы Сергей Кравченко аркалап, баштап берсе, экинчи күнкү оюндар ФИФАнын калысы Рыспек Шекербековдун көзөмөлү астында өттү. Оюндарга келсек, спорт тили менен айтканда, биринчи күнү чейрек финал оюндары орун алды. Бул беттештер голдорго бай болуп, күйөрмандар 26 голго күбө болушту.

КИКБОКСЧУЛАР ДА МИТИНГГЕ ЧЫГЫШАТ
Мелдеш тууралуу сөз кылгандан кийин айта кетпесек болбос. Чейрек финал оюндары аяктагандан кийин жеңилген командалардын биринен «Гермес-профинин» дарегине арыз келип түштү. Анда «гермесчилердин» курамында «Супер-Инфо» менен болгон оюнда гезитте жарыяланбаган Мирбек Сүйүнбаев ойногондугу айтылган. Биз гезитте алдын ала жазылган «Командалар мелдешке гезитте жарыяланган курамда гана катыша алышат» деген эреженин негизинде мелдештин кызыкчылыгы үчүн «Гермес-профини» оюндан четтетүү чечимин кабыл алууга аргасыз болдук. Жана алардын ордуна чейрек финалда эң минималдуу эсеп менен жеңилген «Тамашоуго» жарым финалдын жолдомосун берүү сунушун көтөрүп чыктык. Бирок буга «гермесчилер» каршы чыгып, элге кайрылуу жасашты. Аларды эл колдоду. Ал эми калган жарым финалчылар «Герместин» жарым финалда ойношуна каршы эместигин билдиришти. Уюштуруучулар: «Гермес-профи» өлкөбүздүн атын эл аралык мелдештерде чыгарып келет. Биз аларды сыйлайбыз. Бирок эреже баары үчүн бирдей. Баарын калыс чечсин»,- деп сөздү калыска берди. Ошентип, калыс Рыспек Шекербековдун чечүүчү сөзү менен кикбоксчулар жарым финалга жолдомо алышты. Мунун баары эл алдында ачык чечилди.

«СУПЕРФУТБОЛ КАЙДА ӨТҮП ЖАТАТ?»
Мелдештин 2-күнү да Бишкектин Абдрахманов-Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан стадионго күйөрмандар батпай турду. Негизи, бул күндөрү аталган даректи көздөй баратып, «Дордой» стадиону кайда?», «Суперфутбол кайда өтүп жатат?» деп сурап жүргөн жолоочуларды жолуктурууга болот эле.
Жарым финалда ким менен ким тирешүүсүн команда капитандары чүчү кулакта өздөрү аныктап алышты.

«Шоро» – «www.super.kg» – 1:7
Чакан концерттик программадан кийин майданга «Шоро» командасы менен www.super.kg сайтынын колдонуучулары чыгышты. Интернеттин сазайын берген форумчулар бул күнү 19 жылдыгын белгилеп жаткан «шорочуларды» 7:1 эсебинде жеңип куттукташты.

«Мегаком» – «Гермес-профи» – 2:1
Чыныгы кыл чайнашкан күрөш экинчи жарым финалда орун алды. 1-бөлүмдөн кийин 1:0 эсебинде артта калып, нокаутка кабылган «мегакомчулар» 2-бөлүмдө бүт күч аракетин жумшап, даңазалуу атаандаштарын 2:1 эсебинде нокаутка учуратышты.

КҮН ЖЕЛЕСИ АСТЫНДАГЫ ФИНАЛ
Бул күнү жаратылыш да «Супер-Инфону» майрамы менен куттуктагандай болду. Анткени финалдык оюндун алдынан өткүн жаап, майданды тазалоо менен бирге көрүүчүлөрдү сергитти. Анан асманда күн желеси пайда болуп, финал анын ичинде өтүп жаткандай картина түзүлдү.

«Мегаком» – «www.super.kg» – 2:1
«Гермесчилер» менен болгон оюндан кийин зор ишенимге ээ болуп алган уюлдук байланышчыларды токтотуу мүмкүн эмес эле. 2 оюнчусу жаракат алып калган www.super.kg сайтынын колдонуучулары финалда жеңилүү ызасын тартышты.

«Гермес-профи» – «Шоро» – 3:0
Ал эми байгелүү 3-орундун тагдыры майдан сыртында чечилди. «Шоро» компаниясы 19 жылдыгын белгилеп жатканына байланыштуу футболчулары майрамдык кечеге жөнөп кетүүгө аргасыз болушту. Эрежеге ылайык «шорочулар» 3:0 эсебинде техникалык жеңилүүгө учуратылды. Алардын ордуна күйөрмандар үчүн «Супер-Инфо» менен «Тамашоу» командалары жолдоштук беттеш өткөрүп, анда 1:1 эсеби катталды.

КУБОК, КОЙ, КЫМЫЗ, ШАМПАН...
Мелдештин аягында катышуучулар үчүн жагымдуу болгон сыйлык тапшыруу салтанаты болду. Байгелүү орундарга илинген 3 команда медалдардан тышкары сыйлуу белектер менен сыйланышты. Чемпиондор кубок алышса, www.super.kg сайтынын колдонуучулары куйруктуу койго ээ болушту. Ал эми «гермесчилерге» буга чейин сюрприз болуп келген бир чанач кымыз тапшырылды. Айтор, суперфутболдо баары болду: айыгышкан күрөш жана укмуштуу эмоциялар, шоу-концерт жана белектер, табигый жана шампан жамгыры... Бардык нерсе көп болду, чемпион бирөө гана. Ооба, «Мегаком» «Супер-Инфонун» кубогунун ээси, «Мегаком» – суперчемпион! Биз аларды жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ!
«Супер-Инфонун» кубогун өткөрүүдө бизге чоң жардам берген өнөктөштөрүбүзгө, досторубузга рахмат айтып, терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алар – «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, «Дордой» спорт комплексинин директору Шаршен Касенов, балмуздак чыгаруучу «Айс Квин» компаниясы, суусундук чыгаруучу «Артезиан» компаниясы, ЭлТР, алпаруучулар Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев жана 2 күн бою спорт баяндамачыларына айланган «тамашоучулар» – Зияш («KG 77»), Самат менен Эмил («Ак-Өргө city») Бакыт менен Кутберди («IUK») жана Абдиназарга («Оштук коноктор») ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

КИМГЕ КУБОК ДА КИМГЕ МАШИНА?
31-майда 9 жылдыгын белгилеген «Супер-Инфо» жогорудагы белектер менен чектелип калган жок. Жыл сайын туулган күнгө карата гезиттин жалпы жамааты сыйлыктарга ээ болуп келет. Акыркы 3 жылдан бери кызматкерлерге акчалай сыйлыктардан тышкары мыктылардын мыктысы тандалып, автоунаа тапшыруу салтка айланды. Мурдагы жылы автоунаа дизайнер Азамат Сагынбаевге буюрса, былтыр шеф-редакторубуз Канымжан Усупбекова машиналуу болгон. Быйыл гезитке сиңирген ак эмгеги бааланып, Таратуу бөлүмүнүн башчысы Жекшен Албекенов Кылычбек Султановдун колунан Ауди 100 автоунаасынын ачкычын алды. Жекшен мырза, машинаңыз кут болсун! Майлуу-сүттүү болсун!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Суперфутболдун 1-күнү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
balykchydan
2011-06-08 21:24:56
SuperKG AZAMATSYNAR
0
naziraayan
2011-06-10 23:06:40
en sonun boluptur,super anan soz jok.
0
AzaBaza
2011-06-11 14:02:34
Баары жогорку денгээлдее отту АЗАМАТСЫНАР, ийгилик ар даыйм силер менен Супер инфо
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан